МУБАРЕК АЙДЫ БААЛАЙ БИЛИҢИЗ

458
1

بسم الله الرحمن الرحيم

Сиздерди таат-итааттар айы, Куран айы, мусулмандар үчүн нусрат-жеӊиштер айы болгон мубарек Рамазан айы менен куттуктайбыз жана төмөнкүлөрдү эсиңиздерге сала кетебиз:

Бул мубарек ай, үммөт ар кайсы жерде өз динине ыйман келтирүүчү жана аны бекем кармоочу үммөт экенин жарыя кылып жаткан мезгилде кирип келүүдө. Тунистен баштап, Мисир, Ливия, Яман, Сирия жана Индонезияга чейин өз динине ыйман келтирүүчү, аны бекем кармоочу үммөт экени жалпыга маалым болду. «Аллаху Акбар» аалам бойлоп жаӊырууда. Ар бир шахиддин өлүм астындагы акыркы сөзү шахадат калимасы болууда. Аллах Тааланын калимасын бийик көтөрүү үчүн жүз миӊдеген даватчылар камакканаларда ар түрдүү кыйноолорго карабастан берген убадаларынан кайтышкан жок. Халифалыкка болгон чакырыктар Иордания, Сирия, Ливан, Яман жана башка жайларда мусулмандар оозунан жаӊырууда. Зинданий: «Мен силерге ушул кушкабарды айтамын, Халифалык албетте кайтат, анын заманы өз саясын жаюуда, анын убагы келди» дегенде, жүз миӊдеген добуштардан «Аллаху Акбар» калимасы жаӊырды. Хомсто «биз Сирияны Халифалык мамлекети деп жарыя кылабыз» деп ураан чакырышты. Мындан дүйнөдөгү бардык кафирлер коркууга түшүп, жыйындарынын баары Сирия жаатында болуп калды. Алар Халифалыктын кайра тикеленишин тосо албашын билип калышты, азыр болгону аны артка сүрүүгө жандалбастап жатышат. Демек, Халифалык өтө жакын, инша Аллах, Аллахтын жардамы астында Ислам дияры Шам журтунда жарыяланып калса ажеп эмес…

Абалыбыздын жакшырышын Аллах Таала эки ишке байланыштуу кылып койду:

إِنَّ اللَّهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ

– „Аныгында, коом өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө, Аллах алардын акыбалын өзгөртпөйт“. [13:11]

Биринчиси, өзүбүздү өзгөртүү. Үммөт катасын түшүнүп, өз Исламына кайтууну ынтызарлык менен күтүп жатканы жана бул жолдо олуттуу аракет кылып жатканы эч кимге сыр болбой калды.

Экинчиси, Аллах Таала абалыбызды өзгөртүүсү үчүн ал Заттан сурануу.
Бардык жерде дубалар кылынып жаткан болсо да, лекин дубаларыбыздын кабыл болушунун шарты бар. Расулуллах(с.а.в) айтты: «Жаным анын колунда болгон Затка ант болсун, жакшылыкка буюрасыӊар, жамандыктан кайтарасыӊар, антпесеӊер Аллах силердин үстүӊөргө Өзү тараптан бир жаза жиберет, кийин дуба кыласыӊар (бирок) дубаларыӊарды кабыл кылбайт». (Ахмад жана Термизий риваяты). Амру-маъруф, нахий-мункар кылуу болуп жатса, анда ал толук болушу үчүн, маъруфту кылбай жаткандарга же мункарды кылып жаткандарга карата жек көрүү сезиминин болушу да фарз. Расулуллах(с.а.в) айтты: «Бани Исраилге эӊ биринчи кирген кемчилик, бир адам башка бир адамга жолуккан кезде: «Эй баланчы, Аллахтан корк жана бул кылып жаткан ишиӊди ташта, себеби бул нерсени кылуу сен үчүн дурус эмес», деп айтар эле. Эртеси кезиккен кезде аны мурдагыдай эле абалында көрөт эле. Лекин бул нерсе аны менен чогуу жеп-ичиштен, бирге отуруудан тосчу эмес. Ушундай болгон соӊ, Аллах алардын кээ бирлеринин калбдарын кээ бирлерине алмаштырып койду». Соӊ Расулуллах (с.а.в) ушул аятты тилават кылды:

لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ -78, كَانُوا لَا يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ -79, تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ -80, وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ

– „Бани Исраил арасында кафир болгон адамдар Давуд жана Ийсанын тили менен каргышка калышкан. Буга себеп алардын кылган күнөөлөрү жана чектен ашкандыктары. Алар бир-бирлерин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылган иштери кандай гана жаман иш! Алардын көптөрү кафир болгон кишилерди дос туткандыктарын көрөсүң. Аларга көңүлү каалаган нерселери кандай гана жаман нерсени – Алланын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк тозокто калуучулар. Эгер Аллага, пайгамбарга, жана ага түшүрүлгөн Китепке ыйман келтиришкенде. аларды (кафирлерди) дос тутпаган болушар эле. Бирок алардын көптөрү фасык кимселер“.    [5:78-81]

Андан соӊ Пайгамбар а.с. мындай деди: «Жок, эч качан, Аллага касам, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармайсыӊар жана аны акыйкатка бурулушка мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же, албетте Аллах кээ бирлериӊердин калбыӊарды кээ бирлериӊерге алмаштырып коёт, андан соӊ аны лаанаттагандай, силерди да лаанаттайт».

Эй, мусулмандар! Билип-билбей кетирген күнөөлөрүбүзгө тообо келтирели …

Расулуллах (с.а.в) айтты:

«Кимде-ким рамазан айында ыймандан келип чыккан абалда жана ажрын Аллахтан күткөн абалда орозо тутса анын өткөн күнөөлөрү кечирилет» (Муттафакун алайх).

«Кимде-ким рамазан айында ыймандан келип чыгып, ажрын Аллахтан күткөн абалда, түндөсү туруп намаз окуса, анын өткөн күнөлөрү кечирилет» (Муттафакун алайх).

Аллах Таалага кайрылып, ушул рамазанда залим-кафирлердин өкүмдарлыгын жок кылып, рошид Халифалыкты кайтаруусун жана рамазан айтын кош майрам кылып берүүсүн сурап дубалар кылалы.

Расулуллах(с.а.в) айтты:

«Орозо туткан адамдын ооз ачуудагы дубасы кайтарылбайт».

«Аллах силерге жакшылыктарын мукаммал кылуусу үчүн, мен силерге беш нерсени осуят кыламын: өзүӊөр жебей турган нерсени топтобогула; жашабай турган үй-жайды курбагыла; эртеӊ эле жок болуп кете турган нерсени талашып-тартышпагыла; махшар күнү тирилип, Аллахка жолугуудан таква кылгыла; акыры бара турган жана түбөлүктүү кала турган жайга шыктангыла». (Хаким риваяты)

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here