Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет
20-январда ант берип, кайрадан АКШнын президенти кызматына кирише турган Дональд Трамп бир нече мамлекеттин аймагын Америкага кошуу тууралуу чуулгандуу билдирүүлөрдү жасады. Маселен, Канадага АКШга элүү биринчи штат болуп кошулууну сунуш кылса, Даниядан Гренландияны сатууну талап кылды. Панама бийлиги менен да Панама каналынын тагдыры тууралуу сүйлөшүп жатканын айтты.
Трамп 6-январда өзүнүн Truth социалдык баракчасында, көптөгөн канадалык АКШга 51-штат болуп кошулгусу келерин, кызматка келери менен Канададан импорттоло турган товарларга 25 пайыздык тариф киргизе турганын айтты.
Трамп буга чейин Гренландияга ээлик кылуу АКШ үчүн “аба-суудай зарыл” экенин билдирген. “Мен бир нерсени айткым келет, алар бизге экономикалык коопсуздугубуз үчүн керек. Өзүмө андай жоопкерчиликти [аскердик аракеттерди көрбөө боюнча] ала албайм. Мүмкүн ошондой, бизге бир нерсе кылууга туура келет”, – деди Трамп басма сөз жыйынында.
Трамп мындан тышкары Панама каналын көзөмөлдөө жөнүндө да билдирүү жасады. Панаманын “күлкү келтире турган” жогорку тарифтерди коюп алганын айткан Трамп, аны кайрадан АКШнын көзөмөлүнө алууну талап кыла турганын айтып коркутту.
Комментарий:
Белгилүү болгондой, АКШ Америка континентинде 1789-жылы колонизаторлук жүрүшүн баштаган. 1833-жылы Никарагуага, 1835-жылы Перу жана Мексикага согуш кылды, 1848-жылы Мексикадан Техасты, Калифорния жана Нью-Мексиканы тартып алды. Экинчи жолу дагы 1857-жылы Никарагуага, 1855-жылы Уругвай жана Панама каналына согуш кылды. Кийин 1873-жылы Колумбияга, 1898-жылы Кубага согуш кылып, Кубадан Гуантанамо булуңун тартып алды. Бул булуңда бүгүн жүздөгөн мусулман туткундар тарыхта болуп көрбөгөн жырткыч абалда кармалып турат. 1907-жылы Гондураска мурдун салып, анын алты шаарын тартып алды. 1914-жылы Гаитиге абадан аскерлерди таштап, Борбордук банктагы бардык каражаттарды уурдап кетти. Американын бул сыяктуу аралашуулары экинчи дүйнөлүк согуштан кийин да Ирак жана Афганистанда уланды. Ал жырткычтыкта өзүнүн англис жана европалык ата-бабаларынан кем калышпады.
Трамп баштаган Америка мына ушул токой мыйзамын улантууну көздөп жатат. Ага ылайык, акыйкат күчтүүнүн колунда! Ал өзүн эң күчтүүмүн деп билип, каалаганымды кыламын, каалаганымды бирөөлөргө мажбурлаймын деп эсептөөдө. АКШ ичинде да байлар эң күчтүү кишилерден эсептелип, мыйзамдарды өздөрүнө ылайыктап чыгарышууда.
Трамптын бизнес кылууга негизделген пикирлөөсү мурдагы президенттик мезгилинде эле айкын болгон. Мына ушул көз карашынан келип чыгып, аскерий, саясий, экономикалык жана бардык тармактагы келишимдерди буза баштады. Акыйкатта болсо, алардын иштелип чыгышында жана кол коюлушунда негизги ролду Америка ойногон эле. Буга Канада жана Мексика менен кайра түзүлгөн «NAFTA» (Түндүк Америка эркин соода зонасы) келишими, Россия менен орто алыстыкка учкан ракеталарды чектөө келишими, Иран менен ядролук программа келишими жана Климаттын өзгөрүшү конвенциясы мисал болот. Америка ЮНЕСКОдон жана Эл аралык кылмыш сотунан да чыгып алды. 2020-жылы 21-майда Ачык асман келишиминен чыгууну пландаштырып жатканын маалымдады. Булардын баары дүйнө мамлекеттеринин АКШга болгон ачуусун дагы да күчөтүүдө о.э. анын келишимдерге амал кылууга болгон ишенимине зыян жеткирүүдө.
Америка буга чейин Европага басым өткөрүү үчүн НАТОго мүчө мамлекеттер өз милдеттенмелерин т.а. ички дүң продукциянын 2%ын коопсуздук тармагына төлөөнү талап кылган эле. Учурда Трамп бул көрсөткүчтү 5%га көтөрүүнү талап кылууда. НАТО маалыматтарына ылайык, учурда алянска мүчө 32 мамлекеттин эч бири Ички дүң продукциянын 5 пайызын коргонууга жумшабайт. Маселен, эң көп коопсуздукка каражат бөлгөн Польшанын үлүшү 4,12 пайызды түзөт. Ал эми, АКШнын төлөмү 3.38 пайыз. Трамп мындай демилге аркылуу Европа каражатын Америка курал-жарак өндүрүшүнө бурууну көздөп жатканы талашсыз. Айрыкча, Украина согушу себептүү НАТОнун маанисин дагы да арттырып алууга жетишкен чакта, мындай кадам АКШ үчүн маанилүү. Буга байланыштуу НАТОнун жаңы башкы катчысы да билдирүү жасап, 2%дык төлөм жетишсиз экенин белгиледи.
Жыйынтыктап айтканда, буга чейин Америка капиталисттик идеология үчүн дүйнөдө, айрыкча, Батыш дүйнөсүнө эсепсиз акча сарптаган болсо, эми Американын мындай доору аяктады. Куткарууга жана жардамга өзү муктаж болуп калды. Бул, Американын эл аралык позициядагы абалына жана анын кубатына болгон ишенимге зыян жеткенин көрсөтүүдө. Анын саясаты «кордолуп болсо да жашоо үчүн мага моюн сунгула» деген ураанга негизделип алып барылууда!
Демек, дүйнө куткарууга муктаж.Социализм дүйнөнү капитализм зулумунан куткара албады. Андыктан, бирден-бир куткаруучу кубат бул – Ислам. Аллахтын дини кылымдар бою адамзатты ар кандай зулумдуктардан куткарып келген. Ооба, Ислам мамлекет көрүнүшүндө гана мындай кубатка ээ. Бул үчүн исламий адилеттүү түзүмдү колдоно турган жана исламий рисалатты бүткүл дүйнөгө жеткире турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө шарт.
Нурдин Асаналиев
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…