Басма сөз баянаты
Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп эсептелет
Кения бийлиги өлкөдө “Социалдык медициналык камсыздандырууну” башкаруу үчүн “Социалдык саламаттыкты сактоо органын” (SHA) түздү. Бул орган үч фондду башкарууда: негизги саламаттыкты сактоо кызматтары фонду, социалдык медициналык камсыздандыруу фонду, өзгөчө, өнөкөт жана оор ооруулар фонду. Кениядагы медициналык жардам көрсөтүүчү сервис провайдерлер жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү үчүн ушул орган менен келишим түзүүлөрү мүмкүн.
Бул боюнча, биз, Хизб-ут-Тахрир–Кения вилаятынын мүчөлөрү, ушуларды баса белгилейбиз: “SHA” системасы өлкөдө саламаттыкты сактоо сактоону каржылоо саясатында бурулуш чекити катары каралып, коррупция жаңжалдарына байланышкан эски Саламаттыкты сактоо улуттук фондунан (NHIF) жакшыраак альтернатива катары көрсөтүлүүдө. Өкүнүчтүүсү, «Safaricom», «Apeiro» жана «Konvergenz Network Solutions Ltd» компаниялары тарабынан түзүлгөн консорциум камсыздандыруунун талаптарын карап чыгуу системасын түзө албады. Шашылыш түзүлгөн бул системанын каражаттары – адаттагыдай – ансыз да ырайымсыз салык системасынан эзилген салык төлөөчүлөрдүн мойнуна түшүүдө.
Пайда-киреше капитализмде ар кандай фиансылык саясат үчүн негизги түрткү болгондуктан улуттук медициналык камсыздандыруудан универсалдуу медициналык камсыздандырууга өтүү, шексиз, катардагы адамдардын саламаттыгын жакшырта албайт. Мунун негизги себеби – пайда-киреше. Анткени, капиталисттик түзүм пайда-кирешени коомдогу вазыйпалардан жогору койгон. Бул кырсыктуу абал дүйнөлүк реалдуулукка айланды. Биринчи мамлекет делген Кошмо Штаттар буга жаркын мисал боло алат. Себеби, бул мамлекет дарылануу каражаттары жогору болгон оорулууларды камсыздандыруу компаниясынын ыктыярына таштап койгон. Өз кезегинде, бул жагдай системалык зомбулук-зулумга алып келүүдө. АКШнын «UnitedHealth» камсыдандыруу компаниясынын аткаруучу директору Брайан Томпсондун атып өлтүрүлүшү ушул чындыкка эң жаркын мисал.
Биз ушуларды баса белгилейбиз, коом кызыкчылыгы жана ыңгайлуулугу албетте мамлекет тарабынан толук камсыздалышы керек. Себеби, бул Расулуллах ﷺдын:
«الإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»
«Имам-халифа – камкор жана өз жаранынан жоопкер», деген хадисине ылайык, жоопкерчилиги мамлекеттин мойнуна түшкөн маселелер.
Ушул көз караштан, Ислам саламаттыкты сактоону кандайдыр бир топко берилген артыкчылык эмес, мамлекеттин негизги вазыйпасы катары белгилеген. Арийне, медициналык системаны камкордук менен башкарууну мамлекетке фарз кылган. Саламаттыкты сактоо кызматы Халифалыктын мусулмандар жана кайрымусулмандардан турган бардык жарандары үчүн акысыз сунушталат. Бул кызмат бардыгы үчүн ачык-айкын болуп, жогору стандарттарда көрсөтүлөт.
Шаъбан Муаллим
Хизб-ут-Тахрирдин
Кениядагы маалымат бөлүмүнүн өкүлү
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…
Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…