АКШ СИРИЯ ОРУСИЯ

334
0

Сириядагы болуп жаткан окуялар эч эле кафир колонизатордун капканына түшпөй жатканы аларддын кыжырын кайнатып, дагы башка пландарды ишке ашыруу үчүн таман астынан чаң чыгара чуркап жүрүшөт. Хизбулланы өзүнө табакташ кылган АКШ эми анын Сирия өкмөттүк күчтөрү менен чогуу урушуп жаткан согушкерлерин тезинен Ливанга чакырып алууну талап кылууда.

АКШ Мамдепартаментинин өкүлүЖеннифер Псаки 29-майдагы атайын билдирүүсүндө:“Биз “Хизбулла” өз согушчандарын Сириядан токтоосуз чыгарып кетишин талап кылабыз. Бизди акыркы күндөрү чек арада болгон чатактар тууралуу маалыматтар терең тынчсыздандырат. Биз ошондой эле, Арсал шаарынын жанындагы Ливан армиясынын өтмө бекетине жасалып, үч жоокердин өмүрүнө зобун келтирген чабуулду айыптайбыз”-деди.

Ал эми Орусия Сирияны курал менен камсыз кылуунун аракетинде болууда. “МиГ” ишканасынын жетекчиси Сергей Коротковдун айтуусуна караганда Сириянын президенти Башар ал-Асаддын режимине Орусия истребителдерди жөнөтөөрүн, учурда Сириядан келген делегация Москвада бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана канча истребител жөнөтүлөөрү так айтылбаганы менен, кеминде 10 учак кетээри айтылууда деп билдирет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here