Басма сөз баянаты

Юрган Нобель сунуштаган интеграция планы: бул ассимиляцияга чакыруубу?

Басма сөз баянаты

Юрган Нобель сунуштаган интеграция планы: бул ассимиляцияга чакыруубу?

Жакында Голландия премьер-министри Дик Скоф “Азаттык жана Демократия үчүн элдик партиясынын” мүчөсү Юрген Нобель менен биргеликте Нидерландия «жаш мусулмандардын интеграциясы маселесинде чоң проблемага» туш келгенин баса белгилеп, интеграция жөнүндөгү талкууларды дагы да күчөттү. Учурда Нобель «интеграция планын» үстүндө иштеп жатат. Ал «эң маанилүүсү бардык адамдар Голландия стандарттарын жана баалуулуктарын колдошу» шарт экендигин баса белгилеп келет. Бул өтө маанилү суроолорду пайда кылууда: бул эмнени алып келет? Эмнеге бул талкуулар ушунчалык көп талкууланып келүүдө?

Тарыхта интеграцияга голланд тилин түшүнүү жана Голландия коомун үйрөнүү деп түшүндүрмө берилген. Бүгүнкү күндө болсо ал жердеги мусулмандардын үчүнчү жана төртүнчү мууну голланд тилин жакшы билет жана үрп-адаттарынан кабардар. Ага карабастан, интеграция дагы эле саясий маселе болуп калууда. Мында негизги этибар интеграциянын адаттагы маанисинен бүтүндөй башка тарапка өзгөрүп кеткени көрүнүп турат. Көбүнчө мамлекеттеги демократиялык коомдун негизи катары сөз эркиндиги жана ишеним эркиндиги сыяктуу жалган баалулуктар тыгыштырылууда. Бирок, түпкүлүгүндө бул баалуулуктар тандап колдонулат, бардыгын, айрыкча, мусулмандарды камтыбайт. Мисалы, Исламды акаарат кылган Куръанды өрттөө жана Расулуллах ﷺды акаараттоо сыяктуу аракеттерде сөз эркиндигинен пайдаланып жатышат. Бирок, мусулмандар муну каралап сындашса же каршы чыгышса, аларга сөз эркиндигинен пайдалануу деп каралбай жатат, тескерисинче, бул «мунасасыздык» деп айтылууда. Ушундай эле Исламга тескери амалдарды колдоо сыяктуу секулярдык өлчөөлөргө амал кылуу максатында мусулмандар өз ишениминен баш тартууга мажбур кылынганда ишеним эркиндиги да өз маанисин жоготот. Бул жалган эркиндиктер тажрыйбада өзүнүн куру көңдөй нерсе экенин ачыктады. Анткени, Батыш алардан өз ыйманына амал кылган адамдарды коргоонун ордуна, тескерисинче четтетүү каражаты катары пайдаланып жатат.

Голландияда мусулмандарды диний жана маданий баалуулуктарынан баш тартууга үндөгөн басымдар дагы да күчөп жатат. Мусулмандар учурда өздөрүнүн исламий өздүгүнөн баш тартуу эле эмес, ал тургай туйгуларын, пикирлерин жана кадырлаган нерселерин өзгөртүүгө да мажбурланышууда. Бул мажбурлоону Голландия паспортун бекер кылып, мажбурий депортация кылынып жатканынан, мечит жана Куръани Карим медреселери сыяктуу исламий мекемелерди күзөтүү күчөтүлүп жатканын көрүүгө болот. Расмий жетекчилер, премьер-министр Дик Скоф жана анын өкмөтү ушул мекемелерди катуу күзөтүүнү колдоп-кубатташты. Бул болсо Голландияда жашаган мусулмандарга ишеничсиздикти жана жат кароону дагы да күчөттү.

Чамасы «интеграция» аталышы эскирип, ассимиляция талап кылынып жаткан көрүнөт. Т.а. исламий баалуулук жана өлчөөлөрдөн баш тартып, секулярдык идеологияга жана күн тартибине ылайыкташуу талап кылынууда. Сакафий ассимиляциядан тышкары мусулман жаштарына, жалпысынан бардык мусулмандарга яхудий вужудун мамлекет катары таунуу үчүн басым өткөрүлүүдө. Акыйкатта болсо, бул мусулмандардын канын ичүү, фалестиндиктерди көчүрүү жана репрессия кылуу үстүнө курулган мамлекет. Мусулмандардын бул мамлекетти тан алышын элестетип болбойт. Ага карабастан, ушундай канкор вужуддун Фалестиндеги түптөлүшүн сындоо же каршы чыгуу барган сайын антисемитизм деп бастырылууда. Өз кезегинде, бул саясий оппозициянын иш жүзүндө үнүн өчүрүүгө алып келүүдө. Бул сөз эркиндиги түшүнүгү айланасындагы эки жүздүүлүктүн дагы бир көрсөткүчү. Сөз эркиндиги жалпы адамдык укук катары корголгон болсо да, өкүмдар саясий көз караштарга каршы чыкканда кабыл алынбайт.

Биз, Голландияда жашаган мусулман жамааты катары, ассимиляция кылууга багытталган мындай саясат жөнүндө аң-сезимибизди өстүрүүгө аракет кылышыбыз жана күчтүү, конструктивдүү далилдер менен жооп кайтарышыбыз зарыл. Бул үчүн мусулмандарды таалим жана моралдык жактан өнүктүрүүнү биринчи орунга коюшубуз жана аларды тышкы басымдарга карабастан өзүнүн исламий ишенимдеринде бекем калышы үчүн зарыл болгон билим беришибиз керек. Үй-бүлөлөр жана жамаат жетекчилери да жаштарыбызды акыйдавий булактарыбыз, исламий өздүгүбүз, мыйзамдарыбыз жана исламий тарыхыбыз үчүн сыймыктанууга тарбиялашы жана өз баалуулуктарына жана амалдарына болгон ишенимин күчөтүшү керек. О.э. алар мусулман жаштарында Исламда бүткүл адамзат проблемаларына чечим бар экенине ишенимди пайда кылышы зарыл. Ушул нерселер аркылуу келечек муунду Ислам менен байланышын жоготуудан коргоо жана күчтүү, тилектеш коомго пайдубал коюу мүмкүн болот. Мусулмандар исламий принциптерге амал кылуу жана ассимиляция басымдарына каршы туруу аркылуу өздөрүнүн өзгөчө өздүгүн сактап калып, келечек муунга өткөрүп беришет.

Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ ٱلَّذِينَ قَالُواْ رَبُّنَا ٱللَّهُ ثُمَّ ٱسۡتَقَٰمُواْ تَتَنَزَّلُ عَلَيۡهِمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ أَلَّا تَخَافُواْ وَلَا تَحۡزَنُواْ وَأَبۡشِرُواْ بِٱلۡجَنَّةِ ٱلَّتِي كُنتُمۡ تُوعَدُونَ﴾

«Албетте – «Роббибиз Аллах», деп, андан соң, туура-туруктуу болгон заттардын алдыларына (өлүм убагында) периштелер түшүп, «Коркпогула жана кайгы тартпагыла, силерге убада кылынган бейиштин куш кабары менен шаттангыла, дешет!»                                                             [41:30]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты

 

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 hours ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

2 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

2 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

3 days ago