КУМТӨР-МИТИНГ

474
0

Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында 200дөй киши катышкан митинг болуп өттү. Кабарларга караганда, акцияны жергиликтүү жаштар уюмдары уюштурган. Кумтөр алтын кенин иштетүү Саруу айылынын тургундарынын ден соолугуна жана экологияга зыян тийгизип жатканы айтылууда. Ошого байланыштуу Кумтөрдү иштеткен компания аларга оорукана жана бекер дары-дармек берилчү дарыкана салып бериши керек деген талап айтылды.

Кумтөр алтын кенин иштеткен ишкана экологияны бузуп, мамлекетке тиешелүү салык төлөбөй жатат деген кине менен Кыргызстандын парламенти канадалык инвестор “Центерра голд” менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өкмөткө буйруган. Буга берилген мөөнөт ушул айдын аягында бүтөт. Бирок азырынча кыргыз өкмөтү тараптан да, “Центерра” тараптан да конкреттүү сунуш же чечим боло элек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here