Мамлекеттик ипотекадан бериле турган батирлер 1400 долларга чейин бааланууда
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчисинин орун басары Тилек Жээмбаев Кыргызстанда жарандарга берилип жаткан ипотекалык турак жайлардын чарчы метри 650 доллардан 1400 долларга чейин бааланарын билдирди.
Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 3-марттагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Жээмбаевдин сөзүнө ылайык, ушул тапта Кыргызстан боюнча мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында 62 миң батирдин курулушу жүрүп жатат.
Комментарий:
Кыргыз өкмөтү мамлекеттик ипотекалык турак жайларды куруу үчүн Сауд Арабиядан 79 миллион доллар каражатты 1% кредит менен алган. Саудия менен келишимге 2024-жылы апрелде Эр-Риядда кол коюлган. Бул долбоорду ишке ашыруунун аркасында муктаж болгон миңдеген үй-бүлөлөр ипотекалык насыялоо системасы боюнча социалдык турак-жай алышаары айтылган. Ал акчага курулган батирлерди элге 8% үстөк пайыз менен сатууда. Өкмөт “Ислам өнүктүрүү банкы”нан жакырлардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн сүткордукка негизделген бир пайыздык насыяларды сунуш кылганы аз келгенсип, турмуш чындыгында жок чыгымдарга жамынып алып үстүнө дагы жети пайыз кошуп киреше табууга аракет кылууда. Бул аз келгенсип, батирлердин жарымы эки эсе кымбат баада сатылууда.
Мындан да маанилүүсү, Саудиянын Ислам өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишим жана мамлекет берип жаткан турак жай келишимдери сүткорлукка негизделген. Алла Таала айтат:
“Оо, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула эгер момун болсоңор, (мурун алып жүргөн) сүткорлук пайдаңардан калганын албагыла. Эгер андай кылбасаңар, анда Аллах жана анын элчиси тарабынан (силерге каршы жарыялана турган) согушту билип койгула. Жана эгер тооба кылсаңар, (пайда кошулбаган) мал-мүлкүңөр өзүңөргө. (Ошондо бирөөгө да) зулум кылбайсыңар, силерге да зулум кылынбайт“. (2:278-279).
Бардык банктар шариятта тыюу салынган акционердик коомдор болуп, киреше табууну гана көздөшөт. Алардын максаты адамдарды сүткорлуктун азабынан жана шариат тыюу салган амалдардан арылтуу эмес. Тескерисинче, Аллахтын мыйзамдарына каршы келген иш чараларга Исламий аталыш берүү аркылуу мусулмандарды адаштыруу жана өкүмдөрдү бурмалоо болуп саналат. Капиталисттик башкаруунун табияты ушундай.
Мунун каршысында, Ислам мамлекетке калктын үй, кийим, жеп-ичүү сыяктуу негизги муктаждыктарын камсыздоону парз кылган. Бул каражат мамлекеттик бюджеттен камсыздалат. Ал эми, мамлекеттик бюджет: ганимат, фай, хирож, жизя, элдик мүлктүн кирешелери, мамлекеттик мүлк жана анын кирешелери, бажы төлөмү, жетекчи жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз байлыктары, айыппулдар, хумус, мураскери болбогон адамдын мүлкү муртаддардын мүлкү сыяктуу булактардан толтурулат. Бул кирешелер үммөттүн кызыкчылыгын камсыздоого жетиштүү болгондуктан, Исламда калктан туруктуу түрдө салык алынбайт. Ислам муну менен баюуга тыюу салбайт. Тескерисинче, бул социалдык теңсиздикти жана ортодогу зыянды жоюу болуп эсептелет. Демек, биз мусулмандар учурдагы абалды өзгөртүү үчүн мына ушундай дүйнө карашка ээ, бакубат жашоону кепилдеп бере турган өз Исламыбызды терең үйрөнүп, аны жашоого алып келүүгө аракет кылышыбыз шарт!
Нурдин Асаналиев