Жаңылыктар

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга мамлекеттик сапар  жөнөп кетти. Мамлекеттик сапар 7-февралга чейин улана турганын Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров сапардын алдында Кытайдын “Синьхуа” агенттигине маек куруп, эки өлкөнүн ортосунда өнүгүп жаткан алакалар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Кытай менен товар жүгүртүү 2024-жылы 22 млрд доллардан ашты. Бул мурунку жылга караганда 15% көп. Анын 91%ын импорт, 9%ын экспорт түзөт. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы мамлекеттер ортосунда саясий ишеним жогорку деңгээлде экенин ырастап турат. О.э кыргыз-кытай чек арасында “Торугарт”, “Эркечтам” бекеттерине кошумча “Бедел” өткөрмө бекети ачылып, соода алаканы дагы өстүрүүгө жол ачууда. Кыргызстан бажысы өткөрмө пункттардын иштөө режимин 2024-жылдын мартынан бери 24/7 режимге өткөргөн. Буга кошумча, жакын арада “Барскоон-Үчтурфан-Аксу” автоунаа жолу курулат. Кыргызстан “Шанхай кызматташтык уюму”нун Уставынын принциптерин жана жоболорун так сактайт.

Комментарий:

Белгилүү болгондой, кыргыз бийлиги 2023-жылы Кытай менен “Баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк” тууралуу келишимге кол койгон.

Саясий жактан:

Андан бери эки өлкө президенти ар кандай форматта 3 жолу жолугушуу өткөрүп, өкмөт башчы, вице-премьер министр жана парламент төрагасынын деңгээлинде бир катар расмий сапарлар уюштурулду. Кытай жарандарынын Кыргызстанга кирүүсү үчүн 21 күнгө визасыз режим киргизилди. Тынымсыз уланган бул жолугушуулар Кытайдын өлкөдө саясий жактан да таасири артып жатканынан кабар берет. Айрыкча, Орусия Украина жана ички саясий кризистери менен алек болуп жаткан чакта, өлкө бийлиги үчүн бул ыңгайлуу учур болуп жатат.

Экономикалык жактан:

Эки өлкө ортосундагы соода байланыш артып, бир катар инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Маселен, өлкө ичинде кыргыз-кытай унаа чогултуучу завод, катуу таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү завод, Ысык-Көлдө 400 МВттык күн электр станциясынын курулушунун биринчи фазасы, Ысык-Көл айланма жолунун реконструкциясы жана “Орто-Токой” кичи ГЭСинин курулушуна старт берилди. 30-августта “Жунда” заводунун ишин баштоо аземи өттү. Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы алты ири көмүр кени кытайлык компанияларга иштетүүгө берилди. “Эркечтам” чек ара бекетине жакын жерде көмүрдү чогултуп, андан ары Кытайга жөнөтө турган соода-логистикалык аянтча, көмүр ленталык конвейер жана көмүр кампалары курулууда.

Мындан тышкары, ондогон жылдан бери созулуп келген Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна 2024-жылы 27-декабрда старт берилди. Темир жол курулуп, ишке кирсе Кытайдын таасирин бекемдеген дагы бир фактор болуп калмакчы. Анткени темир жолду ишке ашыра турган компаниянын 51% үлүшү Кытайга, Кыргызстан менен Өзбекстанга 24,5%ы тиешелүү. Долбоордун суммасы 4,7 млрд доллар деп бааланган. Буга улай, Кытай компаниялары ээлик кылган бир катар долбоорлор да ишке ашырылып жатат. Маселен, Кытай компаниялары катышкан жана көзөмөл пакетти колуна алган биргелешкен ишканалар түзүлүп, алар “Манас” шаары, “Атбашы” эл аралык соода-логистикалык борбору өңдүү ири долбоорлорду ишке ашырууда. Жалпысынан өлкөдө 300дөн ашуун Кытай ишканалары иштейт, андан тышкары 200гө жакын кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Ал эми тоо-кен иштетүүчү ишканалардын 80 %ы кытай компанияларына таандык. Буга кошумча, темир жол долбоорунун алкагында “Жетим-Тоо” темир кени, “Кызыл-Омпол” титан кени сыяктуу бир катар стратегиялык кен байлыктар казылмакчы. Аталган табигый ресурстар чийки дагы, кайра иштетилген түрдө дагы Кытайга ташылмакчы. Барскоондон Үч-Турпан, Ак-Сууга карай түз жол ачкан Бедел ашуусу дал ушул багытка кызмат кылмакчы. Муну кызматтан кеткен өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун Кытайдагы титан иштеткен ири компания менен “Кызыл-Омполдун” титанын кайра иштетүү тууралуу сүйлөшүүсү да тастыктап турат. Ал эми, Кыргызстандын Кытайдан алган насыясы 4,5 млрд долларлык тышкы карыздын үчтөн бирин (36%) түзөт. Демек, табигый ресурстар президент жаңы кызматка киришип жатканда айткандай, тышкы карызды төлөө үчүн да иштетилиши толук мүмкүн.

Сакофий жактан:

Соңку жылдары Бээжин Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагына да көбүрөөк көңүл бура баштады. Кытай тилин жана маданиятын жайылтуу иши активдүү жүрүп келет. Конфуций институттарынан төртөө, Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда 20дан ашуун Конфуций класстары бар. Аларда 10 миңден ашуун окуучу билим алууда. Кытайдагы жогорку окуу жайларда билим алган кыргызстандыктар бир кыйла көбөйгөн. Учурда Кытайдын ар кайсы провинцияларындагы окуу жайларда акысыз билим алууга кетип жаткан кыргызстандык студенттердин агымы өсүп жатат.

Жыйынтыктап айтканда, Кытайдын аймактагы таасири артышы мусулмандар үчүн кооптуу экенин унутпашыбыз керек. Айрым инфраструктураны жакшырткан жана стратегиялык долбоорлордун ишке ашып баштоосуна алданбашыбыз зарыл. Анткени, бул долбоорлор Кытайга көз карандылыгыбызды дагы да күчөтөт. Кыргыз бийлигинни Орусия чеңгелинен кутулуу жолунда Кытай тарапка жүздөнүшү бул “жамгырдан качып, добулга тутулуу” сыяктуу иш болуп эсептелет. Бул нерсе мамлекеттин келечеги жана мусулман калктын ыйман-ишеними үчүн олуттуу коркунуч. Бирок, расмий өкмөт Кытай бере турган грант жана карыздардын акысына кытайларга мамлекеттин эшиктерин кеңири ачып берүүдө. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторубуздун башына түшүп жаткан зулумдар көпчүлүк үчүн жомок сыяктуу сезилүүдө. Кытай Чыгыш Түркстандагы репрессиясын баштоонун алдында ондогон жылдар бою калкты сакофий колония кылуу менен убара болду. Андыктан, биз мусулмандар бийликтин үммөттүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерине жана динсиз Кытайдын аймактагы баскынчылык саясатына каршы турушубуз шарт! Албетте, бул каршылык Ислам мабдасы негизинде болсо гана натыйжа берет. Анткени, улутчулдук, мекенчилдик туйгулары негизиндеги каршылык убактылуу болуп, учурдагы системага каршы тура албайт. О.э биз мусулмандар Кытайдын баскынчы саясатына каршы турууда Батыштын айла амалдарына алданып, анын саясатына кызмат кылып калуудан этият болушубуз керек. Демек, биз мусулмандар Ислам жана аны бийик көтөрүүгө аракет кылып жаткандардын сабында иш алып баруу менен гана эки дүйнө сыйлыгына жетишебиз иншаАлла!

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

16 hours ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago

Абу Жахилдин өлтүрүлүшү

Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago

Ливандагы жаңы саясий өзгөрүүлөр

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Ливандагы жаңы саясий өзгөрүүлөр Суроо: “Al-Araby Al-Jadeed” сайтында 2025-жылдын 21-январында төмөнкү…

1 week ago