Басма сөз баянаты
Пакистандагы саясий башаламандык – бийлик үчүн күрөш.
Саясий топтор шерменделик, кыянаттык жана Америкага малайлык кылуу тактысы үчүн өз ара күрөшүп жатышат
2024-жылы 24-ноябрда башталган «Акыркы кайрылуу» деген нааразылык демонстрациялары 27-ноябрда Исламабаддагы «Кызыл зонада» бүттү. Демонстрация учурунда жолдор, мектептер жабылып, интернет кызматы чектелди. Катардагы жарандар жана коопсуздук кызматынан 12 адам курман болду, ондогону жараланды. Бирок, айыгышкан кагылышуулар кандай акыбеттерге алып келбесин, Пакистандагы адамдардын абалы өзгөрүүсүз кала берет. Анткени, бул саясий башаламандык Америка малайларынын топтору ортосундагы бийлик үчүн күрөштөн башка нерсе эмес. Куралдуу күчтөр Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн нусрат-жардам бермейинче чыныгы өзгөрүү болбойт.
Азыркы системадагы саясий топтор бардык негизги маселелерде бирдей позицияны карманышат. Бул маселелер Американын кызыкчылыктарын коргогон аскерий жетекчилик тарабынан көзөмөлдөнүп, ушуларды өз ичине алат: БУУнун резолюцияларын аткарууну талап кылуу аркылуу Кашмир маселесин жабуу, Индия менен нормалдашууга моюн сунуу, аны менен жарыя кылынбаган кызматташтыкты алып баруу, Куралдуу күчтөрдү Газага нусрат берүүдөн тосуу, Талибан бийлигин чегара чыр-чатактарына салып, басым астында кармап туруу, Эл аралык Валюта Фондунун шарттарын аткаруу аркылуу өлкөнүн экономикасын ойрон кылуу, социалдык түзүм жана Британиянын сот системасына таандык бузгунчу либералдык баалуулуктардын өкүмдарлыгын камсыздоо үчүн Исламга чакырган даъватты бастыруу, мусулмандардын биринчи номурдагы душманы болгон Америка менен союздаш болуу, Кытайдын кредиттерин алуунун акысына Кытайдын Чыгыш Түркстан мусулмандарын жырткычтык менен репрессия кылып жатканына көз жумуу ж.б.у.с.
Көз караштар, күн тартиби жана билдирүүлөр Американын бардык малайларында бирдей. Арийне, Пакистандагы бул саясий анархия бийлик үчүн күрөштөн башка нерсе эмес. Биздин бактысыздыгыбыз туура эмес күн тартиби жана туура эмес көз караштардын натыйжасы эмеспи? Арийне, бул саясий башаламандык ушул саясий топтордун күрөшүндө калктын кыйроосунан башка нерсеге алып келбеши анык! Бул нааразылык демонстрацияларынан көрүнүп тургандай, жөнөкөй жарандык колдоо аркылуу чыныгы өзгөрүү жасоо мүмкүн эмес. Биз айткан өзгөрүү үчүн албетте мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн жардамы керек. О.э. демонстрациялар калк учурдагы режимге таптакыр ыраазы болбой жатканын, реалдуу өзгөрүүнү талап кылып жатканын көрсөтүүдө. Кеңири көлөмдүү өзгөрүү үчүн эң маанилүү фактор бирөө гана, ал да болсо, армия сабындагы калыс офицерлердин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрирге нусрат-жардам берүүсү.
Эй, Пакистан куралдуу күчтөрү!
Аллах Субханаху ва Таала Ислам Умматындагы эң чоң күчтү силерге берди. Демек, бул аманатка кыянаттык кылбагыла. Силер куурчак жетекчиликти кулатуу, саясий башаламандыкты жана Америкага малайлыкты токтотуу үчүн аракетке келсеңер кандай болот? Ошондой болгон соң, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрирге нусрат-жардам бергиле. Халифалык гана колонизаторлор менен болгон бардык келишимдерге чекит коёт, алардын өлкөлөрүбүздөгү таасирин жок кылат, базаларын, консулдуктарын, элчиканаларын жаап, бардык колонизаторлук пландарды кыйратат. Шексиз Халифалык силерди Газа жана Кашмирди азат кылуу үчүн аракетке келтирет жана Борбор Азиядагы, Фарс булуңундагы жана бардык исламий өлкөлөрдөгү мусулмандарды бириктирип, саткын өкүмдарларыңарга кор болууга чекит коёт. Исламга амал кылгыла, убада-шертиңерге садык болгула, Аллахтан башка эч кимден коркпогула, Аллахка тобокел кылып, Анын ыраазылыгы үчүн жихад кылгыла. Аллах Таала айтат:
﴿إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوۡمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُواْ مَا بِأَنفُسِهِمۡ﴾
«Аныгында бир коом өзүн өзгөртмөйүнчө Аллах алардын абалын өзгөртпөйт» [13:11]
Хизб-ут-Тахрирдин Пакистандагы
маалымат бөлүмү
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…