ОН МИҢДЕН АШУУН АДАМ БИЙЛИККЕ КАРШЫ

532
0

Миңдеген Эфопия тургундары демонстрацияга чыгышты. Алардын негизги талаптары: мамлекеттин динге болгон саясаттын өзгөртүү жана түрмөдөгү бейкүнөө мусулмандарды бошотуу.

“Биз бийликке бир нече жолу кайрылганбыз, талаптарды карап чыгуунун ордуна кайра мусулмандарга кысым көрсөтүшүп, миңдеген мусулманды камакка алышты” – дейт демонстрациянын уюштуруучусу Йилекал Гетачу журналистерге берген маегинде.

Оң миңден ашуун демонстраттар Аддис-Абеба көчөлөрүндө “Адилеттик кайда?”, “Күнөөсүз мусулмандарды бошоткула!”, “Ислам!” деген ураандар менен чыгышты.

Акциянын катышуучулары, эгер талаптар аткарылбаса, анда кайрадан демонстрацияга чыгарын баса белгилеп өтүштү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here