Басма сөз баянаты

Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?!

Басма сөз баянаты

Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?!

Аллах Таала Рамазан айын ырайымдын, берекенин, тазалыктын жана ислам үммөтүнүн жеңишинин айы кылып белгиледи. Башка мусулман элдери сыяктуу эле, Өзбекстан мусулмандары да бул ыйык айды ар дайым кубаныч жана руханий көтөрүңкү маанай менен тосуп алышып, ибадаттарын жана жакшылык иштерин көбөйтүүгө умтулушат. Бирок Өзбекстан режими алар менен бул бийик сезимдерди бөлүшпөйт.

Ооба, режим Рамазан айына өзгөчө даярдык көрдү. Бирок бул даярдыгы жакшы ниет менен болгон жок. Мисалы, Рамазан айынын алдында жана ал башталган алгачкы күндөрдө «мамлекеттин диний саясаты» деген концепция шашылыш түрдө кабыл алынды. Бул документ исламга жана анын өкүмдөрүнө толугу менен каршы келип, анда бузулган секулярдык-демократиялык идеялар алдыңкы планга коюлган. Анын максаты мамлекеттик кызматкерлерди, айрыкча коопсуздук күчтөрүнүн мүчөлөрүн жана армияда кызмат өтөгөн аскерлерди исламга каршы мыйзамдарга баш ийүүгө мажбурлоо.

Бул зулум концепциянын дал Рамазан айынын алдында кабыл алынышы кокустук эмес. Мисалы, Улуттук гвардиянын кызматкерлеринен Рамазанда орозо кармабоо боюнча тил кат алынганы тууралуу кабарлар бар. Ошондой эле, бул талаптарга баш ийбеген аскер кызматынан бошотулушу мүмкүн экендиги эскертилген. Чынында, мындай талаптар буга чейин эле бар болчу. Маселен, жашыруун буйруктар жана жазылбаган эрежелер мамлекеттик кызматкерлерге жумуш ордунда намаз окууга жана жума намазына катышууга тыюу салат. Бул басым Рамазан айында өзгөчө күчөйт.

Мындан тышкары, Рамазан айына бир нече күн калганда, бийлик кайрымдуулук иштерине жана садака берүүгө чектөө киргизген мыйзам кабыл алды. Ал эми Өзбекстандын мусулмандарынын диний башкармалыгынын башчысы, муфтий Нуриддин Халикназаров мусулмандарды таравих намазына балдарын алып келбөөгө чакырып, муну негизсиз жүйөлөр менен актоого аракет кылды.

Жума хутбалары жана таравих намаздарында кадимкидөй эле мусулмандарды «халифалык», «жихад» жана «мамлекеттик саясатка кийлигишүү» сыяктуу идеялардын таасиринен сактанууга үндөп, аларды күнөөлөрү үчүн жемелеп, чыдоого жана сабыр кылууга чакыруу уланууда. Ошондой эле, президентке жана бийлик өкүлдөрүнө дуба кылууга үндөшүүдө. Албетте, бул мамлекеттеги исламга каршы адамдардын көрсөтмөсү менен ишке ашырылып жаткан саясаттын бир бөлүгү.

Чындыгында, коопсуздук күчтөрү мечиттердин алдында туруп, 18 жашка чыга элек жаштарды таравих намазына киргизбөө үчүн аракет кылып жатканы тууралуу бир нече билдирүүлөр тарады. А түгүл, мектептерде ата-энелерге балдарын мечитке жөнөтпөө талабы коюлууда. Мугалимдер менен мектеп директорлоруна бул буйрук жогорку бийликтен берилгени айтылууда.

Өзбекстандагы мамлекеттик маалымат каражаттары мындай окуялар жөнүндө дээрлик айтпайт, анткени бул чечимдер жашыруун буйруктар аркылуу кабыл алынат. Бирок эл арасында, айрыкча мусулмандар арасында, өзбек бийлигинин исламга каршы саясаты Кытайдын Шинжаңдагы уйгур мусулмандарын куугунтуктоосуна окшошуп баратканын айткандар көбөйүүдө. Бул салыштыруу туура десек болот, анткени Өзбекстан режими өз элинин ыйманын жок кылууга багытталган бул согушту жалгыз жүргүзүп жаткан жок. Анын артында АКШ жана Орусия сыяктуу исламга душман мамлекеттер турат.

Өзбекстандын президенти Мирзиёевдин режими үчүн өзүнүн элин ойлогон, динге урмат көрсөткөн учур эч качан болгон эмес. Анын жалгыз максаты, Батыш жана Орусиядагы кожоюндарын ыраазы кылуу жана бийлигин мүмкүн болушунча узартуу. Бул режим эч качан жамандыктан баш тарткан эмес. А түгүл ыйык Рамазан айында да мусулмандарга каршы саясатын күчөтүп, зулумдугун дагы да катуулатууда.

Өзбекстан муфтийи жана дин аалымдарына чакырык

Өзбекстандын муфтийи жана диний лидерлери, биз силерди Газа менен Чыгыш Иордандын мусулмандары үчүн дуба кылууга да батынбай жатканыңарды көрүп турабыз. Исламды канча баага сатып жатасыңар?! Өзбек бийлигинин исламга каршы саясатын канчага чейин жактай бересиңер?! Силердин бул аракеттериңер а түгүл ыйык Рамазан айында да токтобогону, силердин эскертүүлөргө, акыйкатка, ыйманга эч кандай сезимтал эместигиңерди далилдейт.

Силер Афганистандагы жана Сириядагы саткын режимдердин кулаганынан сабак алсаңар болбойбу? Бүгүн кызмат кылып жаткан режимиңер да бир күнү шерменде абалда кыйрайт. Ошондо силер бул элдин алдында жооп берүүгө аргасыз болосуңар. Бирок эң оор эсеп Аллах Тааланын алдында бериле турган эсеп болот.

Өзбек бийлигине эскертүү

Өзбек бийлиги, эгер жакшылык кыла албасаңар, жок дегенде жамандык кылуудан баш тарткыла! Элдин наалатынан жана каргышынан коркпойсуңарбы? Эмне үчүн Орусия жана башка ислам душмандарынын көңүлүн алуу үчүн бул деңгээлге чейин түшүп кеттиңер?! А түгүл Рамазан айында да кандайдыр бир урмат-сый көрсөтө албайсыңарбы?! Эмне үчүн жок дегенде ушул айда элиңерди куугунтуктоону токтотпойсуңар?!

Бирок биз билебиз, мындай сөздөр силер үчүн таасирин жоготкон. Ошондуктан силерди катуу эскертебиз: Аллахка жана мусулмандарга каршы күрөшүүнүн акыбети шермендечилик жана кордук менен бүтөт! Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деп айткан:

«صِنْفَانِ مِنْ أُمَّتِي إِذَا صَلَحَا صَلَحَ النَّاسُ، وَإِذَا فَسَدَا فَسَدَ النَّاسُ: الأُمَرَاءُ وَالْعُلَمَاءُ».

«Үммөтүмдөн эки топ оңолсо, эл оңолот. Эгер алар бузулса, эл да бузулат: бул – өкүмдарлар жана аалымдар».

Бул хадисте айтылгандай, бүгүнкү күндө бийликтер да, дин лидерлери да исламдын жана мусулмандардын тарабына өтпөстөн, алардын душмандарынын катарында турарын көрүп жатабыз. Биздин мусулмандар буга кайдыгер болбошу керек жана бул зулумдукту токтотушу зарыл! Болбосо, биз Аллахтан ырайым сурап, дуба кылганыбыз менен, Аллах Таала биздин дубаларыбызды кабыл кылбашы мүмкүн.

Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ وَلَتَنْهَوُنَّ عَنْ الْمُنْكَرِ أَوْ لَيُوشِكَنَّ اللهُ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَاباً مِنْهُ ثُمَّ تَدْعُونَهُ فَلَا يُسْتَجَابُ لَكُمْ».

«Силер жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарбасаңар, Аллах силерге өз азабын жиберет. Анан дуба кылсаңар да, ал кабыл болбойт» (Хузайфа бин Ямандан риваят кылынган хадис).

«Хизб ут-Тахрир» маалымат бөлүмү

Өзбекстан вилаяты

turkistonkg

Recent Posts

Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат

Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар, өзгөчө Трамптын кескин саясий чечимдери…

9 hours ago

Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили

Басма сөз баянаты Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили…

15 hours ago

Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы

Басма сөз баянаты Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы Яхудийлердин жетекчилери менен кылмышкерлердин согушту, кыргынды…

15 hours ago

Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген чет элдик насыялар менен гана баалайт

Басма сөз баянаты Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген…

15 hours ago

«Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?!

Басма сөз баянаты «Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?! Кечээ, Рамазан айынын…

18 hours ago

Каир саммити – мурдагыдай эле араб башкаруучуларынын чыккынчылыгын жана алардын Газага болгон кайдыгерлигин көрсөттү!

Басма сөз баянаты Каир саммити - мурдагыдай эле араб башкаруучуларынын чыккынчылыгын жана алардын Газага болгон…

18 hours ago