Басма сөз баянаты

«Яхудий жана насронийлер – алардын динине кирмейинче – эч качан сенден ыраазы болушпайт»

Басма сөз баянаты

﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾

«Яхудий жана насронийлер – алардын динине кирмейинче эч качан сенден ыраазы болушпайт»

Сириядагы жаңы администрация Шам тогуту качышы артынан колдонууну пландап жаткан башкаруу системасы жөнүндө билдирүүлөрдү бере баштады. Алар айтып жаткан бул башкаруу системасы Аллах Таала буйруган башкару системасы эмес экени анык. Тескерисинче, алар айтып жаткан түзүм адамдарга башкаруу системасын тандоо эркиндигин берген динди жашоодон бөлгөн секулярдык түзүм болуп эсептелет. Ушул себептен улам администрациядагылар эркиндикти жана ачык жүрүүнү талап кылып жаткан аялдардын демонстрациясына уруксат берип, ошол эле учурда Аллах Тааланын шариятынан өкүм алууну шарт кылган жакындарын азат кылынууну талап кылган пакиза муслималарды уурдап кетишүүдө. Кала берсе алар демократиялык куфр түзүмүнө амал кылып, башкаруу системасын тандоону адамдардын ыктыярына сунушташын ачык айтышууда.

Туура болгон нерсе туура, акыйкат болгон нерсе акыйкат болот. Биз ар бир мусулманга насаат кылуу, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу милдетибизден келип чыгып о.э. тергеп-тескөө укугубузга таянып, ушул акыйкат сөздү Сириядагы жаңы администрацияга жана бардык расмийлердин ар бирине жолдойбуз. Кыямат күндөгү эсеп-китеп бир-бирден болот. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿وَكُلُّهُمۡ ءَاتِيهِ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فَرۡدًا﴾

«Алардын бардыгы Кыямат Күнүндө Ал Заттын алдына жалгыз келишет»                                                                                                          [19:95]

﴿وَلَقَدۡ جِئۡتُمُونَا فُرَٰدَىٰ كَمَا خَلَقۡنَٰكُمۡ أَوَّلَ مَرَّةٖ وَتَرَكۡتُم مَّا خَوَّلۡنَٰكُمۡ وَرَآءَ ظُهُورِكُمۡۖ وَمَا نَرَىٰ مَعَكُمۡ شُفَعَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ زَعَمۡتُمۡ أَنَّهُمۡ فِيكُمۡ شُرَكَٰٓؤُاْۚ لَقَد تَّقَطَّعَ بَيۡنَكُمۡ وَضَلَّ عَنكُم مَّا كُنتُمۡ تَزۡعُمُونَ﴾

«Мына Биздин алдыбызга башында кандай жараткан болсок, ошондой жалгыз абалда келдиңер. Силерге берген нерселерибизди аркаңарга таштапсыңар. Силер менен бирге өзүңөрчө Аллахка шерик (тең) деп ойлоп жүргөн колдоочуңарды да көрбөй жатабыз. Ортоңор (байланышыңар) үзүлүп калыптыр. Ишенип жүргөн нерсеңер-буттарыңар силерден жоголуптур                                                                                                           [6:94]

Ушул себептен улам ар бириңер Жаббар Зат алдында жалгыз жооп берүүнү эстеп, Расулуллах ﷺдын ушул хадиси жөнүндө пикирлегиле:

«مَا مِنْكُمْ مِنْ أَحَدٍ إِلَّا سَيُكَلِّمُهُ اللهُ لَيْسَ بَيْنَهُ وَبَيْنَهُ تُرْجُمَانٌ، فَيَنْظُرُ أَيْمَنَ مِنْهُ فَلَا يَرَى إِلَّا مَا قَدَّمَ، وَيَنْظُرُ أَشْأَمَ مِنْهُ فَلَا يَرَى إِلَّا مَا قَدَّمَ، وَيَنْظُرُ بَيْنَ يَدَيْهِ فَلَا يَرَى إِلَّا النَّارَ تِلْقَاءَ وَجْهِهِ، فَاتَّقُوا النَّارَ…»

«Роббиңер ар бириңер менен котормочусуз сүйлөшөт. Пенде оң тарапка караса, жалаң дүйнөдө жасаган жакшылыктарын көрөт, сол тарапка караса жалаң дүйнөдө жасаган жаман иштерин көрөт. Алдына караса тозокту гана көрөт. Андыктан, тозоктон сактангыла…». Ар бириңер мына ушундай үрөй учурган күндү эстеп, ачык-айкын шерменделик жана зыяндан этият болгула.

Билбегендер билип койгула, эч бир мусулман – өкүмдар болобу, жаран болобу – башкаруу системасын тандоого акысы жок. Буга Аллах Тааланын ушул аяты далил:

﴿وَمَا كَانَ لِمُؤۡمِنٖ وَلَا مُؤۡمِنَةٍ إِذَا قَضَى ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ أَمۡرًا أَن يَكُونَ لَهُمُ ٱلۡخِيَرَةُ مِنۡ أَمۡرِهِمۡۗ وَمَن يَعۡصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلٗا مُّبِينٗا﴾

«Аллах жана Расулу бир ишти өкүм кылганда бир да мумин жана мумина үчүн өз иштеринен бирер ишти тандоого жаиз эмес, ким Аллах жана Расулуна күнөөкөр болсо, демек, ал анык адашуу менен адашыптыр»                  [33:36]

Өкүмдар Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүшү, жаран Аллах түшүргөн өкүмдөрдөн өкүм алышы важиб. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿وَأَنِ ٱحۡكُم بَيۡنَهُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَهُمۡ وَٱحۡذَرۡهُمۡ أَن يَفۡتِنُوكَ عَنۢ بَعۡضِ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ إِلَيۡكَ﴾

«Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын каалоо-нафсилерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун!»                                                                                                           [5:49]

Усул илимине ылайык, Расулуллахка айтылган хытаб Умматына айтылган хытаб болуп эсептелет.

Мусулман өкүмдар Аллах түшүрбөгөн мыйзамдар менен өкүм жүргүзүшү – харам. Ким итикад кылып Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзсө, кафир болот. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَن لَّمۡ يَحۡكُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَٰفِرُونَ﴾

«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер»                                                                                            [5:44]

Ким итикад кылбастан Аллах түшүргөн өкүмдөрдөн башка нерселер менен өкүм жүргүзсө залим жана фасык болот. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَن لَّمۡ يَحۡكُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ﴾

«Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, анда, алар залимдер»                                                                                            [5:45]

﴿وَمَن لَّمۡ يَحۡكُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ﴾

« Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, анда, алар фасыктар»                                                                                          [5:47]

Аллах Таала Анын шарияты менен өкүм жүргүзбөгөн адамдын ыйманын четке кагып, айтты:

﴿فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤۡمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيۡنَهُمۡ ثُمَّ لَا يَجِدُواْ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ حَرَجٗا مِّمَّا قَضَيۡتَ وَيُسَلِّمُواْ تَسۡلِيمٗا﴾

«Жок, Роббиңе ант, алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт»                                                                                         [4:65]

Аллахтын шариятынан башка нерсе менен өкүм кылуу жана өкүм алуу, шексиз, биз куфр келтирүүгө буйрулган тогуттан өкүм суроо болуп эсептелет. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ يَزۡعُمُونَ أَنَّهُمۡ ءَامَنُواْ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ وَمَآ أُنزِلَ مِن قَبۡلِكَ يُرِيدُونَ أَن يَتَحَاكَمُوٓاْ إِلَى ٱلطَّٰغُوتِ وَقَدۡ أُمِرُوٓاْ أَن يَكۡفُرُواْ بِهِۦۖ وَيُرِيدُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَن يُضِلَّهُمۡ ضَلَٰلَۢا بَعِيدٗا﴾

«(Эй, Мухаммад), өздөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге жана сенден мурда түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтирген деп эсептеген кимселер тогутка өкүм сурап барууну каалап жатышканын көрбөдүңбү, акыйкатта болсо аларга ага ишенбөө буйрулган эле. Анткени, шайтан аларды биротоло жолдон азгырууну каалайт»                                                                 [4:60]

Биз силерди Ислам жана мусулмандар туурасында убадага да, милдетке да турбаган Американы жана ага окшогон мамлекеттерди ыраазы кылуунун акыбетинен эскертебиз. Билип койгула, силер алардын куфрун кабыл алмайынча алар эч качан силерден ыраазы болбойт. Силер аларды ыраазы кылуу менен – Аллах Субханаху ва Тааланын ушул аятына ылайык – алардын нафси-каалоолорун ээрчиген болосуңар:

﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡۗ قُلۡ إِنَّ هُدَى ٱللَّهِ هُوَ ٱلۡهُدَىٰۗ وَلَئِنِ ٱتَّبَعۡتَ أَهۡوَآءَهُم بَعۡدَ ٱلَّذِي جَآءَكَ مِنَ ٱلۡعِلۡمِ مَا لَكَ مِنَ ٱللَّهِ مِن وَلِيّٖ وَلَا نَصِيرٍ﴾

«Яхудий жана насранийлер – алардын динине кирмейинче – эч качан сенден ыраазы болушпайт. Айткын: «Аллахтын жолу гана чыныгы жол». Ант болсун, эгер сага келген чыныгы билимден кийин алардын көңүл-каалоолорун ээрчисең, Аллах тарабынан сага бир дос да, жардам берүүчү да болбойт»                                                                                           [2:120]

Анык билишиңер керек, эгер силер Аллах түшүргөн өкүмдөрдү таштап, куфр мыйзамдары менен өкүм жүргүзүү аркылуу аларды ыраазы кылууга урунсаңар, алар силерди өз кызыкчылыктары үчүн ишке салышат, Ислам жана мусулмандарга, Халифалыкка жана ал үчүн аракет кылып жаткандарга каршы пайдаланышат. Андан кийин силерден мурункуларга түкүргөндөй силерди да четке ыргытышат. Өзүңөрдөн мурунку Башар, Хусни Мубарак, Каззафий, Али Салих жана Ибн Али сыяктууларда силер үчүн үлгү бар. Аларга эли да, кожоюндары да ырайым кылбады. Алардын байлыктары да, кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн кылган аракеттери да аларга эч кандай пайда келтирбеди. Акыретин эсепке албаган бул адамдарга ушул дүйнөдө да, акыретте да уттурушту. Эй, акыл ээлери, үлгү алгыла!

Азчылык этникалык топтордун же аялдардын укуктарын шылтоо кылбагыла. Себеби, Ислам аларга берген укуктарды эч ким бере албайт. Эч ким мусулмандар сыяктуу алардын укуктарын коргой албайт. Халифалыктын тарыхы бул үчүн эң жакшы далил. Бул нерсеге достон мурун душман күбө болгон. Чындыгында, кайрымусулмандар кылымдар аша Ислам башкаруусу астында тынч-бейпил жашап, башка эч бир башкаруу доорунда арзуу да кыла албаган укуктардан пайдаланышкан. Аллах Таала Ислам шариятын мусулмандар үчүн эле эмес, бүткүл адамзат үчүн түшүргөн. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ لِتَحۡكُمَ بَيۡنَ ٱلنَّاسِ بِمَآ أَرَىٰكَ ٱللَّهُۚ وَلَا تَكُن لِّلۡخَآئِنِينَ خَصِيمٗا﴾

«Албетте, Биз сага ушул Чындык Китепти адамдар арасында Аллах көрсөткөн жол менен өкүм кылышың үчүн түшүрдүк. Сен кыянат кылуучуларды коргоочу болбогун»                                                       [4:105]

Мусулмандар Набий ﷺдын заманынан тартып Усманий Халифалык заманына чейин Ислам башкаруусунун тарыхында ушул жолдо болушту. Натыйжада, кайрымусулмандар тынч-бейпил жашап, мусулмандардан ыраазы болушту. Андыктан, Батыштын көрсөтмөлөрүнө амал кылбагыла, антпесе, зыян көргөндөрдөн болуп каласыңар. Аларга моюн сунган өкүмдарларда силер үчүн үлгү бар…

﴿إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَذِكۡرَىٰ لِمَن كَانَ لَهُۥ قَلۡبٌ أَوۡ أَلۡقَى ٱلسَّمۡعَ وَهُوَ شَهِيدٞ﴾

«Албетте мында (билгич) жүрөк ээси болгон же өзү күбө болуп (чын жүрөктөн) кулак салган киши үчүн эскертме-үлгүлөр бар»                  [50:37]

Аллахым, биз жеткирдик, Аллахым Өзүң күбө болгун!

 Хизб-ут-Тахрирдин борбордук

маалымат бөлүмү

 

turkistonkg

Recent Posts

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

6 hours ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

6 hours ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

6 hours ago

Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп эсептелет

Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…

7 hours ago

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

2 days ago

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

4 days ago