Басма сөз баянаты

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

2024-жылы 23-декабрда Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Порт-Судандагы чоң базарда «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деген баян уюштурду. Иш-чарада Хизб мүчөсү устаз Яъкуб Ибрахим баян кылып, Аллах Субханаху ва Таала мусулмандарга Ислам өкүмдөрүн колдонууну жана бүткүл жашоосун ушул негизде тартиптештирүүнү фарз кылганын, бул болсо динди тикелей турган жана аны дүйнөгө жеткире турган бир халифага шаръий жол менен байъат кылуу аркылуу болушун баян кылды. О.э. устаз Халифалыктын фарздыгын, Уммат Халифалыкты тикелөөгө аракет кылышы шарт экендигин баса белгилеп, бул туурасында бир нече нусустардан далил келтирди: Аллах Таала айтат:

﴿وَأَنِ ٱحۡكُم بَيۡنَهُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَهُمۡ وَٱحۡذَرۡهُمۡ أَن يَفۡتِنُوكَ عَنۢ بَعۡضِ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ إِلَيۡكَۖ فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَٱعۡلَمۡ أَنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُصِيبَهُم بِبَعۡضِ ذُنُوبِهِمۡۗ وَإِنَّ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلنَّاسِ لَفَٰسِقُونَ﴾

«Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын каалоо-нафсилерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун! Эгер (сенин хукмуңдан) жүз үйрүшсө, билип кой, Аллах аларга айрым күнөөлөрү себебтүү мусибат жеткирүүнү каалоодо. Шек-күмөнсүз, адамдардын көпчүлүгү итаатсыздар»                                                                     [5:49]

Устаз Яъкуб Расулуллах ﷺдын ушул хадисин да далил кылып келтирди: Имам Бухарий Абдуллах ибн Умардан Расулуллах ﷺдын:

«وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«Ким мойнунда байъат болбогон абалда дүйнөдөн өтсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр», дегенин риваят кылган. О.э. устаз демократиялык секулярдык мамлекет, жарандык мамлекет жана аскерий мамлекет сыяктуу бүгүнкү күндөгү башкаруу түзүмдөрү Исламга тескери экендигин, бул түзүмдөр колонизаторлордун банкротко учураган товары экенин баян кылды.

Яъкуб Ибрахим баяндын акырында чогулгандардан жана бардык мусулман перзенттеринен ушул улуу фарзды т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөөгө аракет кылууну талап кылды.

Чогулгандар бул баянды жакшы кабыл алышып, шаттанып такбирлерди айтышты. Ал тургай, иш-чаранын акырында айрымдар өтө сонун мындай баяндарды дагы улантууну, токтотпоону суранышты.

 Ибрахим Усман (Абу Халил)

Хизб-ут-Тахрирдин Судан

вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү

 

turkistonkg

Recent Posts

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

6 hours ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

6 hours ago

«Яхудий жана насронийлер – алардын динине кирмейинче – эч качан сенден ыраазы болушпайт»

Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…

6 hours ago

Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп эсептелет

Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…

7 hours ago

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

2 days ago

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

4 days ago