Басма сөз баянаты
Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады
Британия тарабынан колдоп-кубатталган топтордун Суданда Америка көзөмөлүнө каршы сүргүн өкмөтүн орнотууга урунушу АКШнын Судан боюнча атайын өкүлү Том Перриеллону нааразылык билдирүүгө үндөдү. Ал 2024-жылы 7-декабрда Х платформасындагы билдирүүсүндө: “Кошмо Штаттар Судандагы айрым топтор жана адамдардын бир тараптуу башкаруу структурасын орнотууга урунушуна терең кабатырда. Мындай аракет регионду туруксуздаштырып, Судандын ыдыроо коркунучун пайда кылат”, – деди.
Судандагы Америка-Британия колонизаторлук күрөшүнүн далили ачык-айкын көрүндү. Бул күрөштү жарандык жана аскерий компоненттеги малайлар жүргүзүп жатышат. Муну бардыгы билип турат, акылын жана жүрөгүн кулпулап алган, кулагын жаап алган адамдар гана билбеши мүмкүн.
Эми Суданда согушту чыгарган тарап Америка экендиги, муну жарандык күчтөрдөгү Британиянын малайларын башкаруудан четтетүү максатында кылгандыгы ачык белгилүү. Америка алардын Суданда эч кандай саясий ролу болбошуна катуу аракет кылып жатат. Бирок, армия командачылары Британиянын малайларын четтеткенден кийин ал кайра саясий майданга кайтуу үчүн фитна артынан фитна, конференция артынан конференцияларды уюштурууда.
Мына, АКШнын Судандагы өкүлү Уганданын Энтеббе шаарында «Такаддум»дун иш-аракеттерине кабатырланып жатканын билдирди. Бул жакта Мисир Американын көрсөтмөсү менен конференция өткөрүү жөнүндө өзүнүн тышкы иштер министри Бадр Абдулатий аркылуу жарыялады. Бул өзгөрүүлөр Швейцария тышкы иштер министрлигинин сунушу жана Франциянын «Promediation» уюмунун демөөрчүлүгүндө өткөрүлгөн Монтро конференциясынан кийин болду. Ушул конференция аркылуу Британия малайлары согушту чыгарган алкактык келишимди кайра тикелөөнү максат кылган.
Бул жагдай малайлар аркылуу алып барылган эл аралык күрөш экендиги анык. Алар өлкөнү өрттөп, күлгө айлантуу, калкты мажбурий көчүрүү, зордоо жана талап-тоноо аркылуу адамдарды курман кылышты. Бул малайларга Аллахтын наалаты болсун, кайда бара жатышат?!
Окуялар Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы эл аралык күрөштүн жана согуштун маңызы туурасында терең жана жаркын саясий талдоосун ырастап турат. Бул күрөштү Исламды жашоо майданына кайтара турган жана Ислам шариятын колдоно турган мабдаий мамлекет болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетинен башкасы таптакыр токтото албайт. Халифалык – Аллах Субханахунун убадасы, Расулу ﷺдын башараты. Расулу ﷺ анын тикеленишин өзгөчө баса белгилеп мындай деген:
«فَإِنَّهُ مَنْ يَعِشْ مِنْكُمْ بَعْدِي فَسَيَرَى اخْتِلَافاً كَثِيراً، فَعَلَيْكُمْ بِسُنَّتِي وَسَنَّةِ الْخُلَفَاءِ الرَّاشِدِينَ الْمَهْدِيِّينَ، عَضُّوا عَلَيْهَا بِالنَّوَاجِذِ»
«Менден кийин жашагандар көптөгөн карама-каршылыктарга күбө болот. Ошондо менин сүннөтүмдү-жолумду, туура жолдогу рошид халифалардын жолун бекем карманып, аны азуу тиштериңер менен бекем тиштегиле».
Ибрахим Усман (Абу Халил)
Хизб-ут-Тахрирдин Судан
вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган…