Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Дин – бул насаат
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Ан-Навави Имам Муслимдин “Сахих” китебине берген шарх берип, “Дин – бул насаат” бөлүмүндө айтты:
حدثنا محمد بن عباد المكي حدثنا سفيان قال قلت لسهيل إن عمرا حدثنا عن القعقاع عن تميم الداري أن النبي صلى الله عليه وسلم قال
“الدين النصيحة قلنا لمن قال لله ولكتابه ولرسوله ولأئمة المسلمين وعامتهم“
Бизге Мухаммад бин Аббад Аль-Маккий Тамим ад-Дариден риваят кылды. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Дин – бул насаат. Биз айтттык кимге? Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Аллахка, Анын китебине, Анын элчисине, мусулмандардын имамдарына жана жалпы мусулмандарга”.
Сүйүктүү бир туугандар!
Бул асыл хадисте мусулмандардын өз ара насааты исламдагы чоң иш экендиги тууралуу айтылган. Насаат илимдүү адамдардан тартып, карапайым адамдарга чейин коомдун бардык катмарын камтыйт. Мусулмандын абалы мына ушундай. Ал мусулман бир туугандарынын арасында ар дайым насаат кылат. Ошондой эле, насаат кылынган абалда болот. Бул өзгөчө абал Ислам коомунда ар дайым өкүм сүргөндүктөн, таза, тунук жашоонун тепкичинде барган сайын өнүгүп барат.
Мусулмандарга насаат кылуучу, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарган жамаат же хизбдеги абал да ушундай. Хизб-ут-Тахрир ушул күнгө чейин үммөтткө насаат кылып келүүдө. Хизб үммөткө Аллах түшүргөн нерсе менен башкарылышы керектигин түшүндүрдү. Хизб үммөткө Аллахтын өкүмүнө ылайык карайт жана башка исламий топтор жана партиялар карагандай карбайт.
Үммөт бир дене сыяктуу. Ага жеткен азап бүт денеге тарайт. Демек, улуттук негиздеги Египет, Иордания, Йемен, Тунис жана талкаланып жаткан Палестина сыяктуу мамлекетчелерге чакыруунун өкүмү кандай? Токсон жылдан бери ушул улуттук мамлекеттерге чакырып, акыл-насаатын айтып жүргөндөр! Аллах силерге ушул нерсени насаат кылганбы? Жарандык мамлекет жакшыбы же Аллахтын өкүмү менен башкарылган мамлекетпи? Демократиялык мамлекет жакшыбы же Аллахтын дини үстөм болгон мамлекетпи? Оо жамааттардын лидерлери! Насаат ушундай болобу? Аллах Таала насааттын исламий болушун каалайт. Токсон жыл бою жамааттар патриоттук, улутчулдук негизде насаат кылышты. Америка баштаган куфр тарабынан чыгарылган демократия, секуляризм жана жарандык деген чет элдик терминдерди насаат кылдыңар. Адамдар бул терминдерди исламий кыймылдар кабыл алып, ага чакыргандан кийин гана кабыл алышты. Бул алардын сакофатынын бир бөлүгү болуп калды.
Эй мусулмандар! Насаат – бул аманат жана бул аманатты саясат майданына чыгуу шылтоосу менен жоготуп албашыбыз керек. Аллахка касам! Мындай насаат мусулмандар үчүн эмес. Ким Аллахты жана анын шариятын кааласа, Аллахтын толук шарияты ачык көрүнүп турат. Ислам шариятына эч кандай тиешеси жок насааттар менен мусулмандарга кайрылуу мүмкүн эмес.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 24-жумаадус-саани.
2024-ж, 26-декабрь.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул…
Газа боюнча келишим: Ким жеңди? Баскынчы жөөт өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС…
Кыргызстанда свет 26 тыйынга кымбаттайт 2025-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап,…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллах Тааланын бейиште мужахиддер үчүн даярдаган даражалары Урматтуу бир…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Пенде жакшы көргөнү менен бирге болот Урматтуу бир туугандар…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын ырайымы Анын каарынан үстөм Урматтуу бир туугандар “Асыл…