СИРИЯДАГЫ АКЫРКЫ АБАЛ…

399
0

Хизбуллах күчтөрүнүн колдоосун алган Асад бөлүктөрү шаарды абадан да, кургактыктан да аткылап жатышат. Асад болсо Аргентинанын медиасына атайын маалымат берип, кызматын таштабай турганын билдирди.Сирияда асад күчтөрү Ливан чек арасына жакын жердеги Кусейр шаарына карай каршы чабулга өттү. Шаарды абадан да кургактан да аткылаган Асад күчтөрүнө Ливандагы Хизбуллах кыймылы колдоо көрсөтүүдө. Алгачкы белгилөөлөргө караганда 20 киши каза тапты. “Аль-Арабия” телеканалы режим күчтөрүнүн шаардын ички аймактарына чейин киргенин жарыялады. Оппозициячылдар режим аскерлеринин бир талаа ооруканасын да атканын билдирди. Кусейр шаары эки тарап үчүн тең стратегиялык мааниге ээ. Өкмөт күчтөрү кайрадан шаарды каратып алса Дамасктан Жер Ортолук деңизге жетүүнү камсыздаган болот. Бир тараптан Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад Аргентина басма сөзүнө репортаж берди. Асад кызматын таштоону ойлобогонун айтып, оппозиция менен да соодалашуу үстөлүнө отурбай турганын сөз кылды. Асад Сирия армиясынын химиялык курал колдонгонунун белгиленгенине карабастан, дагы бир жолу химиялык курал колдонгондорун четке какты. Бул учурда чөйрөдөгү өлкөлөргө качкан сириялыктардын саны күн өткөн сайын көбөйүүдө. Жалгыз эле Иорданияга күнүгө 2 миң сириялык кирүүдө. Иорданияга качууга аргасыз болгон сириялыктардын саны 1 миллион 300 миңге жеткени билдирилүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here