Макала

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عَنْ عَائِشَةَ قَالَتْ: اسْتأْذنَ رَهْطٌ مِنَ الْيَهُودِ عَلَى رَسُول اللّهِ صلى الله عليه وسلم فَقَالُوا: السّامُ عَلَيْكُمْ. فَقَالَتْ عَائِشَةُ: بَلْ عَلَيْكُمُ السّامُ وَاللّعْنَةُ. فَقَالَ رَسُولُ اللّه صلى الله عليه وسلم: «يَا عَائِشَةُ إِنّ اللّهَ يُحِبُّ الرّفْقَ فِي الأَمْرِ كُلِّهِ»، قَالَتْ: أَلَمْ تَسْمَعْ مَا قَالُوا؟ قَالَ: «قَدْ قُلْتُ: وَعَلَيْكُمْ».رَوَاهُ مُسْلِمٌ وَفِي رِوَايَةٍ: «يَا عَائِشَةُ إِنَّ اللّهَ رَفِيقٌ يُحِبُّ الرِّفْقَ. وَيُعْطِي عَلَىَ الرِّفْقِ مَا لاَ يُعْطِي عَلَىَ الْعُنْفِ. وَمَا لاَ يُعْطِي عَلَىَ مَا سِوِاهُ». وَفِي رِوَايَةٍ أُخْرَى: «إِنَّ الرِّفْقَ لاَ يَكُونُ فِي شَيْءٍ إِلاَّ زَانَهُ، وَلاَ يُنْزَعُ مِنْ شَيْءٍ إِلاّ شَانَهُ

Айша (радыяллаху анха)дан риваят: “Жөөттөрдүн бир тобу Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын алдына кирүүгө уруксат сурашты жана алар айтышты: “силерге өлүм болсун”. Айша  р.а. айтты: “силерге өлүм жана каргыш болсун”. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Оо Айша, Аллах бардык иштерде жумшактыкты жакшы көрөт”. Айша: “Алардын айтканын уккан жоксузбу?”,- деди. Ал: “силерге да болсун дедим”,-деди”. (Муслим риваяты). Башка риваятта: “Оо Айша, Аллах Жумшак жана жумшактыкты жакшы көрөт. Зордук-зомбулукка жана андан башкасына бербегенди жумшактыкка берет”. Ал эми башка бир риваятта: “Жумшактык кайсы нерседе болсо аны көрктөндүрөт жана жумшактык болбогон ар кандай нерсе шерменде болот”.

Урматтуу бир туугандар!

Жумшактык – сөздө жана мамиледе  сылык болгонду билдирет. Демек, жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарган адам сөзүндө жумшак болушу керек жана корс болбоосу керек. Тескерисинче, адамдардын жүрөгүнө таасир кылган сылык сөздөрдү тандап жакшы жол менен айтуусу керек. Жакшы сөз жүрөктөрдүн ачкычы. Эгер бул жардам бербесе, катуулукка, катаалдыкка, коркутууга өтүүсү жайиз.

Ан-Навави “Аль-Азкар” китебинин бир бөлүмүндө айткан: Демек, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруучу жана адеп берүүчү адам “сага кайгы болсун, алсыз өзүн баалабаган, же өзүнө зулум кылуучу” деп кайрылуусу жайиз. Бул тууралуу хадистерде да келген:

 حَدِيثَ عَدِيِّ بْنَ حَاتِمٍ الثَّابِتِ فِي صَحِيحِ مُسْلِمٍ: أَنَّ رَجُلاً خَطَبَ عِنْدَ رَسُولِ اللهِ صلى الله عليه وسلم فَقَالَ: مَنْ يُطِعِ اللهَ وَرَسُولَهُ، فَقَدْ رَشَدَ، وَمَنْ يَعْصِهِمَا، فَقَدْ غَوَى. فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم: «بِئْسَ الْخَطِيبُ أَنْتَ، قُلْ: وَمَنْ يَعْصِ اللهَ وَرَسُولَهُ

Сахих Муслимде Адий бин Хатим Ассаабитин айтты. Бир адам Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) алдына сөз сүйлөп айтты: “Ким Аллахка жана Анын Элчисине моюн сунса, ал туура жолго түшкөн болот. Ал эми, ким аларга баш ийбесе, ал адашкан болот. Ошондо Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Сен кандай жаман насаатчысың. Ким Аллахка жана Анын Элчисине баш ийбесе деп айткын”,- деди””.

وَرَوَى فِيهِ حَدِيثَ جَابِرٍ بْنَ عَبْدِ اللهِ: أَنَّ عَبْداً لِحَاطِبَ جَاءَ يَشْكُو حَاطِباً، فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ لَيَدْخُلَنَّ حَاطِبُ النَّارَ. فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم: «كَذَبْتَ، لاَ يَدْخُلُهَا فَإِنَّهُ شَهِدَ بَدْراً وَالْحُدَيْبِيَةَ

Жабир бин Абдуллахтын хадисинде айтат: “Хатибдин кулу ал тууралуу арызданып келип: “Оо, Аллахтын Элчиси, албетте Хатиб тозокко кирет” деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: Сен калп айттың. Ал тозокко кирбейт. Анткени ал Бадр жана Худайбияга күбө болгон”,- деди”.

وَذَكَرِ فِيهِ قَوْلَهُ صلى الله عليه وسلم لِصَاحِبِ الْبُدْنَةِ: «وَيْلَكَ ارْكَبْهَا

Дагы бир риваятта: “Төөсүн жетелеп жүргөн төөнүн ээсине ага Аллахтын салам-салаваттары болсун кайрылып: “Сага кайгы болсун, минип ал” деген сөзүн айткан.

وَقَوْلُهُ صلى الله عليه وسلم لِذِي الْخُوَيْصِرَةِ: «وَيْلَكَ فَمَنْ يَعْدِلُ إِنْ لَمْ أَعْدِلْ

Башка бир риваятта Зулхувайсарага айткан сөзү: “сага кайгы болсун Мен адилеттик кылбасам, ким адилеттик кылат”?-деди.

Бул тууралуу Мухаммад бин Ибрахим Аль-Вазир Аль-Ямани “Аваасими уа каваасим” китебинде айткан: “Билип койгула, катуу сөз менен сөгүш берүүнүн, коркутуунун төрт шарты бар: Анын мубахтыкта эки шарты бар: “Сөгүш алган адамдын айтканы да, кылганы да туура эмес иш болушу керек жана сөгүш берип жаткан адам калп айтпашы керек. Макрух иш кылган адамга Эй, күнөөкөр! дебеши керек. Чоңдугу билинбеген күнөө кылганга да: Эй, фаасык делбейт! Ошондой эле (мусулмандардын арасында) бузукулук кылганга: “Эй, каапыр” делбейт ж.б.

Мандубда эки шарты бар: Баяндоочу катаалдык кылуу – каршылашынын чындыкты кабыл алуусуна же ага далилдерди ачыктап берүүдө жакыныраак жол деп ойлогон учурда. Бул туура ниет менен гана кылынат. Ал аны нафсисинен келип чыкса эле кыла бербеши керек. Башкача айтканда ачуусу келсе эле кылына бербейт.

Жумшактык  өзгөчө ата-эне менен болгон мамиледе парз. Аллах Таала айтат:

فَلا تَقُلْ لَهُمَا أُفٍّ وَلا تَنْهَرْهُمَا وَقُلْ لَهُمَا قَوْلاً كَرِيماً

“Аларга “уф” дебегиле!”. Башкача айтканда, аларды кыйкырып жемелебе, тескерисинче, аларга жакшы сөз айт.

Имам Ахмад ибн Ханбал айтты: “Атасы өзү жек көргөн ишти кылып жатканын көрсө, ага эч кандай корстонбой, жемелебей үйрөтөт. Ага катуу сүйлөбөйт, болбосо аны өз жайына таштап койот. Атасы ага бөлөк бөтөн эмес”. Йакуб бин Юсуфтун риваятында айтты: “Ата-энеси арак сатса, алардын тамагын жебей, таштап кеткен. Ал Ибрахим бин Ханинин риваятында мындай деген: Эгерде анын  ата-энеси жүзүмзарындагы жүзүмдөрүн сыктырып, шарап жасатып, ага беришсе, ал аларды андан кайтарып жакшылыкка чакырган, эгер алар кабыл алышпаса, Ал алар менен бирге жашаган эмес”.

Бул тууралуу Абу Бакр “Заад аль-Мусаафир”де айткан:

وَعَنْ عَبْدِ اللهِ بْنَ عَمْرو بْنَ الْعَاصِ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صلى الله عليه وسلم قَالَ: ‏«مِنَ الْكَبَائِرِ شَتْمُ الرَّجُلِ وَالِدَيْهِ‏.‏ قَالُوا: يَا رَسُولَ اللَّهِ، هَلْ يَشْتِمُ الرَّجُلُ وَالِدَيْهِ؟ قَالَ: ‏نَعَم، يَسُبُّ أَبَا الرَّجُلِ، فَيَسُبُّ أَبَاهُ، وَيَسُبُّ أُمَّهُ، فَيَسُبُّ أُمَّهُ».

Абдулла бин Амр бин Аль-Аастын риваятында Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Чоң күнөөлөрдүн арасында эркектин ата-энесине тил тийгизип сөгүүсү. Алар айтышты: Оо, Аллахтын Элчиси, эркек да ата-энесине тил тийгизип сөгөбү? Ал айтты: Ооба, ал  бир адамдын атасын сөгөт, ал анын атасын сөгөт. Ал бир адамдын энесин сөгөт, ал анын энесин сөгөт”.

Бала  ата-энесин жумшактык менен жакшылыкка буйруйт жана жамандыктан кайтарат  жана аларга корстонуп, оройлонуусу жайиз эмес.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 11-жумаадус-саани.

2024-ж, 13-декабрь.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 day ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

3 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

3 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

3 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

4 days ago

Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган саясий кайрылуу

Басма сөз баянаты Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган…

4 days ago