Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстандын карыз жүгүн дагы 222 миллион долларга көбөйтөт
Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстандын карыз жүгүн дагы 222 миллион долларга көбөйтөт. Макулдашуу Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан бекитилди.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде АБР 74,8 миллион долларды грант катары, 147,2 миллион долларды болсо кредит катары берери айтылат. Кабинеттин мүчөлөрү жыйында каражат кандай долбоорлорго багытталарын түшүндүрүштү:
– 40 миллион доллар сугат иштерине, анын ичинде өлкөнүн ар түрдүү аймактарында каналдарды модернизациялоого жана тазалоого багытталат;
– 65 миллион доллар региондордогу банктар аркылуу ипотекалык насыялоого;
– 1 миллион доллар бизнеске кызмат көрсөтүү борборун санариптештирүүгө,
– 3 миллион доллар социалдык мекемелерди модернизациялоого;
– 530 миң доллар Чүй облусундагы ГЭС-5те күн энергиясынын калкып жүрүүчү станциясын курууга;
– 37,5 миллион доллар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жаңы өткөрмө пункттарын курууга;
– 35 миллион доллар эскирген имараттарды реконструкциялоо жана жылуулоого;
– 50 миллион доллар климаттык долбоорлорго, анын ичинде энергетика тармагына багытталат.
АӨР менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу ушул тапта 30 жылдан ашык убакыттан бери уланып келет. Бул мезгил аралыгында 80ден ашык макулдашуу түзүлгөн. 30 жылда Кыргызстанда 6 президент алмашкан жана ар бир жаңы бийликтин келиши менен карыз жүгү улам көбөйүп келет. “Эгер маселе чечилип жатса, карыз алгандан тартынбайлы”, – деген ураан менен, эл аралык фонддор жана банкттар тарабынан сунушталган карыздарды ала берип, анын жүгү карапайым калктын мойнуна жүктөлүп келет.
Узак мезгилден бери эл аралык каржы уюмдары дүйнөлүк колониалдык системанын негизги куралы экенин билебиз. Бул уюмдар карыз жана насыя берүү аркылуу өнүгүүнү тескери багытта, артта калган абалда кармап турат. 2024-жылдын аягында Кыргызстандын жалпы карызы 6 миллиард доллардан ашып кетти. 2023-жылы эле бул карыздардын пайызын төлөөгө бюджеттен 48,6 миллиард сом багытталган. 2025-жылы карыздын пайызын төлөө 75,6 миллиард сомго жетет деп күтүлүүдө. Демек, соңку 15 жылда тышкы карыздарды төлөө үчүн жумшалган каражаттар дээрлик 10 эсеге өскөн.
Кыргызстан өкмөтү экономиканын өсүшү жөнүндө көз карандысыз отчетторго карабай, эмне үчүн карыздын катастрофалык кесепеттерин билип туруп, кайрадан кредиттерди алып жатат?
Мурун империалисттер өлкөлөрдү колония кылууда, түздөн-түз аскердик күч менен басып кирген. Бүгүнкү күндө колония кылуу ыкмалары өзгөрдү жана бул үчүн армиялардын жортуулдары зарыл эмес. Эл аралык түзүм колония кылуу ыкмаларын дүйнөлүк деңгээлде түптөп алды. Алар өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам берүү урааны астында кредит, грант жана карыз берүү ыкмасын ишке салышат. Колонизаторлор өз таасирин орнотуу жана күчөтүү үчүн ушундай ыкмаларды көп колдонушат. Кийин, өз саясий кызыкчылыктарын таңуулашат жана кредит алган өлкөлөр үчүн азыртан эле пайдасыз болгон макулдашууларды түзүшөт. Берилген карыздар өлкөнүн экономикасынын негизи болгон, өнүгүү жолунун башаты болгон кандайдыр бир өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө багытталбайт. Мисалы, “эгемендик” алгандан бери алынган карыздардын чоң бөлүгү энергетика тармагына, жол курулушуна, бюджетти жапканга багытталган. Кирешесиз долбоорлор жана пайдасыз макулдашуулардан улам, өлкө дагы карызга алууга мажбур, болбосо ал стагнацияга кабылат. Натыйжада, бул карыздар экономиканы өнүктүрүүгө жардам бербегени аз келгенсип, пайыздык төлөмдөрдү жогорулатат. Ошентип, карыз капканына түшкөн өлкө иш жүзүндө чет элдик инвесторлорду коргоо жөнүндөгү мыйзамдарды кабыл алып, колонизаторлордун саясатын аткарууга милдеттүү болот. Натыйжада, коррупциялык жол менен кредиттерди пайдаланган ар тармактагы чиновниктер чөнтөктөрүн кампайтышат, ал эми эл жылдар бою карызды төлөөгө мажбур.
Кыргызстан үчүн эң туура чечим – батыш банктары менен бардык байланыштарды үзүү. Анткени алар батыш капиталисттеринин гана кызыкчылыктарына кызмат кылышат. Анын ордуна исламдын пикирий жетекчилигинин астында өзүбүздүн экономикабызды, тактап айтканда толук кандуу ислам экономикалык түзүмү негизинде бардык өнөр жай тармактарын өнүктүрүшүбүз керек. Жоопкерчиликтүү жетекчинин жоктугунан улам бийлик алмашууда жана мындай жагдай туруксуз абал жаратып, “жаман үйдүн коногу бийлейт” дегендей өлкө тышкы оюнчулардын оюнчугуна айланууда. Түбү жок алынып жаткан карыздар өлкөнү колонизаторлордун эркине жана кулчулук саясатына чынжырлоодо.
Албетте, Кыргызстан сыяктуу алсыз мамлекеттерге жардам керек. Бирок, бул жардам талап-тоноочулар, уурулар тарабынан эмес, Ислам мамлекети тарабынан көрсөтүлүшү керек. Ал бүткүл үммөттү туура башкаруу жана экономикалык түзүмдүн негизинде бириктирип, бардык күчүн жана мүмкүнчүлүктөрүн үммөттүн маселелерин чечүүгө багыттайт. Буга жетишүү үчүн саясий активдүүлүктү күчөтүү зарылдыгын кабыл алуу керек жана аны менен бирге исламий өнүгүү долбоорун беш колдой билүүгө умтулуу зарыл. Мусулмандар саясатка катышуунун маанилүүлүгүн, атап айтканда, элдин атынан чыккан жана элди экономикалык кулчулукка түрткөн башкаруучуларды тергеп-тескөө зарылчылыгын түшүнүп жетүүсү керек.
Латыфуль Расых