Кыргызстандын атайын кызматтары Жахар Царнаевди колдогон баракчалардын авторлорун жана бул баракчаларды тараткандарды өздөөдө.
Кыргызстандын борборунда баракчалар жума күнү пайда болгон. Баракчада Царнаевге колдоо көрсөтүү жана дуба кылууга чакырылган. Ак-кара баракчалар Бишкектин борборунда о.э. жер асты өтмөлөрүндө жабыштырылып чыккан. Баракчада Жахар Царнаевдин сүрөтү жана мындай жазуулар камтылган: “Жахар Царнаев күнөөсүз, Жахарга дуба кылгыла”. О.э. баракчада Царнаевге коюлган айып негизсиз экени жана анын жакындарына жалган жалаалар жабыштырылганы айтылган.