Мигранттарга карата мончодогу зулумдук дипломатиялык алсыздыкты ачыка чыгарды

78
0

Мигранттарга карата мончодогу зулумдук дипломатиялык алсыздыкты ачыка чыгарды

10-апрелде Москвадагы мончодо болгон окуяга байланыштуу Кыргызстанда талкуу күчөп жатат. Анда Орусиянын күч түзүмдөрү Кыргызстандан келген мигранттарга кол салышкан. Мончодогу мигранттарды уруп-сабап, кыйнап, мазактаган видео социалдык тармактарда тарап, Жогорку Кеңеште да талкуу темасына айланды.

Депутаттар Россиядагы мигранттардын бул окуяга байланыштуу көптөгөн даттанууларына жана өтүнүчтөрүнө жооп кылып, Кыргызстандын тышкы иштер министрин түшүндүрмө берүү үчүн чакырышты. Россияга каршы маанайдагы депутаттар бул кырдаалды пайдаланып, коомчулук бул иш боюнча маалымат алышын жана күнөөлүүлөр жазаланышы зарыл экенин белгилешти. Бул маселе боюнча ызы-чуу көтөрүлгөндөн кийин, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду чакырып, дипломатиялык нота тапшырды.

Кыргыз тарап расмий нота тапшырып, окуяга укуктук баа берүүнү, кармалган жарандарга карата күч колдонуунун себептерин түшүндүрүүнү жана Москвадагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузулган болсо, аларга чара көрүүнү суранды.

Суроолорго жооп берип жатып, Кыргызстандын тышкы иштер министри Россия менен мамилелерди сактоо үчүн болгон аракеттерди жасап жатканын айтып, орус тарап Москвадагы күч түзүмдөрүнүн мыйзам бузууларын аныктоо боюнча чараларды көрүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Россиянын Тышкы иштер министрлиги кээ бир кызматкерлерге эскертүү берилгени жөнүндө билдиргенин айтты.

 Тилекке каршы, Кыргызстандын министринин билдирүүлөрү Россиянын расмий булактарынан ырасталган жок. Россиянын Ички иштер министрлиги, тескерисинче, полиция кызматкерлери Москвадагы мончого болгон рейд учурунда мигранттарга карата эч кандай мыйзамсыз аракеттерди жасабаганын расмий түрдө билдирди.

Россиядагы мигранттарга карата болуп келаткан адамгерчиликсиз мамиле эч кимге жаңылык эмес. Ал эми мончодогу окуя элдин нааразылыгын күчөтүп, депутаттар аны көтөрүүгө аргасыз болду.

Орус бийлигинин мигранттарды куугунтуктоо жана көзөмөлдү күчөтүү саясаты дайыма күч түзүмдөрүнүн мыйзам бузуулары жана күчөтүлгөн чектөөчү мыйзамдарды кабыл алуу менен коштолуп келет. Чек арадан өтүү, каттоого туруу, балдарды мектепке берүү жана жумушка орношуу боюнча акыркы мыйзамдар тутуму ушул жылдын апрель айынын соңунда күчүнө кирет.

Россиянын өкмөтү гана эмес, Кремлдин саясаты менен тарбияланган орус коому да мигранттарга карата орой мамиле кылат. Айрымдар мигранттарды үчүнчү сорттогу адамдар деп эсептешет, бирок Россияда үчүнчү сорт катары орус элине кызмат көрсөтүүчү катмар эсептелет. Алар байыртадан кул мүнөздүккө тарбияланып келген. Мусулмандарды болсо Кремлдин жетекчилиги адам катары таптакыр эсептебейт, аларды балким жаныбарга теңешет. Бир жолу, Владимир Путин маек берип жатып: “Эмне үчүн сабатсыз жана ырайымсыз адамдарды жетекчиликке дайындайсыз (сөз Рамзан Кадыров жөнүндө эле)?” деген суроого: “Ал биринчи жолу жолукканда керек болсо так сүйлөй алган эмес, итче үргөн…” деп жооп берген. “Буга окшогон канчалаган жаныбарлар токойдо жүрөт?” деп мазактап кошумчалаган (чечен жихадчыларын айтып). Ошондуктан, Россия өкмөтү мусулман өлкөлөрүнөн келген мигранттарды үчүнчү эмес, онунчу сорт катары да эсептебейт.

Мигранттарга карата оор кырдаал Россияда гана эмес, АКШда да курчуп жатат. Дональд Трамптын жаңы жарлыктары келгиндерге чектөөлөрдү киргизүүдө. АКШдан Кыргызстандын жарандары юридикалык жана дипломатиялык жардам сураган кайрылуулары келип түшүүдө.

Жакында эле Мьянмада жети кыргызстандык кулчулукта болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев билдирди. Ажибаев социалдык өнүгүү, эмгек жана миграция министринин орун басары Ализе Солтонбековага түшүндүрмө сурап кайрылган, бирок чиновник мындай маалымат аларда жок экенин айткан.

Мьянма жана Таиланддын органдары үч өлкөнүн жарандарын бошотуп, аларды Маесот чек ара пунктунда Өзбекстан жана Казакстандын дипломаттарына өткөрүп беришкен, ал жерде аларга убактылуу жашоочу жай жана тамак-аш берилген. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мигранттардын абалы боюнча бул окуялар жана курчуган маселелер Кыргызстан бийлигинен так жана күчтүү дипломатиялык позицияны талап кылат. Бирок жарандардын көбөйүп жаткан кайрылууларына Тышкы иштер министрлиги да, Кыргызстандын өкмөтү да үмүттөндүрүүчү жооп берген жок. Башка өлкөлөрдүн мигранттарга карата мамилеси экинчи маселе. Ал эми, негизги маселе Борбор Азиядагы мусулман калктарды өз өкмөтүнүн коргоосу жана камкордугу болуп эсептелет.

Кыргызстан министринин компетенттүүлүк деңгээлинен алар өз жарандарынын коопсуздугуна, алар кайда болбосун, такыр кам санабай турганы байкалат. Жээнбек Кулубаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мисалы, Россияга күйүүчү-майлоочу материалдар жана газ жеткирүүдөгү көз карандылык жана альтернативдүү өнөктөштөрдүн жоктугу сыяктуу соода мамилелеринин начарлашы коркунучун айтты. Мындан Кремль тараптан экономикалык шантаж болорун, аны менен бирге кыргыз жаранынын статусу төмөн экени, аларды жергиликтүү бийлик пайдага айырбаштап, алдын ала кулчулукка түртүп жатканын байкоого болот. Андай болсо, ЕАЭБ сыяктуу союздар эмне үчүн керек жана алар кандай роль ойнойт? Ал союздун алкагында 2014-жылдын 29-майында Астанада кол коюлган экономикалык союз тууралуу келишимдер бар, анда эмгек миграциясы жана эмгек ишмердүүлүгү боюнча өзүнчө 96 жана 97-беренелер бар. Бул келишимдер эмгек мигранттарынын укуктарын жөнгө салып, аны кепилдеши керек эле.

Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо маселеси эмгек мигранттарына эч кандай байланышы болбошу керек. Ошондой эле соода келишимдери же ЕАЭБ алкагындагы башка көптөгөн келишимдер бар, мисалы: тышкы соода саясаты, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, бирдиктүү экономикалык мейкиндик, макроэкономикалык саясат жана атаандаштыктын жалпы принциптери сыяктуу.

Өзүңүздөр байкагандай өкмөт министрди курмандыкка чалып ЕАЭБдеги мамлекеттик саясаттын алсыздыгын актоого аракет кылып жатат. Ал эми бул союзга катышуунун тең укуктуулугу жана пайдасы тууралуу жалган маалымат берип келишет. Кандай болгон күндө да, расмий бийликтин өз жарандарынын коопсуздугунан көрө күйүүчү майдын тагдыры көбүрөөк түйшөлткөнү, өзгө өлкөлөрдүн мигранттарга болгон мамилесинен алда канча жагымсыз көрүнүш. Муну өлгөндүн үстүнө көмгөн десек туурараак болот.

Дагы бир маселе – президенттин сүкүт сактап турганы. Ал конституциянын жана жарандардын коопсуздугунун кепили болуп саналат. Министрдин дипломатиялык аракеттерине көз салып туруу менен алтындай убакытты өткөрүп жатат. Айрыкча, Владимир Путин үчүн 9-майда Москвадагы парадга өлкө президентинин баруусу маанилүү. Дал ушундай учурда президент маселени кабыргасынан коюп, экономикалык жана аскердик шантажды токтотууну талап кылышы керек эле. Анткени Путин өз союздаштарынын саясий колдоосуна абдан муктаж. 9-май Сергей Лавров айткандай, Батышка каршы саясий тирешүүнүн “өтө маанилүү” күнү.

Улам курчуп бараткан мигранттардын көйгөйүн кат алмашуу менен гана алектенип калган министрлер чече албайт. Россиянын элчисине берилген нааразычылык нотасы президенттин талабын да камтышы керек эле. Бул көйгөйдү чечпесе да, элдин ишенимин жана кадыр-баркын бекемдемек. Анткени, Садыр Жапаров өткөн жылы Кыргызстанда чет элдиктерди басмырлоо үчүн жоопкерчиликти күчөткөн жарлык чыгарып, кийин мыйзам кабыл алынган.

Коопсуздук маселесин чечүүдө чөлкөмдөгү министрлердин аракеттерин жана президенттердин дайыма айтып келе жаткан сунуштарын угабыз. Атап айтканда, тилди үйрөнүүдө постсоветтик өлкөлөр үчүн жат келген Европа, Америка же Азия өлкөлөрүнө миграцияга баруу сыяктуу ишке ашпай турган сунуштар айтылат. Бул өлкөлөрдүн саясий мамилелери стратегиялык өнөктөштүктөн алыс жана алар африкалык же азиялык мигранттар менен толуп калган. Шарттарды түзбөй туруп сунуштарды айтуу өз мекенинде татыктуу жумуш таппай, жакшы жашоо издеген жарандарды туңгуюкка түртүү. Ошондуктан эч жакка чыкпоо боюнча чектөөлөр да экономикалык кризисти чечүүнүн жолу эмес. Анткени экономикалык шарттардын жоктугу жарандарды өз мекенин таштап кетүүгө мажбурлайт.

Албетте, министрдин Кыргызстан жарандарына расмий түрдө Россияга эмгек миграциясы үчүн барбоону сунушташы туура болмок. Эмне үчүн өкмөт Россияны биздин жарандар үчүн кооптуу өлкө деп жарыялабайт? Эмне үчүн коопсуздук кеңешинин жыйындарында бул маселе актуалдуу тема катары коюлбайт? Мисалы, бизди дайыма Афганистандагы коркунучтар менен коркутушат, бирок ал жакта биздин жарандар Тышкы иштер министрлигине көйгөй жараткан эмес. Эмне үчүн өлкө лидерлери саммиттерде жана тынымсыз консультативдик жолугушууларда жомокко айланган “терроризм” маселесин жан үрөп талкуулашат?

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери өз жарандары орустун улутчулдук саясатынан улам жапа чегип жаткан соң, өнөктөштүк жана стратегиялык мамилелердин зарылдыгын кароо талабын катуу жана чечкиндүү түрдө көтөрүшү керек! Жок дегенде башка өлкөлөрдүн өз жарандарын коргоосу боюнча мисалдарынан үлгү алышы керек!

Кыргызстандын жана аймактагы башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү өз жарандарына чыныгы камкордук кылуунун жана коргоонун мисалын улуу кол башчы Мутасимден алышы керек. Ал чыныгы эр жүрөк, хан сарайлар да, сансыз байлык да азгыра албаган ыймандуу башкаруучу болгон. Тарых тастыктагандай, бул кол башчы Жаратуучунун алдындагы жоопкерчиликти аткаруунун эң жогорку даражасын көрсөткөн. Ал Ислам мамлекетиндеги катардагы муслиманын жаранынын европалык падыша тарабынан зынданда кармалып, жардам сураган чакырыгына жооп берген камкор башкаруучу катары белгилүү.

Анын кыскача тарыхы мындай болгон: «Кайдасың, оо Мутасим, кайдасың? Оо Мутасим, кайдасың?!» – деп айтканда, залим падыша ага күлүп: «Ооба, сенин Мутасимиң азыр жетип келет. Ал ак жана кара атка минип, сени куткаруу үчүн чаап келет!» – деп шылдыңдайт. Бул кабар Мутасимге жеткенде, ал он жети миң ак жана кара ат сатып алып, он жети миң атчандар менен Европага жортуулга чыкты. Душмандын армиясы талкаланып, жок кылынды. Аялды Мутасимге алып келишкенде айтты: «Залимге айт, Мутасим мени куткаруу үчүн ак жана кара аттар менен келди!».

Мутасим биллах Абу Исхак Мухаммад ибн Харун (794-842), Аббасиддер династиясынын Багдад халифи, ал бардык мусулман башкаруучулары үчүн үлгү болушу керек.

Латыфул Расых

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here