Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү
Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана Асад режиминин калдыктары баштаган кутумдарга байланыштуу бийликтегилерге өз насыятын билдирди.
Иордания университетинде академиялык илимин улантып жаткан Доктор Ияд Исламий илимдерге байланыштуу бир катар китеп жазган, дүйнөдөгү мусулмандарга белгилүү аалым. Ал “Кыйроого карай чуркаган Иордания” аттуу макаласы үчүн эки жыл абакка камалган дааватчы. Алты пункттан турган билдирүүсүндө Ияд төмөнкүлөргө токтолду:
Сириядагы качкын режимдин калдыктары Араб жана башка өлкөлөрдөн колдоо алышууда. Айрымдар бир тараптан жаңы бийликтин колун кысып, парда артынан далыга бычак саюуга аракет кылууда. Калктарды кул кылгандар жана дүйнөдөгү күчтөр жаңы бийликти кулатууну же аны өз кызыкчылыктары үчүн басым алдына алууну каалашууда. Мындай айла-амалдардан Шам калкын куткара турган бир нече маанилүү фактор бар:
Биринчиси: Алланын арканын бекем кармагыла. Бардык иштериңерди Алланын ыраазылыгын көздөп, ага моюн сунуу үчүн чын дилден аткаргыла. Алгач чечим чыгарып, андан соң шарий нассты ага ылайыктабагыла. Эгер Аллах силерге жардам берсе, эч ким силерди жеңе албайт. Эгер Алла силерди таштап кетсе, силерге эч ким жардам бере албайт. Момундар Аллага гана таянышат!
Экинчиси: Оор кырдаалды эске алуу зарыл жана көйгөй качкын келемиштер менен гана чектелбешин түшүнүү керек. Режим куласа да, аны ачык жана жашыруун колдогон күчтөр дагы да өкүмүн сүрдүрүп жатат. Алар Шамды жаңы бир Башардын чынжырына байлоону абдан каалашат. Согуш али бүтө элек.
Үчүнчүсү: Дипломатиянын, айлакердиктин жана кызыкчылыктын жаңы бир дин абалына келишинен сактануу керек. Бул жаңы дин бардык шарий өкүмдү четке кагуу жана бардык катаны мыйзамдаштыруу үчүн колдонулушу мүмкүн. Бир туугандарым, Алланын жардамына муктажбыз, ансыз көз ирмемге да кала албашыбызды түшүнүү керек. Эгер Алланын жардамы келбесе, пенденин аракети алгач өзүнүн чөгүүсүнө себеп болот. Бүткүл мусулмандардын назары силерге карап турат. Өздөрү жашап жаткан абалдан куткаруучу жаңы бир даңазалуу доордун баштоочулары болушуңарды үмүт кылууда. Ал эми, бардык каапырлар жана мунафыктар силерди кулатуу же жолуңардан адаштыруу үчүн тузактарды жасашууда. Силер баскынчылыкта калган калктар үчүн үмүт болгула…!
Төртүнчүсү: Шам калкынын учурда эң чоң муктаждыгы Алланын өкүмүнө моюн сунуу. Бул оор жоопкерчилик эле эмес, кулчулукка кайтуудан тоскон жападан жалгы коргон экенин аңдоо зарыл.
Бешинчиси: Aлланын динине каршы келсе да макулуктарды ыраазы кылууга аракет кылган, ач көздүк кылып кайра алардын бирине айлангандардан сабак алгыла. Mиср жана Тунисте болгондой…
Aлтынчысы: Силер менен бир пикирде болобу же болбойбу мусулман бир туугандарыңарга мээримдүү болгула. Алар айрым маселеде силерге каршы чыгышы мүмкүн, каталарыңарды эскертиши жана аны кабыл албоодо бекем турушу мүмкүн. Бирок, бул бир туугандарыңар силер үчүн таяныч, качкын режимдин калдыктарына, ички жана тышкы күчтөргө каршы күрөштө силерге калкан болот. Ката кылуудан силерди коргой турган акыйкат үн. Аларга зулумдук кылуудан этият болгула. Аларга светтик түзүмдү коргогон, аны каалаган, эл аралык түзүмдүн жана анын куклаларына малайлык кыла турган режимди курууну каалаган уятсыздардан да жаман мамиле кылуудан корккула.
Ооба, эй Шам калкы, бул оор кырдаалдан силерди куткара турган нерселер ушулар. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Билип койгула, бүткүл үммөт сага пайда келтирүү үчүн чогулушса, Алла сага жазган нерседен ашык пайда келтире алышпайт. Бүткүл үммөт биригип сага зыян жеткирүүну каалашса, Алла жазган нерседен ашык зыян жеткире алышпайт. Калемдер көтөрүлгөн жана барактар кургаган.”
Ассаламу алайкум уа рахматуллах.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…
Басма сөз баянаты Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган…