Басма сөз баянаты
Каир саммити – мурдагыдай эле араб башкаруучуларынын чыккынчылыгын жана алардын Газага болгон кайдыгерлигин көрсөттү!
2025-жылдын 4-мартында Каирде өткөн араб өлкөлөрүнүн кезексиз саммитинин жыйынтыгында Египет президенти Абдул Фаттах ас-Сиси Газаны кайра куруу планы кабыл алынганын жарыялады. Бул план палестин элин жеринде калтырууну жана алардын мажбурлап көчүрүлүшүнө жол бербөөнү көздөйт. Жыйынтыктоочу билдирүүдө “Израилдин” эл аралык мыйзамдарды сактоо милдеттенмеси белгиленип, палестин аймактарында демографиялык түзүлүштү өзгөртүү аракеттери айыпталды. Ошондой эле, Газага гуманитардык жардамдын киргизилишине тыюу салуу жана чек ара бекеттеринин жабылышы сынга алынды. Дагы бир жолу араб лидерлери «Туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн бирден-бир жолу 1967-жылдын 4-июнундагы чек аралардын негизинде Палестина мамлекетин түзүү жана анын борбору катары Чыгыш Иерусалимди бекитүү» деген позицияларын кайталады.
Ошентип, саммит өттү, бирок Газадагы элибиздин массалык өлтүрүлүшүнө, ачарчылыкка жана жапырт жазага эч кандай реакция кылынган жок. Алар жадагалса яхудийлер менен АКШнын Газа элине карата «тозокко айлантабыз» деген коркутууларын укмаксан, көрмөксөн болушту. Алар Газадагы согуш бүтүп, агрессия токтогондой, «согуштан кийинки күн» жөнүндө сүйлөшүүгө өтүштү!
Араб башкаруучуларынын мындай позициясы алардын Газага жардам берүү же яхудийлердин агрессиясына каршы туруу тууралуу ойлоно да албастыгын айгинелейт. Алардын жыйыны Трамптын Газа элин көчүрүү планынын альтернативдүү версиясын сунуштоо үчүн гана өттү. Трамптын талабы боюнча, Газадагы башкаруудан ХАМАСты толугу менен четтетип, яхудийлердин коопсуздугун камсыздоо жана 2023-жылдын 7-октябрындагы окуялардын кайталанбашына шарт түзүү. Саммиттин чечиминде да ушул эле нерсе камтылды. Египет сунуштаган планга ылайык, Газа секторун 6 айлык өткөөл мезгилде башкаруу үчүн көз карандысыз, саясий уюмдарга тиешеси жок (технократ) адамдардан турган комитет түзүлөт. Бул комитет Палестина өкмөтүнүн көзөмөлү алдында иштеп, акырында Газаны Палестин бийлигине өткөрүп берет.
Алар өздөрүнүн кадимки коркунучтуу кыянаттыгына жана саткынчылыгына дагы кошумча кылып, “тынчтык долбоору” жана “эки мамлекет чечимин” улам-улам кайталашты. Муну менен укуктардан баш тартуунун планына берилген бойдон кала берерин дагы бир жолу ырасташты. Алар ушул берекелүү айдын ыйык күндөрүндө Кудай алардын жүрөктөрүн жана кулактарын мөөрлөп койгонун, ошондуктан алар эстей албастыгын айгинелешти. Алар жөнүндө Алланын төмөнкү сөзү толук тастыгын тапты:
﴿خَتَمَ اللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ وَعَلَىٰ سَمْعِهِمْ ۖ وَعَلَىٰ أَبْصَارِهِمْ غِشَاوَةٌ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ﴾ (البقرة: 7).
«Алла алардын дилдерин жана кулактарын мөөрлөп бекитип койгон. Көздөрүн болсо парда каптап калган. Алар үчүн чоң азап бар». (Бакара, 7).
Муну менен бул башкаруучулар өздөрүнүн Америка, Батыш жана яхудийлердин пландарын аткарган арзан куралдар экенин дагы бир жолу далилдешти. Аларга уруксат берилбеген маселелерди талкуулоону да каалашпайт, ошондуктан саммит баштала электе эле ортомчулар аркылуу яхудийлерди Газадагы аскердик аракеттерди убактылуу токтотууга көндүрүүгө аракет кылышканы тууралуу маалыматтар таң калычтуу эмес. Бул аракеттер аларга жок дегенде кандайдыр бир “абийирди сактап калууга” мүмкүнчүлүк берүү үчүн жасалган!
Газага бүгүн чыныгы жардам керек. Бул үчүн үммөт жана анын армиялары чыныгы кыймылга келүүсү зарыл. Газа аны кайрадан оккупация жана яхудийлердин көзөмөлү астында калтырган пландарга эмес, яхудийлер менен Американын туткунунан бошотулууга муктаж. Эгер мындай иш-аракеттер болбосо, биз шейиттерди жана жарадарларды саноону уланта беребиз. Ал эми яхудийлер болсо басмырлап, кыянаттык кылууну уланта беришет. Мунун баары мусулмандарды саткан жана Америкага кызмат кылууну токтоткусу келбеген башкаруучулардын бийлигинде болуп жатат.
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар, өзгөчө Трамптын кескин саясий чечимдери…
Басма сөз баянаты Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?! Аллах Таала Рамазан…
Басма сөз баянаты Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили…
Басма сөз баянаты Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы Яхудийлердин жетекчилери менен кылмышкерлердин согушту, кыргынды…
Басма сөз баянаты Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген…
Басма сөз баянаты «Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?! Кечээ, Рамазан айынын…