Орозо жана Куран Кыяматта пендеге шапаат кылат

33
0

Бисмиллахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Орозо жана Куран Кыяматта пендеге шапаат кылат

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن عبد الله بن عمرو أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: “الصيام والقرآن يشفعان للعبد يوم القيامة، يقول الصيام: أي رب، منعته الطعام والشهوات بالنهار فشفِّعني فيه، ويقول القرآن: منعته النوم بالليل فشفعني فيه، قال: فيُشفَّعان” رواه أحمد وصححه الألباني

Абдулла бин Амрдан риваят кылынат, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Орозо жана Куран Кыямат күнү пендеге шапаат кылат. Орозо айтат: “Оо Раббим, аны күндүзү тамактан жана кумардан тыйдым, мени ага шапаатчы кыл”. Куран мындай дейт: “Мен аны түндө уйкусуз калтырдым, мени ага шапаатчы кыл”. Пайгамбар (с.а.в. айтты): “алар ага шапаат кылышат””. (Ахмад риваят кылган жана Аль-Албани сахих деген).

Урматтуу бир туугандар!

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.

Бул асыл хадисте эки нерсеге ишарат кылынган, алардын биринчиси, орозо кармоо жана жеп-ичүүдөн сактануу. Экинчиси, бул ыйык айда Куран окуу жана анын маанилери жөнүндө ой жүгүртүү. Рамазан айынын орозосунун улуу хикматы бар. Аллах Таала орозо кармоону фарз кылды жана аны өзү үчүн кылды, анын соопторун өзү берет. Ал Кыямат күнү өзүнүн ээси үчүн күбөлүк берет жана ага шапаат кылат. Ошондуктан орозо кармаган адамдын кылган күнөөлөрүн көз жаздымда калтырууну Аллахтан тилеп, Алла Тааладан суранат жана ага кечирим тилейт.

Бул жерде орозо же бизге шапаатчы катары же бизге каршы күбө экенин түшүнүшүбүз керек. Эгер биз Аллахтын ыраазылыгы үчүн эмес, адамдардын мактоосуна жана суктануусуна умтулуп орозо тутсак, ачка жана суусаган гана болобуз жана Кыяматта орозо бизге каршы күбө болот. Аллах Таала буйругандай орозо кармасак жана Аллах Тааланын ыраазычылыгына умтулсак, анда Кыямат күнү орозо бизди коргоп, сооп жана кечирим тилеп келет.

Ал эми Куран окуу жана анын маанилери жөнүндө ой жүгүрткөн  маселеге келсек, ал да бизге шапаат же бизге каршы күбө болот. Эгер биз анын барактарын аларда эмне бар экенин ойлонбой же маанилерин түшүнбөстөн эл көрсүн үчүн окусак, анда Кыямат күнү Куран бизге каршы күбө болот. Ал эми, Курандагы өкүмдөрдү үйрөнүп, Аллахтын биз аткарбай калган өкүмдөрүн жана мыйзамдарын кайра калыбына келтирип, көңүл бурбай, унутуп койгон күнөөлөрүбүз үчүн Аллахтан кечирим сурасак, Кыямат күнү Куран бизге күбөлүккө өтүп, Аллахтын азабынан жана тозок отунан бизге чеп жана тосмо болот. Аллах Тааланын алдында ага амал кылуу жана аны адамдарга үйрөтүү үчүн гана окуганыбызга шапаатчы катары келет.

Орозонун көптөгөн өкүмдөрү бар. Орозо күнөөкөрлүктөн, дүйнө ырахыты үчүн Аллах Тааланын буйруктарына баш ийбей калуудан, андан жүз буруп, бул дүйнө ырахатына берилип кетүүдөн тосот. Ошондо анын бизге тийгизген таасирин сезебиз. Ошондой эле, дүнүйө жыргалчылыктарынан тыйылуу алсыздыгыбыздын канчалык деңгээлде экенин түшүнүүгө жардам берет. Аллах Таалага канчалык муктаж экенибизди түшүнгөндөн кийин текебердик жана бой көтөрүү сезими кетет.

Ал эми Курани Каримге келсек, көп адамдар өтмүш дүйнө менен алек болуп, аны таштап коюшту. Анын маанилери жөнүндө ойлонушпады жана  ага жакындоо бактылуулук, бактысыздык андан алыстоо экенин түшүнүшкөн жок. Окуу менен эмес, аны жашоодо колдонуу менен да аларга бул дүйнөдө жана акыретте кутулуу жана бактылуулук алып келет.

Бул ыйык айда ишибизди кайра тартиптештирүүгө жана тагдыр чече турган суроолорго жооп берүүгө умтулууга мүмкүнчүлүк бар. Курани Карим колубузда туруп эмнеге бактысызбыз? Орозо кармаган адам мунун себеби Курани Каримден жана андагы өкүмдөрдөн алыс болушу, дүйнө жана анын азгырыктары менен алек болушу деп жооп берет. Курани Карим болгондо эмнеге бактысызбыз? Орозо кармаган адам мунун себеби Курани Каримден жана андагы өкүмдөрдөн алыс болуу, дүйнө жана анын азгырыктары менен алек болуу деп жооп берет.

Аллахтан динибизди сактап, ушул ыйык айда бул дин үчүн жеңиш, күч-кубат жана жеңилдик менен сыйлоосун тилейбиз.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 28-рамазан.

2025-ж, 28-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here