Вашингтондун Газага «тозоктун» эшигин толугу менен ачышына мусулман жана яхудийлердин аскерий жана саясий жетекчилеринин жардамы менен жол берилди

27
0

Басма сөз баянаты

Вашингтондун Газага «тозоктун» эшигин толугу менен ачышына мусулман жана яхудийлердин аскерий жана саясий жетекчилеринин жардамы менен жол берилди

Мусулмандардын бир да армиясы аны токтотпогондуктан, Трамп Газада тозоктун эшигин ачуу убадасын аткарды. Камералар ракета соккуларынын катуулугунан мусулмандардын дене бөлүктөрү асманга ыргып жатканын тартып алды. Куткаруу кызматкерлеринин көздөрү таңылып, октор жаап жатат. Балдар, аялдар, кары-картаңдар жана жарадарлар чатырлары бомбаланганда шейит болушууда. Яхудий түзүмү ишке ашырып, Америка колдоп жаткан ачка калтыруу саясаты азапты ачарчылык деңгээлине чейин алып барды. Эми баарына ачык-айкын болду. Вашингтондун фирауну Газада тозокту уюштурду жана буга мусулмандардын жетекчилери менен яхудий жетекчилери толук колдоо көрсөтүштү.

Эй Мухаммаддын ﷺ  үммөтү! Пайгамбарыбыз ﷺ  эскертүүсүнө көңүл бургула. Аллах биз бири-бирибизди таштап койсок, бизди Өз жардамысыз калтырат. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«مَا مِنَ امْرِئٍ يَخْذُلُ امْرَأً مُسْلِماً فِي مَوْضِعٍ تُنْتَهَكُ فِيهِ حُرْمَتُهُ وَيُنْتَقَصُ فِيهِ مِنْ عِرْضِهِ، إِلَّا خَذَلَهُ اللهُ فِي مَوَاطِنَ يُحِبُّ فِيهَا نُصْرَتَهُ» رواه أبو داود

«Эгер кимдир бирөө бир мусулмандын кадыр-баркы тебеленип, абийири төгүлүп жаткан учурда таштап койсо, Аллах да аны Өзүнүн жардамы керек болгон жерде таштап коёт» (Абу Дауд риваяты).

Газадагы азапты үммөт катуу сезип жатат, бирок ал ошол эле учурда алсыздык менен баш айланууну баштан кечирип жатат. Мунун айынан натыйжасыз аракеттер көрүлүүдө. Газадагы мусулмандарды коргой албагандыгы үчүн өкүндүрүп, уятка калтырып жаткан абал так жана анык иш-аракет планынан ажырап калганыбыздын натыйжасы.

Хизб ут-Тахрир / Пакистан вилаяты төмөнкү төрт ишти сунуштайт. Бул үммөттүн кайгысы менен саясий аракеттери натыйжалуу болуп, шаръий милдетке ылайык конкреттүү жыйынтык бериши үчүн:

Биринчиден: Мусулмандар Газа маселеси боюнча өздөрүнүн аскерий жана саясий жетекчилеринен эсеп-китеп алууга тийиш. Иордания, Сирия, Мавритания, Алжир, Марокко жана башка өлкөлөрдөгү үммөт жихад үчүн армиялардын кыймылга келишин талап кылууда. Башкаруучулардан эсеп-китеп алуу шаръий милдет. Ошондуктан Пакистандын саясий жана аскерий жетекчилигинен Газадагы мусулмандарды коргоо үчүн куралдуу күчтөрдү жөнөтүүнү талап кылууга тийишпиз.

Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«كَلَّا، وَالله لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ، وَلَتَنْهَوُنَّ عَنِ الْمُنْكَرِ، وَلَتَأْخُذُنَّ عَلَى يَدِ الظَّالِمِ، وَلَتَأْطُرُنَّهُ عَلَى الْحَقِّ أَطْرًا، وَلَتَقْصُرُنَّهُ عَلَى الْحَقِّ قَصْرًا، أَوْ لَيَضْرِبَنَّ اللهُ بِقُلُوبِ بَعْضِكُمْ عَلَى بَعْضٍ، ثُمَّ لَيَلْعَنَنَّكُمْ كَمَا لَعَنَهُمْ» رواه أبو داود والترمذي وقال: حديث حسن

«Жок, Аллахка ант болсун, силер жакшылыкка буюруп, жамандыкка тыюу салып, зулум кылуучунун колунан кармап, аны акыйкатка багынтып, акыйкатка тартып келмейинче, Аллах силердин жүрөктөрүңөрдү бири-бирине каршы коюп, силерди лаанаттайт» (Абу Дауд жана Тирмизи риваяты, хасан хадис).

Экинчиден: Калк тараптан кеңири көлөмдөгү талаптар коюлуп, куралдуу күчтөрдү жыйноо үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуу зарыл. Митингдер, басма сөз билдирүүлөрү, мечиттерден жума хутбалары аркылуу кайрылуулар, баннерлер жана баракчалар, чогулуулар ж.б.у.с. Ошондой эле соода жана өнөр жай палаталары, юристтер, соодагерлер бирикмелери, студенттик уюмдар, саясий партиялар, кесиптик ассоциациялар, журналисттер уюмдары, аалымдардын комитеттери жана башка таасирлүү бирикмелер үнүн көтөрүп, Газаны коргоо үчүн мусулмандардын армияларын жыйноону талап кылышы керек.

Үчүнчүдөн: Бардык адамдар социалдык тармактар аркылуу Газаны коргоо үчүн мусулмандардын армияларын жыйноого чакырык ташташы керек. Подкаст алып баруучулар бул тууралуу программаларды чыгарышы зарыл. Эл өз талаптарын видео, үн жаздыруу жана жазуу аркылуу билдирүүгө тийиш.

Төртүнчүдөн: Мусулмандар туугандары, достору, кошуналары, армиядагы тааныш офицерлери, саясий партиялардын өкүлдөрү, мечит имамдары, аалымдар жана коомдо таасири бар адамдарга жеке жана жамааттык түрдө барышып, аларды Газаны коргоо үчүн куралдуу күчтөрдү жыйноого болгон күч-аракетин жана таасирин жумшоого чакыруусу керек. Үммөт аларга Аллах Тааланын төмөнкү сөзүн эскертип турушу керек:

﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَلْ لَنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيّاً وَاجْعَلْ لَنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيراً﴾

«(Эй момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин»,- деп жаткан эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?!» (Ан-Ниса, 75-аят).

Эй мусулмандар! Туруп, алсыздык жана баш ийүүдөн жогору болгула! Газадагы маселеге башынан эле бирден-бир шаръий чечим бар. Ал мусулмандардын армияларын жыйнап, жихад кылуу милдети. Газада жана ыйык Палестинада зулумга кабылган мусулман боордошторубузду колдоо үчүн ушул шаръий жолду, толук чечимди ишке ашыруу жолунда таасириңизди колдонуңуз!

Хизб-ут-Тахрирдин Пакистан вилаятындагы маалымат бөлүмү

07.04.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here