Суроо жооп майданы

Кош келиңиз гость 

Көрсөтүү/Жашыруу Теманы

Кош келиңиз мейман! Бул форумда суроо калтыруу үчүн каттоодон өтүү талап кылынат.





Беттер: [1]
Автор Тема: "Террорчулар ал тургай Россиядан да каражат алып турушат"
Alek
Про
Сур-Жоо: 160
Permalink
Сообщение "Террорчулар ал тургай Россиядан да каражат алып турушат"
        November 15, 2018, 15:45
Цитата

Ассаламу алейкум рахматуллаахми ва баракатуху!

РФ Коопсуздук кызматынын жетекчиси, "Террорчулар ал тургай Россиядан да каражат алып турушат", .... "Каражат жардамын ИШИМге жеткирип берүүчү атайын каналдар бар", деди.

Суроо:

1) РФ Коопсуздук кызматы эмне үчүн өздөрүнүн кылмышын жашырбастан ачык айтты?

2) Россия террорчулар менен күрөшүп жатабыз деп, анан кайра өздөрүнүн кылмышын ачык айтканда, дүйнө элинин ишеничинен чыгып калышын билишпейби?

turkistonk-
g
Администратор
Сур-Жоо: 170
Permalink
Сообщение Сур: "Террорчулар ал тургай Россиядан да каражат алып турушат"
        November 15, 2018, 15:48
Цитата

Ва алайкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху.

Бортниковдун сөздөрүн башкача түшүнүп алыптырсыз. Ал расмий түрдөгү финансылык жардам туурасында же мамлекеттин исламий топторго бере турган материялдык жардамдар туурасында айткан жок. Бортников, жеке алакалар сыяктуу исламий шахс жана уюмдардын финансылык алакалары туурасында сөз айтты. Максаты, режимге же мамлекетке жакпаган же башка душман мамлекеттин кызыкчылыктарына кызмат кылуучу бардык адамдар жана уюмдардын финансылык аракеттерин көзөмөлгө алуу. Т.а. бул мыйзам ишке киргизилсе, коопсуздук кызматы ар кандай ислам өкүлдөрү жана уюмдар сыяктуу батыш кызыкчылыктарына тиешеси бар финансылык аракеттердин бардыгынан шектенүү жана аларды текшерүү, акчаларды тоңдуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бул билдирүүнү, жыйында отургандар жана башка мамлекет расмийлери да угушту. Алар билдирүүдө өздөрү жана аларга алакадар компаниялар о.э. адамдардын эсеп-чоттору да жогоруда айтылган тизмеге кирип калышы мүмкүн экендигин түшүнүп жетишти. Т.а. Россиянын саясий кызыкчылыктарына тескери келген ар бир мамлекет жана ага караштуу компаниялар, адамдар Федералдык коопсуздук бөлүмүнүн изилдөөсүнө кабылып калышы мүмкүн.

Демек Россия да АКШ сыяктуу өз таасири астындагы мамлекеттерге экономикалык, финансылык тармактар аркылуу саясий коркунуч салуу стратегиясы менен барууда. Бул нерселер Россияда юридикалык тармак режимдин колуна өтүп жеке адамдар жана уюмдарга зулум күчөшүнөн кабар берет.

Беттер: [1]
Автор turkiston.info
Версиясы: 1.0.34; Страница загружена за 0.022 секунд.