Макала

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Навави Имам Муслимдин “Сахих” китебине берген шархында айтат:

حَدَّثَنَا يَحْيَى بْنُ يَحْيَى التَّمِيمِيُّ وَقُتَيْبَةُ بْنُ سَعِيدٍ وَاللَّفْظُ لِيَحْيَى قَالَ قُتَيْبَةُ حَدَّثَنَا وَقَالَ يَحْيَى أَخْبَرَنَا جَعْفَرُ بْنُ سُلَيْمَانَ عَنْ أَبِي عِمْرَانَ الْجَوْنِيِّ عَنْ أَبِي بَكْرِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ قَيْسٍ عَنْ أَبِيهِ قَالَ: سَمِعْتُ أَبِي وَهُوَ بِحَضْرَةِ الْعَدُوِّ يَقُولُ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:” إِنَّ أَبْوَابَ الْجَنَّةِ تَحْتَ ظِلَالِ السُّيُوفِ”، فَقَامَ رَجُلٌ رَثُّ الْهَيْئَةِ فَقَالَ يَا أَبَا مُوسَى آنْتَ سَمِعْتَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ هَذَا؟ قَالَ نَعَمْ قَالَ: فَرَجَعَ إِلَى أَصْحَابِهِ فَقَالَ: أَقْرَأُ عَلَيْكُمْ السَّلَامَ، ثُمَّ كَسَرَ جَفْنَ سَيْفِهِ فَأَلْقَاهُ ثُمَّ مَشَى بِسَيْفِهِ إِلَى الْعَدُوّ،ِ فَضَرَبَ بِهِ حَتَّى قُتِلَ

Бизге Яхья бин Яхья Ат-Тамими жана Кутайба бин Саид Абу Бакр бин Абдуллах бин Кайстан, ал атасынан риваят кылган хадисте айтты:  “Мен атамдын  душмандын алдында  айтканын уктум: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Бейиштин дарбазалары кылычтардын көлөкөсүндө. Ошондо бир эски кийим кийген адам ордунан туруп: Оо Абу Муса, сен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын ушундай дегенин уктуңбу? – деди. Ал айтты: “Ооба”.  Ал адам ордунан туруп жолдошторуна кайтып келип: “Силерге салам айтамын деп, анан кылычынын кынын сындырып ыргытып жиберди. Анан кылычы менен душманга карай кирип шейит болгонго чейин согушту”.

“Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө” дегендин мааниси, жихад жана согушка катышуу – бейишке баруучу жол жана ага кирүүгө себеп экендиги.

Кылыч менен болгон жашоонун артында даңк, коркоктук менен болгон жашоонун артында кордук болот.

رب وامعتصماه انطلقت مِلْءَ أفواه الصبايا اليُتَّمِ

لامست أسماعهم لكـنها لـم تلامس نخوة المعتصم

Оо Мутасим, деп жетим кыздар болгон үнү менен кыйкырууда. Бул кыйкырык мусулман акимдердин кулактарына жетип барды. Бирок, алар Аль-Мутасим сыяктуу жортуулга чыгышпады.

Салахуддин Палестинаны кылмышкер кресттүүлөрдүн ыпластыгынан, алар Аксо мечитинин короосунда жетимиш миң мусулман жана аалымды өлтүргөндөн кийин азат кылды. Ооба, ал аны бошотту жана Дамасктын хатиби Мухий ад-Дин ал-Курайший хутбада туруп, Аксо мечитинин минбарынан насаат айтты. Анын башында: “فقطع دابر الذين ظلموا والحمد لله رب العالمين”. “Заалымдардын арты (тамыры) кыйылды. Ааламдардын Роббиси Аллахка мактоолор болсун” деп хутба кылды.

Аль-Мутасим мусулман Амуриялык аялды шаарды өрттөп жибергенден кийин бошотподу беле? Ооба, эй мусулмандар! Үммөттүн кадыр-баркына доо кеткенде, өзүнүн башкаруучуларынын колунан кырылып, анын көз алдында байлыгы тонолуп, пайгамбарына акаарат келтирилип, китеби кордолгондо, ар күнү кайра-кайра өлсө да аздык кылат.

Ал тургай жахил акын да мындай деген:

Мени кордук жашоо менен сугарба

Андан көрө ачуу болсо да бир чыны улуулук суусу менен сугар.

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) “Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө” деп айтканынан  хадистин маанисин түшүнөбүз.  Эскилиги жеткен кийим кийген адам хадисти түшүнгөндөй улуулуктун, кадыр-барктын, асылдыктын, бийиктиктин, даңктын маанисин түшүнөбүз. Ооба, ал адам ордунан туруп жолдошторуна кайтып келип: “Силерге салам айтамын деп, кылычынын кынын сындырып ыргытып жиберди. Андан соң кылычы менен душманга карай кирип шейит кеткенче согушту.

Мына ушул  доордо үммөттү  адилетсиздиктен, зулумдуктан, кордуктан чыгарып, дүнүйөнүн даңкына, акырет жыргалчылыгына жеткирүү үчүн бул маанилерди түшүнүүгө канчалык муктажбыз? Бул мусулмандардын халифасынын туусу астында Аллах үчүн жихад жарыялоо менен гана ишке ашаары талашсыз. Жихад жана  жихад эй мусулмандар! Жжихад аркылуу бизди Бейишке жетелей турган акимди табуу үчүн талыкпаган амал жана амал керек эй мусулмандар! Анткени, жихад бейишке карай эң кыска жол. Биз Аллах Тааладан мусулмандардын халифасы менен көзүбүздү жарык кылуусун тилейбиз. Ал Палестинаны бошотуу үчүн танктар жана учактар менен бет алышын буйрук берип, сүйүндүрүүсүн сурайбыз. Тарых халифанын колу менен Палестина азат кылынды деп  кайра жазылышын насип кылсын. Андан кийин Рим менен Ак үйдүн дарбазалары кагылсын.

“Фатхтын фатхтары ыр саптарына жана хатибдин баяндарына толду” деп Абу Тамам кайра жазсын. Оо Аллахым, Аамиин, Амиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сизерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 26-жумаадус-саани.

2024-ж, 28-декабрь.

turkistonkg

Recent Posts

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

1 day ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

1 day ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

1 day ago

«Яхудий жана насронийлер – алардын динине кирмейинче – эч качан сенден ыраазы болушпайт»

Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…

1 day ago

Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп эсептелет

Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…

1 day ago

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

2 days ago