Кыргызстанда мындан ары электр энергиясы жыл сайын кымбаттайт

14
0

Кыргызстанда мындан ары электр энергиясы жыл сайын кымбаттайт

Министрлер кабинети 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтомдо электр энергиясы жаатындагы бул чаралар керектөөчүлөргө электр энергиясынын жеткиликтүүлүгүн сактоону көздөйт деп көрсөтүлгөн. Эми жыл сайын май айында электр энергиясына баа көтөрүлүп турат. Токтомго ылайык, 1-майдан баштап электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттайт, башкача айтканда 1 кВт саат электр энергиясы 1,37 сом болот. Ал эми, 700 кВт сааттан ашса 2,60 сом төлөнөт. Мурун бул көрсөткүч 2,39 сом болчу.

Өлкөбүздө электр энергия тармагы үлкөн коррупциянын чордонуна айланды. Себеби жаңы тарыхыбызда алынган кредиттердин тең жарымынан көбү ушул тармакка сарпталган. Бирок, ага карабастан бул тармак оңолуунун ордуна калктын үстүндөгү чоң жүк болуп келет. Анткени электр энергиясы катардагы калкка жетишсиз, кыш мезгилинде улам-улам өчүрүлүп, кубаттуулугу да жетиштүү деңгээлде берилбейт. Ошол эле учурда, үлкөн электр энергиясын талап кылган майнинг компаниялар кышы-жайы дебей үзгүлтүксүз иштеп жатат, капчыктуу байлар керек болсо жеке трансформаторлорун орнотуп алышкан, канчалаган жеке компаниялар элге электр энергиясын сатуу менен алек. Ал эми катардагы адамдар улам кымбаттап жаткан электр энергиясын төлөөгө мажбур, ошондой эле бул тармакка бөлүнгөн кредиттердин оор жүгүн да эл көтөрүп жатат.

Бийлик бул жааттагы проблеманы чечүү үчүн ири ГЭСтер менен бирге чакан ГЭСтер да курулуп жатат деп билдирүүдө. Бул ГЭСтерди куруу үчүн чет өлкөлүк инвесторлор тартылган. Бирок бул инвесторлордун талап-шарттары кандай экендиги ачык айтылган эмес. Албетте инвестор элдин көйгөйүн чечүү үчүн каражат жаткырбайт. Тескерисннче ал көбүрөөк киреше табууну көздөйт. Ошондуктан да бул курулуп жаткан ГЭСтер элдин электр энергиясына болгон талабын камсыздабайт. Алардан чыккан электр энергия ошол эле майнинг компаниялардын, кен байлыгыбызды казып ташып кетип жаткан компаниялардын, капиталисттердин керектөөсүнө жумшалат. Ал эми элге аз гана бөлүгү берилет. Натыйжада абал өзгөрүүсүз калат, тагырак айтканда калк дагы эле улам кымбаттаган электр энергиясын төлөп, жеткиликтүү берилбегендиктен электр энергиясына зар болуп кала берет.

Көрүнүп тургандай, электр энергиясы жаатындагы саясат катардагы элдин эмес, көбүн эсе капиталисттердин кызыкчылыгына кызмат кылып жатканы айкын. Бул таң калычтуу эмес. Себеби биз капитализм системасында, анын эрежелери менен жашап жатабыз. Бул системада киреше биринчи орунда турат. Ошондуктан киреше алып келген тарапка көңүл бурулуп, киреше алып келбеген тарапка жетишүү этибар берилбей кала берет. Ошондуктан элге электр энергиясы жеткиликтүү берилбей, ал эми капиталисттер электр энергиясы менен толук камсыздалып жатат.

Мунун каршысында Ислам адамдардын муктаждыктарын биринчи орунга коёт, башкача айтканда эл муктаж болгон зарылдыктарды чечүүнү биринчи маселе, вазыйпа деп билет. Ошондуктан адамдарды электр энергиясы менен жеткиликтүү камсыздоого басым жасалат. Андан тышкары электр энергиясы жалпы мүлктүн катарына кирет. Жалпы мүлк жеке компанияларга да, жеке адамдарга да ээлик кылуу үчүн берилбейт. Ал жалаң гана элдин кызыкчылыгы үчүн иштетилүүсү шарт. Адамдардын бакубат жашоосу үчүн келген Аллахтын рахматы болгон шарият өкүмдөрү адамдарды электр энергиясы менен эле толук камсыздап калбастан, алардын биринчи муктаждыктарын: турак-жай, кийим-кече, азык-түлүк сыяктуу негизги зарылдыктарын толук камсыздайт.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here