Суроо жооп майданы

Кош келиңиз гость 

Көрсөтүү/Жашыруу Теманы

Кош келиңиз мейман! Бул форумда суроо калтыруу үчүн каттоодон өтүү талап кылынат.





Беттер: [1]
Автор Тема: Исламда кирнелөөгө уруксат барбы?
Alek
Про
Сур-Жоо: 160
Permalink
Сообщение Исламда кирнелөөгө уруксат барбы?
        September 19, 2018, 12:25
Цитата

Ассаламу алейкум.

Кыргызда адамга кирне кирди деп нанды алып чык-чык деп коёт. Ушуга ислам кандай карайт?

turkistonk-
g
Администратор
Сур-Жоо: 170
Permalink
Сообщение Сур: Исламда кирнелөөгө уруксат барбы?
        September 19, 2018, 12:26
Цитата

Ва алайкум ассалам ва рахматуллохи ва баракатух.

Адамга көз тийиши, сыйкыр кылынышы же шайтандын васвасасы бар нерсе. Андан шаръий жолдор менен сактанууга аракет кылуу жайиз. Маселен: “Бакара” сүрөсүнүн [1 - 5], [102], [105], [109], [163- 164], [255], [285 - 286], “Аали Имран” сүрөсүнүн: [1-6], [26-27], [73], [120], [190-194], “Аъраф” сүрөсүнүн: [54-56], [117-122], [200-201], “Тообо” сүрөсүнүн: [40], “Юнус” сүрөсүнүн: [79-82], “Раъд” сүрөсүнүн: [28], “Исро” сүрөсүнүн: [45-48], “Кахф” сүрөсүнүн: [1-12], [99-110], “Марям” сүрөсүнүн: [81-98], “Тооха” сүрөсүнүн: [1-8], [65-69], “Момундар” сүрөсүнүн: [115-118], “Ясин” сүрөсүнүн: [1-9], [81-83], “Саффат” сүрөсүнүн: [1-10], “Хашр” сүрөсүнүн: [21-24] ушул яттарын жана “Шарх”, “Кафирун”, “Ихлас”, “Фалак”, “Нас” сүрөлөрү менен рукия кылуу (окуп дем салуу) же сахих хадистерде келген дубалар менен дуба кылып жүрүүгө Ислам чакырган.

Ошондой эле сууга дем салып денеге чачуу же нанга, кагазга дем салып денеге сүртүүдө эгер ширк сөздөрдү аралаштырбаса уруксат берилген. Ширк болбошу үчүн аалымдар үч шартты коюшкан: 1. Аларга окулуп, дем салына турган сөздөр Аллах Тааланын Каламы же ысым жана сыпаттары болушу керек. 2. Аят жана хадистерде, асарларда келген араб тилиндеги дубалар же башка тилде болсо мааниси түшүнүлүшү керек. 3. Ушул суу, нан же кагаздын өзү таасир кылып жатат деген этикадга барбоо керек. Тескерисинче, Аллах Тааланын өзү шыпаа берет деген этикадда кылуу керек.
Авф ибн Малик аль Ашжаъий риваят кылат: биз жахилиятта рукия кылчубуз. Кийин Расулуллах (с.а.в)га ушуга эмне дейсиз деп сураганыбызда:

اعْرِضُوا عَلَيَّ رُقَاكُمْ، لَا بَأْسَ بِالرُّقَى مَا لَمْ يَكُنْ فِيهِ شِرْكٌ
“Мага рукияңарды көрсөткүлөчү, ширк болбогон рукиянын зыяны жок” деди. Муслим риваяты.
Суроо-жооп майданы үчүн (Муттакий)

Беттер: [1]
Автор turkiston.info
Версиясы: 1.0.34; Страница загружена за 0.026 секунд.