Алланын душманы Нетаньяху малай акимдердин позицияларынан мас болуп, өз ордун унутту. Аны мас абалынан ким ойготот?!

24
0

Басма сөз баянаты

Алланын душманы Нетаньяху малай акимдердин позицияларынан мас болуп, өз ордун унутту. Аны мас абалынан ким ойготот?!

Яхудийлердин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 2025-жылдын 21-апрелинде, дүйшөмбү күнү сүйлөгөн сөзүндө мындай деди: “Жер Ортолук деңиздин жээгинде эч кандай Халифалык мамлекеттин түзүлүшүн кабыл албайбыз. Мен буга чейин бир нече жолу айткам. Биз Жакынкы Чыгыштын жүзүн өзгөртөбүз жана азыр бул иштерди ишке ашырып жатабыз. Өкмөтүмдүн чечкиндүүлүгү жана туруктуулугу менен биз Газа, Ливан, Сирия жана башка аймактардагы жамандыктын огун талкаладык. Биз душманыбызды жакшы билебиз жана бул жерде да, Ливанда да Халифалык мамлекеттин түзүлүшүнө жол бербейбиз. “Израилдин” сакталып калышын камсыз кылабыз”.

Алланын душманы Нетаньяху мусулман мамлекеттеринин малай башкаруучуларынын алсыз мамилесинен улам мас болуп калганы ачык көрүнүп турат. Алар үммөттү жана анын аскерлерин Палестинага, Ливанга, Йеменге жана Сирияга жардам берүүдөн тосуп коюшту. Ал болсо бомбалап, өлтүрүп, талкалап, өрттөп, жер котортуп, коркутуп-үркүтүп жатат. Бирок бир да аскер, бир да учак, бир да согуш кемеси же танк каршы жиберилген жок. Тескерисинче, алар Газа элин камоого көмөктөшүп, аларга акча, азык-түлүк, кийим-кече жана курал өткөрбөй жатышат. Ошондуктан, ал үммөттүн алсыз экенин жана өзү каалаган нерсени эч кандай тоскоолдуксуз ишке ашыра алам деп ойлоп калды. Анткени анын маңдайында Америка жана Батыш мамлекеттери толук колдоо көрсөтүп турат.

Ал Жакынкы Чыгыштын жүзүн өзгөртүү жөнүндө бир нече жолу сөз кылды. Бирок эгер Батыш мамлекеттери тынымсыз колдоп турбаса, ал Газага же башка фронтторго каршы согуш жүргүзө албашын жакшы билет. Ошондой эле ал азыркыга чейин мусулман өлкөлөрүнүн бир да армиясына каршы согушка кирбегенин билет. Ал болгону аз гана курал-жарагы бар топторго чабуул коюп жатат. Ошондой болсо да, ал өзүн жана өнөктөштөрүн алдап, жети фронтто согушуп жатканын айтууда! Бул кайдагы фронттор? Анын аскерлери куралсыз балдарды, аялдарды жана карыяларды өлтүрүп, үйлөрдү, мектептерди, мечиттерди жана баш калкалоочу жайларды бомбалап жатат. Ал чындап эле фронттордо согушуп жатканына ишенеби?!

Эгерде Нетаньяху Америка, Германия, Франция жана бардык мусулман өлкөлөрүнүн колдоосуна ээ болуп, 18 ай бою Газага каршы согушуп туруп, ичинде бир ууч мужахиддер жана куралсыз, камоодо турган элден башка эч ким болбогон Газадагы фронтту жеңүүгө алы жетпесе, анда ал мусулман армияларынын бирөөсүнө гана каршы турууга кудурети жетеби?!

Бирок эң чоң  айып, азыркыга чейин ордуларынан козголбой турган мусулман аскерлери, офицерлери жана армия жетекчилеринде. Алар ушул күнгө чейин Алланын душманы Нетаньяхуга жана анын артында турган Трампка алардын шайтанча кыялдарын унуттуруп коё турган сабак берүүгө кирише элек. Аларга чыныгы согуш кандай болорун, фронт кандай болушун көрсөтө элек. Ушундай алсыздыкты көрүп, ал пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ  сүйүнчүлөгөн Халифалык мамлекетинин кайтып келишине бөгөт коём деген кыялдарын ачык айта баштады. Бирок бул кушкабар талашсыз акыйкат. Алланын элчиси (с.а.в) айтты: “ثم تكون الخلافة على منهاج النبوة

«…Андан кийин Пайгамбарлык жолундагы Халифалык болот».

Ошондуктан, эй үммөттүн аскерлери жана офицерлери! Келгиле, бул улуу вазыйпага жооп бергиле! Пайгамбарыбыз ﷺ  анын ата-бабаларына Хайбарда, Курайзада, Надирде жана Кайнукада кандай сабак берген болсо, Алланын душманы Нетаньяхуга да дал ошондой сабак берип койгула. Силер бул дүйнө тартибин кайра өз ордуна келтире ала турган кудуреттүү күчсүңөр. Силер яхудийлер, кресттүүлөр жана бардык жамандык күчтөр муну каалабаса да, Ислам байрагын көтөрүп, аны Байтул-Макдистин дубалдарына илип, аны бүт дүйнөгө тарата аласыңар. Аллах Таала айткан:

﴿هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ﴾

«Ал (Алла) өз пайгамбарын Туура Жол жана чындык дин мепен, мушриктер каалашпаса да, бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат». (Тообо сүрөсү, 33-аят).

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук Маалымат бөлүмү

25.04.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here