Басма сөз баянаты
«Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?!
Кечээ, Рамазан айынын 1-күнү, 1446-хижрий жылда (2025-жылдын 1-марты), Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятынын Борт-Судан шаарындагы кеңсесинде ай сайын өткөрүлүүчү форум болуп өттү. Форум «Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?!» деген тема алдында уюштурулду.
Биринчи баяндамада устаз Мухаммад Жами (Абу Айман) теманын негизги маселелерин ачып берип, эки документтин эң маанилүү пункттарынын бири мамлекеттин секуляризациясы экенин белгиледи. Ошондой эле, федерализм маселеси көтөрүлүп, анын өлкөнү бөлүп-жаруу максатын көздөй турганы айтылды. Найроби документинде секуляризм ачык-айкын жарыяланса, экинчи документте исламды жалган диндер жана бузулган ишенимдер менен катар койгон. Бул болсо исламды мыйзам чыгаруунун жападан жалгыз булагы катары кабыл албоону билдирет.
Абу Айман сөзүнүн уландысында, Судан эбактан бери эле секулярдык мыйзамдар менен башкарылып келе жатканын баса белгиледи. Нефаша келишиминен кийин кабыл алынган жана ага чейин болгон бардык конституциялар федерализмди камтыган. Ал Суданды бөлүп-жарууну каалаган Америка, федерализм аркылуу өлкөнү бөлүп, секулярдык мамлекет түзүп, анын байлыктарын тоноп алгысы келерин айтты.
Мындан сырткары, Найробидеги «Ыкчам колдоо күчтөрүнүн» (RSF) документи жөнүндө да сөз болуп, Кениянын Суданды бөлүүгө болгон тарыхый ролу белгиленди. Кения Нефаша келишими аркылуу Түштүк Суданды Түндүктөн ажыраткан жана азыркы учурда Дарфурду Судандан ажыратуу үчүн кутум уюштуруп жатат.
Экинчи баяндаманы устаз Назир Мухтар жасады. Ал Исламдагы башкаруу принциптери тууралуу баяндап, төмөнкү негизги маселелерди белгиледи:
Эгемендик – шариатка таандык, элге эмес. Бийлик – үммөттүн колунда, эл өзүнүн башкаруучусун байъат (ант берүү) аркылуу тандайт. Бир халифаны дайындоо – үммөттүн парзы, башкача айтканда, жалгыз башкаруучу болушу шарт. Халифа гана конституцияны кабыл алат жана мыйзамдарды бекитет. Бирок демократиялык түзүмдөрдөгүдөй мыйзам чыгарбайт. Анткени Исламда мыйзамды Аллах гана белгилейт.
Талкуу бөлүмүндө катышуучулар өз ойлорун ортого салып, жакшы суроолор менен кайрылышты. Ошондой эле, онлайн платформа аркылуу да көптөгөн суроолор берилди. Экөө тең жакшы жооп берип, форумга келгендер Хизб ут-Тахрирдин бул үммөттү жетектөөгө татыктуу партия экенине ынанган абалда тарашты.
Форумдун аягында, Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү, устаз Ибрахим Мушриф, залдагы жана онлайн катышкан көрөрмандарга форумга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ибрахим Усман (Абу Халил)
Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү
Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар, өзгөчө Трамптын кескин саясий чечимдери…
Басма сөз баянаты Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?! Аллах Таала Рамазан…
Басма сөз баянаты Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили…
Басма сөз баянаты Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы Яхудийлердин жетекчилери менен кылмышкерлердин согушту, кыргынды…
Басма сөз баянаты Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген…
Басма сөз баянаты Каир саммити - мурдагыдай эле араб башкаруучуларынын чыккынчылыгын жана алардын Газага болгон…