Египеттин аскерий жетекчилиги израильдин коргоо министри Моше Яалондон Синайдагы Шармуш-Шайх курортуна жана аль-Ариш шаарына бир батальон аскерлерин алып кирүү үчүн уруксат сурады.
Израиль болсо Египетке кошумча эки батальон жөө аскер таштоого да уруксат берди.
Килейген Египет итирейген Израилден эмнеге уруксат сурайт дейсизби? Анткени, 1979-жылкы Кемп-Девид келишими боюнча, демилитаризацияланган бул жарым аралга кошумча күч алып кирүү жана куралдануу номенклатурасын кеңейтүү израиль жетекчилигинин уруксатын талап кылат.
Мына ушундай, биздин үммөт кошууну ушундай “тынчтык келишимдери” менен кишенделип коюлган.
Баса, Мисир аскерлери ал жерде мусулман мужахиддерине каршы согуш алып барып, муну менен израиль коопсуздугун да коргоп берет.