ПИКИР – баа жеткис БАЙЛЫК
(2)
Коомдун бузулушунун негизги себептери
Коомдун негиздери: адамдар, пикирлер, туйгулар жана мыйзамдардан турат. Падышалык, королдук, феодалдык, капиталисттик, социалисттик коом болсун, жада калса диктатура коому болсо да, айырмасыз, жогорудагы төрт негизде болот жана бул негиздердин эң таасири күчтүүсү пикирлер болуп эсептелет. Адамдар пикирлер менен калыптанган сырьё болуп, аларга кандай пикирлер өкүмдар болсо ошол пикирлер менен калыптанат. Ошондуктан саясий кырдаалга баа бергенде ошол өкүмдар пикирлерге маани берүү зарыл. Анткени, туйгулар да, мыйзамдар да пикирлерге таянат.
Биз пикирдин неъматын жоготкон калктардан болуп калдык. Пикир дегенде инсандын пикирлөө жараянын назарда тутуп жатабыз. Пикирлөө – сезилген вакыйлыкка ылайык келген маалыматты табуу же тескерисинче уккан, окуган ар кандай маалыматты өз вакыйына байлоо. Өз вакыйлыгына туура келбеген ката пикирлер өкүмдар болгон коом, эгер ошол пикирлерди өзүлөрү иштеп чыккан же өздөштүрүп, өзүнүкү кылып алышкан болсо материалдык тараптан жогору болушу мүмкүн, бирок моралдык, рухий жактан бузук коом болот.
Пикирлөөнү жоготуп, ээрчүүгө адаттанган калк өзүнүн жашоо жолун билбеген төмөн коом болот. Башка калктарды ээрчип же кожоюндарынын көрсөтмөсү менен жашоосун курушат, алардын буйруктары менен иштерин тартиптейт. Калкта пикирлөө жок болсо коомдогу өкүмдар пикирди талкуулоо же туура пикирди издөө, пикирий талкуулар болбойт, ишеничтүү жетекчини тандоо менен өздөрүн саясий кылып көрсөтөт. Кеп-сөздөр, талкуулар ушул жетекчинин үстүндө болот: анын тарапкерлери аны мактоо менен бирге каталарын акташат, жада калса жалгандарына, кыянаттарына көз жумушат… Оппозиция болсо анын жалаң гана айыптарын издөө, ийгиликтерин арзыбас кылып көрсөтүү менен кадырын түшүрүп, саясатына таасир көрсөтүүгө аракет кылат. Коомдун оңдолушу же жогорулашы үчүн өзүлөрү жактаган башка адамдын талапкерлигин көрсөтүшөт: анын программасы кандай, идеологияга негизделгенби деп пикирлерин, программасын текшербейт, жада калса таптакыр этибар бербейт. Анткени начар калктар адамдар туурасында талкуу кылышат, жогору деңгээлдеги элдер мыйзамдар жөнүндө талкуу кылышат. Жетекчилер калктарда идеология негизинде талкуулар, пикирий күрөштөр болот, мыйзамдарды да идеологияга туура келерин текшергенден кийин гана кабыл алышат, алыскы келечектеги жетишкендик-ийгиликтер боюнча алга сүрүлгөн пландар жөнүндө туура пикирди, натыйжалуу пландарды иштеп чыгуу туурасында пикирлешет.
Эгер элибизде жогору эмес, эч болбогондо жөнөкөй пикирлөө болгондо коомдогу өкүмдар болгон көп пикирлерден кыжаалат болмок. Ал пикирлерге чакырууну токтотуп, андай пикирлерди көтөрүп жүргөн журтташтарына боору ооруп, ката пикирлерин оңдоо менен дүйнө алдындагы шерменделиктен элибизди батыраак чыгарууга аракет кылмак. Маселен, төрт мезгилди тең камтыган, ажайып табияты менен адамдардын көз жоосун алган өлкөбүз, дүйнөдөгү эң кооз жайлар, бейиштей болгон жерибиз, кен байлыктарыбыз, сууларыбыз бар. Кыскасы, Аллах Таала бизге кемчиликсиз өлкөнү тартуу кылган деп мактанабыз. А бирок “Аллахты жана Анын динин жашообузга аралаштырбайбыз” деген пикирди конституцияга негиз кылып алганбыз. Ар бир ишти, саясатты, мыйзамдарды ошол негизге т.а. “Аллахты жашообузга аралаштырбоого” негиздешибиз, Аллах Тааланын өкүмдөрүн таратып жаткандарды, калк арасында Куръан жана хадистен таалим бергендерди “террорист”, “экстремист”, эл душманы деген пикирди өкүмдар кылуубуз акылга сыябы?! Жедирип, ичирип, окутуп, өнөр үйрөткөн, жада калса машина, үй-жай кылып бергенден кийин атасын карылар үйүнө таштап кеткен перзентти кандай адам деп ойлойсуз? Ага “атаңды алып кел, ал үйдүн төрүндө олтурушу керек, анын сөзүн ук” десең “атамдын мени жашоомо аралашуусуна акысы жок” десе эмне демексиз?!
Ушул сымал жердеги бардык нерселерди биз үчүн жаратып, акыл неъматы менен бизди бардык маклуктардан абзел-жогору кылган, Ислам неъматын Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) аркылуу таалим берип, жашоодо адашпастыгыбызды кепилдеген Аллах Тааланы, Исламды жашоого аралаштырбайбыз деген пикирди кайсы акыл макулдайт? Бир аз пикирлебейсиңерби?! Ким динди жакшы үйрөнүп, андан кийин жашоого аралаштырып болбойт деген пикирге келди же мен жашооңорго аралашпаймын деп Аллах Таала вахий кылдыбы?!
Акмактык пикирлер бизге өкүмдарлык кылып жатканына дагы бир мисал: бүт барлыкты, анын катарында жерди да Аллах жаратты деп билебиз. Бул нерсеге атеисттерден башка эч ким каршы чыкпайт. Жада калса бизге Аллах бейиштей жерди берген деп мактанабыз, а бирок ошол жерден кимге канча үлүш тийгенин, кайсы жер кимге тийиштүү экенин Ээсинен сурабайбыз, Китебинен издебейбиз?! Өз ара келишип алсак да ката болот эле. Бирок уят, шерменделик болбойт эле. Душмандар бизге каршы “бөлүп жарып, өкүмдарлык кыл” деген ураан негизинде иштелип чыккан “Сайкс-Пико келишимин” негиз кылышы, “Сталин өлгөнү менен сөзү өлбөйт” деген мааниде өлкөбүздө кыргындарды жасаган, динибизди жок кылып, ордуна динсиздикти, аракты, бузукулукту алып келген баскынчылардын чечимдерин негиз кылып, жасалма чегараларды тартып, бир Умматты ыдыратып бөлгөн тосмолорду коюу, бул үчүн үлкөн каражат сарптап, күнү-түнү кайтаруу, талаш болуп калса ошол куфрдун чечими негизинде бул жай кимге таандык экенин аныктоо шерменделик эмеспи?! Бул чегаралардын кимге пайдасы бар, бул элди кыйноодон башка нерсе эмес го?! Ушул чегара балээсинен канчадан-канча инсандар азап тартууда, жада калса бейкүнөө кандар төгүлүүдө, бул дагы качанга чейин уланат?!
Пикирлеп, далил менен айткыла! Бул чегаралардын болушу зарыл, чегара болбосо жашообуз бузулат деген пикир бираз акыл калчаган, тарыхыбызды үйрөнгөн инсан канчалык келесоолук экенин билет. Мындай чегаралар болбосо да өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин эч кандай согуш-жаңжалсыз, кудачылык-достук негизинде жашаганыбыз жаркын далил эмеспи?! Жашоо образы башка болгондордун ортосунда, душмандар ортосунда чегара болот. Роббим Аллах, диним Ислам, китебим Куръан, кыбылабыз бир, мазарыбыз бир болуп, бири-бирине бурадар болгон калктар ортосунда чегара болушу Умматка балээ, шерменделик, эки дүйнө кордугун алып келет. Мындай жасалма чегаралар – душмандардын максаты, планы. Алар Умматты бөлүп, бир-бирине тукуруу үчүн колдонгон уу, өз таасирин өткөрүү үчүн пайдаланган курал.
Дагы бир мисал, “кыз бала – бейиштин ачкычы” деп кыздарды кадырлаган, “силердин эң жакшыңар – аялына жакшы мамиле кылгандар” деп аялдарды урматтаган, “жакшылыкты энеңе, дагы энеңе, дагы энеңе, андан кийин атаңа кыл”, “бейиш энелердин таманы астында” деп энелерибизди көккө көтөргөн динибизди четке сүрүп, “аялдардын укугу”, “аялдар эркин болушу керек”, “тең укуктуулук” деген сыяктуу жалтырак сөздөр менен эмнелерге жетиштик?! Аял жолдошуна баш ийбестен шерменде болуп көчөдө жүрүшү, эркектер үй-бүлөнүн жоопкерчилигин эмес, “эркин кыздарга” аңчылык кылып түнкү клубдарда тапканын чачышы, убактысын үй-бүлөсү, перзенттери менен эмес, сойкулар менен өткөрүшү натыйжада үй-бүлөлөр бузулуп, перзенттер ата-энесиз калышы, балдар бойго жеткенде ата-энесинен иренжип, аларга таптакыр көңүл бурбашы куфр пикирлеринин уулап жаткан жемиштеринен эмеспи?!
Бу мисалдар бизге өкүмдар болгон, коомубузду уулап жаткан айрым пикирлер гана. Мындай уу пикирлерди бизге өкүмдар болуп калышына депутаттар, бийлик, президент гана айыптуу эмес, бул пикирлердин конституциябызга негиз болушуна, жашообузга өкүмдар болушуна макул болуп, аны өзгөртүү үчүн аракет кылбай жаткандар да жооптуу. (уландысы бар).
Муфаккир Абдулхак
Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар, өзгөчө Трамптын кескин саясий чечимдери…
Басма сөз баянаты Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?! Аллах Таала Рамазан…
Басма сөз баянаты Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили…
Басма сөз баянаты Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы Яхудийлердин жетекчилери менен кылмышкерлердин согушту, кыргынды…
Басма сөз баянаты Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген…
Басма сөз баянаты «Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?! Кечээ, Рамазан айынын…