Суроо жооп майданы

Кош келиңиз гость 

Көрсөтүү/Жашыруу Теманы

Кош келиңиз мейман! Бул форумда суроо калтыруу үчүн каттоодон өтүү талап кылынат.





Беттер: [1]
Автор Тема: Алла үчүн жакшы көрүү жана жаман көрүү
Alek
Про
Сур-Жоо: 160
Permalink
Сообщение Алла үчүн жакшы көрүү жана жаман көрүү
        September 26, 2018, 04:50
Цитата

Ассаламу алайкум

Аллах сизден ыраазы болсун. Менде суроо бар эле: Аллах үчүн жакшы көрүү жана Аллах үчүн жаман көрүү амалда кандай ишке ашат? Биз жакшы көрүү жаман көрүүнү кандай ишке ашырабыз? Ушул маселеде дагы бир суроо: Аллах үчүн жаман көрүү пендеге эмес анын ишине болот деп айткандар бар. Мунун вакыйы кандай т.а. пендеден ишин өзүнчө ажыратып кандай жаман көрүлөт?

turkistonk-
g
Администратор
Сур-Жоо: 170
Permalink
Сообщение Сур: Алла үчүн жакшы көрүү жана жаман көрүү
        September 26, 2018, 04:51
Цитата

Ва алайкум ассалам ва рахматуллохи ва баракатух.

Жакшы көрүү же жаман көрүүнүн шарияттагы өзүнчө мааниси жок. Ар бир адам инсанды жакшы көрөт. Маселен, перзентиңди же жубайыңды жакшы көрөт. Ага жакшы мамиле кылат. Же болбосо кээ бир адамды жаман көрөт. Маселен, душманынан жаман мамиле кылат. Ага достук мамиле кылбайт. Демек, Алла жолунда жакшы көрүү – кишини момундугу жана итааткөйлүгү үчүн жакшы көрүү. Алла жолунда жаман көрүү болсо, бирөөнү капырлыгы жана күнөөсү үчүн жаман көрүү.

Расулуллах (с.а.в) Абу Масъуд (р.а)дан риваят кылынган хадисте айтты: «Бани Исраилге эӊ алгач кирген кемчилик ушул эле, бир киши башка кишиге жолуккан учурда: «Эй баланча, Аллахтан корккун жана бул кылып жаткан ишиӊди таштагын, себеби, бул нерсени кылуу сен үчүн адал эмес», — деп айтат эле. Андан соӊ, эртеси күнү аны менен жолугушкан учурда аны дагы кайрадан ошол абалында көрөт эле. Бирок, бул нерсе аны менен бирге жеп-ичүүдөн, бирге отуруудан кайтарбас эле. Алар ушундай кылган соӊ, Аллах алардын кээ бирлеринин дилин кээ бирлери менен урду». Андан соӊ Расулуллах (с.а.в) төмөнкү аятты окуду:

لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ
“Бани исраил арасында капыр болгон кимселер Давуд жана Иса бинни Мариям тилинде наалаттангандай наалаттанган (каргышка калышкан). Буга себеп, алардын кылган күнөөлөрү жана чектен ашкандыктары. Алар бири-бирин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылган иштери кандай гана жаман иш! Алардан көптөрү кафир болгон кишилерди дос туткандыгын көрөсүң. Аларга напси-каалоолору кандай гана жаман нерсени – Аллахтын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк тозокто калуучулар. Эгерде Аллахка, пайғамбарга жана ага түшүрүлгөн китепке ыйман келтиришкенде, аларды (кафирлерди) дос тутпаган болушаар эле. Бирок алардын көптөрү фасык-итаатсыз кишилер”. [5:78-81]

Андан соӊ: «Эч качан! Аллага касамки, же силер залимдин колунан кармап, аны акыйкатка ийип, акыйкатка моюн сундурасыңар, же Алла дилиңерди бири-бирине жоолоштуруп, Бану исраилди наалаттагандай, силерди да наалаттайт», — деди.

Демек, эгер аалым болсо “аны жакшы көрүшүбүз” айткан шаръий сөздөрүнө амал кылышыбыз керек. Куру сөз менен сизди урматтайбыз, жакшы көрөбүз дегендин орду жок. Дал ушундай эле Алланы жакшы көрүшүбүз тил менен эмес Расулуллах (с.а.в)га эргешүү менен болот. Аллах Таала айтат:

قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمُ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ
“Айткын, (Эй Мухаммад): “Эгер силер Алланы сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле. Ошондо Алла силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет”. [3:31]

Бул теманы “Исламдагы нафсия негиздери” китебинен толук үйрөнүп чыксаңыз болот.
Суроо-жооп майданы үчүн (Муттакий).

Беттер: [1]
Автор turkiston.info
Версиясы: 1.0.34; Страница загружена за 0.041 секунд.