Макала

Абу Жахилдин өлтүрүлүшү

Бисмиллаахир рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Абу Жахилдин өлтүрүлүшү

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Навави Имам Муслимдин “Сахих” китебине шарх берип, “Абу Жахилдин  өлтүрүлүшү” бөлүмүндө айтат:

حدثنا علي بن حجر السعدي أخبرنا إسماعيل يعني ابن علية حدثنا سليمان التيمي حدثنا أنس بن مالك قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: “من ينظر لنا ما صنع أبو جهل؟ فانطلق ابن مسعود فوجده قد ضربه ابنا عفراء حتى برك، قال: فأخذ بلحيته فقال آنت أبو جهل؟ فقال: وهل فوق رجل قتلتموه أو قال قتله قومه؟ قال: وقال أبو مجلز: قال أبو جهل: فلو غير أكار قتلني

Бизге Али бин Хажар Ас-Саьди Анас бин Маликтен риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Абу Жахилге эмне кылынганын бизге ким көрүп келет”? Ибн Масьуд жөнөп кетти. ал Афранын эки уулу аны чөгөлөп калгыча жарадар кылышканын (өлүм алдында жатканын) көрдү. Ибн Масьуд анын сакалынан кармап: “Сен Абу Жахилсиңби”? –деди.  Абу Жахил айтты:  “Силер өлтүргөн (же коому өлтүргөн) адамдан жогору бирөө барбы? Эгер мени аккаарадан (дыйкандан) башка бирөө өлтүрсө абзел болмок”.

“Силер өлтүргөн (же коому өлтүргөн) адамдан жогору бирөө барбы?” дегени, мени өлтүргөнүңөрдөн кыжаалат болбойм деген маани.

“Эгер мени аккаарадан (дыйкандан) башка бирөө өлтүрсө абзел болмок”. Аккаара – бул дыйкан. Арабтарда согуш талаасында дыйкандын колунан өлгөндү кемсинтүү катары баалашкан. Абу Жахил муну менен аны өлтүргөн жана ансарлардан болгон Афраанын эки уулуна ишаара кылды. Алар эгин эгишке жана пальма дарактарын өстүрүү менен алектенишкен. Мунун мааниси, мени өлтүргөн дыйкан болбой жоокер болгондо жакшыраак болмок жана мында мен үчүн эч кандай кемчилик болмок эмес дегени.

Сүйүктүү бир туугандар!

Биз бул асыл үммөтткө эмне болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылып жатабыз. Абу Жахил бизге узак аралыктан жана кара жүрөгү, чаң баскан акылы менен кайрадан элге насаат айтып жаткандай: “Оо адамдар, мен силерге султан болдум, адашууңардан кийин буттарыңарды сындыргыла. Мага сыйынгыла. Анткени мен дайыма эле көрүнө бербейм. Ошондуктан мени көргөнгө чейин сабыр минбарында күткүлө. Балдарыңды нансыз калтырып, аялдарыңды күйөөсүз калтырып, мени ээрчип Аллахтын ушул нээматына  шүгүр кылгыла. Ал мени тарых жазуу үчүн жиберди. Менсиз тарых жазылбайт” – дегенине  колдоп, кол чаап жатышкандай.

Эй мусулмандар!

Жахилият кайталануучу абал жана белгилүү бир мезгилге же Абу Жахилге эле байланыштуу эмес. Аллах Тааланын жолунан тайып, Аллах Таала адамдарды жараткан табиятка каршы келген ар кандай коом – жахил (караңгы сабатсыз) коом.

Бүгүн үммөт башынан кечирип жаткан бул наадандык, жахилдик Мекке доорундагы жахилдик, караңгылыктан да жаман. Арабдар ал кезде кыздарды тирүүлөй көмүү, ойноштук, арак ичүү сыяктуу мыкаачылыктарына карабай, алардын бекем карманып, сыймыктанган жакшы иштери, адеби бар эле. Айкөлдүк, кайраттуулук, сабырдуулук, жардам берүү, аруулук, убадага берилгендик, намыстуулук сыяктуу. Ыйык Куран бул наадандыкты, жахилиятты сүрөттөп, анын көрүнүктүү тарабын жана бузукулуктарын сыпаттаган. Анда, адилетсиздик, кылмыштуулук, текебердик, ысырапкорчулук,  адашуу, шектенүү, бузукулук, жер бетин кыйратуу, кан төгүү, акыйкатты шылдыңдоо, башчыларына көр-сокурларча моюн сунуу, каалоо жана нафсиге ээрчүү сыяктуу сыпаттар баяндалган. Курандагы  бул сүрөттөө аркылуу жахилият коому Аллахка болгон ишенимди четке каккан жана жүрүм-туруму Аллахтын жолунан тайган коом экенин билебиз. Арабдардын көчмөн жана мал-чарбачылык коому сабатсыз коомбу же атомдук, электрондук акыл-эстин, космосту багындыруунун доорунда жашаган коом төмөнбү? Айтор, Курандагы бул сүрөттөлүш менен биз Абу Жахилдин абалы биздин өлкөлөрдө: Йеменде, Суданда, Индияда, Пакистанда… жана башка бардык өлкөлөрдө дагы эле кайталанып жатканын көрүп  жатабыз.

Эй мусулмандар!

Афранын эки уулу Абу Жахилди биринчи болуп өлтүрүшкөн. Ошондуктан, ким Абу Жахилди экинчи жолу өлтүрсө, экинчи жахилияты өлтүргөн болот. Жахилият урандыларына акыйкат мамлекетти орнотуп, анын азабын үммөттөн тазалаган болот. Биз Аллахтан жаахилияттын (карангылык жана наадандыктын) мусулман дүйнөсүнөн тезирээк чыгарылышын жана мусулмандардын халифасы башкарган мамлекет аркылуу Курани Каримдин үстүбүзгө өкүм кылышын тилейбиз. Амиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 11-ражаб.

2025-ж, 11-январь.

turkistonkg

Recent Posts

Ливандагы жаңы саясий өзгөрүүлөр

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Ливандагы жаңы саясий өзгөрүүлөр Суроо: “Al-Araby Al-Jadeed” сайтында 2025-жылдын 21-январында төмөнкү…

3 days ago

Хирож

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Хирож Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

4 days ago

Газада жөөт баскынчыларынын кыргын жана кыйратуулары артынан Трамп кооптуу тынчтык келишимин ишке салды!

Мусулман өлкөлөрүндөгү лидерлердин шерменделик толо үнсүздүгү созулуп, Газада жөөт баскынчыларынын кыргын жана кыйратуулары артынан Трамп…

6 days ago

Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду

Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду Кыргызстан президенти Садыр Жапаров коомдо катуу каршылыкка учураган Дин…

1 week ago

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү Дүйнөдө миллиардерлердин жалпы байлыгы 2023-жылкыга салыштырмалуу үч эсе…

1 week ago

Бербок колониалдык миссиянын кызматында

Басма сөз баянаты Бербок колониалдык миссиянын кызматында 2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок…

1 week ago