Калкка чыныгы Исламды ким жеткирет?
Массалык маалымат каражаттары 19-декабрда Жалалабад шаарында Хизб-ут-Тахрир исламий саясий партиясынын 22 активдүү мүчөлөрү кармалганы тууралуу кабар таркатышты. Алар УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Бул күч түзүмдөрү билдирилишинче, Хизб жигиттери “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгып, мыйзамга каршы диний уюмдар арасында баракчаларды тараткан деп шек саналууда.
Ушуну менен бирге, Хизб жигиттерин кармоодо аларга карата кылынган мамилелер жана Хизб тууралуу жасалган билдирүүлөр аларды адамдарга жек көрсөтүүгө багытталганы көрүнүп турат. Негизи, дүйнөлүк кафир державалар Исламга каршы күрөшүү үчүн “диний экстремизмди” ойлоп табышкан. Ушунун алкагында, Кыргызстанда да Хизб-ут-Тахрир партиясы экстремисттик уюм деп, а айрым мамлекеттерде болсо террористтик уюм деп табылган. Бирок, акылы бар ар бир адам – маалыматтарды туура байлоо менен – мунун жалган жалаа экендигин жеңил эле табат.
Мисалы:
– Хизб дүйнө бойлоп жетимиш жылдан ашык ишмердүүлүк жүргүзүп келет, ошондон бери – тигил каафирлер айтып жаткан аныктамага дал келе турган – бир да ирет экстремисттик же, террристтик иш кылганы күзөтүлгөн эмес. Ал тургай, жалган жалаа жабуу үчун атайын сценарийлер уюштурулган чакта да, бир да жолу мындай иштерди кылганы далилденген эмес жана сценарий уюштургандардын өздөрүнун шерменделери чыккан.
– Кыргызстандын өзүндө эле, өздөрү айтып жаткандай экстремисттик жол менен 3 жолу бийлик алмашты. Негизи, бийлик башына келип-кетип жаткан жетекчилерибиз да эл ичинен чыккан мыкты инсандардан болушкан. Бирок, алар элди башкарууда колдонуп жаткан түзүм – бул демократия маскасын жамынган капитализм. Бул түзүмдөгү өлчөө пайда-зыян. Ошондуктан, ал жетекчилер өздөрү үчүн пайдалуу жайда элге зыян жетишин унутушту, элге келе турган пайда аларга зыян алып келсе, элдин пайдасына көз жумушту. Бул капитализм табияты, эгер капитализмде жетекчилер элге жакшылык кылышса, анын артынан өздөрүнө үлкөн пайда келет деп эсептешсе гана кылат. Бийликке келүүнү пайдалуу деп билгендиктен, ага экстремисттик жол менен да келе беришет. Белгилеп өткөнүбүздөй, буга 3 жолу күбө болдук. Бирок, Хизб булардын бирине да аралашкан жок. Анткени, ал Пайгамбар а.с. үйрөтүп кеткен тарыйкаттан гана жүрөт.
– Хизб китептерине караңыздар, хизбийлер үйрөтүп жаткан нерселерге караңыздар, аларда экстремисттик эмне бар? Хизб өлчөөсү пайда-зыян болгон капитализмди бүткүл дүйнө башына түшкөн балээ болду деп билет. Исламды түшүнүүгө, түшүндүрүүгө, өлчөө адал-арам болушуна чакырат, ушундай түзүмдө жашоого үндөйт.
Мисалы, өкмөт да, ал бизге каршы коюп жаткан муфтият да өз мусулман калкына чыныгы Исламды үйрөтпөйт. Өкмөттүн назарында дин демократияга ылайыкташкан болушу керек б.а. капиталисттик түзүм рухсат бергенчелик гана окутулушу жана колдонулушу керек. Ал эми муфтият болсо, өкмөткө ушул иштеринде шарияттан жол таап берет. Ушундай болгон соң, калкы мусулман болгон бул исламий өлкөдө динди ким үйрөтөт? Өкмөт жана муфтият ханафий мазхабын кармануу тууралуу айтып жатышат. Бирок, ушул эле учурда, ханафий мазхабынын башкарууга же экономикага тиешелүү китептери окутулбайт, анткени, мамлекеттик билим берүү программасында демократиялык башкаруу, капиталисттик экономика окутулат. Медреселер болсо ибадат жана ахлактарды окутууга гана чектелген. Негизи, булар жаатында ханафий мазхабынын китептери окутулган чакта да, алар дагы мухтаждыкты толук каптай алмак эмес. Анткени, ал китептер жазылган кезде БУУ, Дүйнөлүк банк, акционердик коом, камсыздандыруу компаниясы, биткоин сыяктуу нерселер ж.б.у.с. жок эле. Демек, мындай жаңы көрүнүштөргө тиешелүү шаръий өкүмдөрдү иштеп чыгуу үчүн мужтахиддердин ижтихады зарыл. Мисалы, мурунку китептердин “китаабу байъ” (соода китеби) бөлүмдөрүндө ошол кездеги экономика өкүмдөрү баяндалган, бирок, алар бүгүнкү күндөгү экономиканы толук камтып ала албайт.
Ушундай болгон соң, мусулман калкыбызга, Исламына чаңкап турган келечек муунубузга Ислам башкаруу түзүмун, экономикалык түзүмүн, ижтима түзүмун, таалим-тарбия түзүмүн, жазалар түзүмун, жада калса, Ислам тарыхын ким үйрөтөт. Исламыбызга каршы светтик түзүмдү тыгыштырып жаткан демократиялык державалар үйрөтөбү? Аларга малайлык кылып жаткан араб режимдери үйрөтөбү? Элибиз ичинде демократияны жайылтып жаткан бейөкмөт уюмдар үйрөтөбү? Өкмөт билим берүү программасына ушуларды киргизип береби? Муфтият аларды ылайыктуу программа менен камсыздап береби? Негизи, өкмөт жана муфтият мусулман калкка Исламын үйрөтөбүз деп жатасыздар го! Эгер динибизде талап кылынгандай үйрөтүлбөй жатса, акыры бирөөлөр үйрөтүшү керекпи? Ал эми, ушуларды үйрөткөнгө аттанган азаматтар качанга чейин экстремист эсептеле берет. Негизи, аларда өкмөт менен муфтияттыкындай мүмкүнчүлүктөр жок. Бул жигиттер азыркы турмуш кыйын кечкен заманда өз элине өз динин үйрөтүү үчүн малы-жандарын курбан кылып жатышат. Бул нерсе эми качанга чейин эктремизм тамгасы басылган кылмыш болуп кала берет?
Эми болсо, булар аз келгендей, жаңы мыйзам кабыл алуу менен – дааваттын, жакшы иштерге буйруп жана жаман иштерден кайтаруунун – алдына жаңы тосуктарды коюп жатасыңар. Дааватчыларга жана амру маъруф ва нахий мункар кылуучуларга дагы да күчөтүлгөн чектөөлөрдү коюп жатасыңар. Кала берсе, мечит-медреселердеги, хужралардагы исламий таалимдерге каршы иш кылуудасыңар. Буларды ашкерелеп, элге алып чыккандарды болсо экстремизмде айыптап, камактарга алып жатасыңар. Бу элди качанга чейин алдайсыңар, жалганыңар чыгып калганда кандай күндө калар экенсиңер. Ал эми, ахиретте, Аллахтын алдында, бардык ачык-жашыруун нерселер ашкере болгон Күндө кантер экенсиңер?! Диниңерди светтик-капиталисттик бийлигиңерди бекемдөөгө алмаштырып жибердиңерби?.. Диниңерди өзүңөр да толук үйрөнүп жана үйрөтүү убагы келбедиби? Качанга чейин каафир державалардын капитализмине ылайыкташтырылган, алар рухсат берген диндин бөлүктөрү менен гана элди алдай бермекчисиңер? Аллах Таала айтат:
«Же китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн танасыңарбы? Араңардан ким бул ишти кылса, анын жазасы бул дүйнөдө кор болуу, кыямат күнүндө болсо ал катуу азапка дуушар кылынат. Аллах кылып жаткан ишиңерден кабарсыз эмес» [2:85]
Эй момундар, толук Ислам динине киргиле! (Т.а. Исламдын кээ бир хукмдарына баш ийип, кээ бирөөлөрүнө баш ийбей турган кимселерден болбогула)! Жана шайтандын артынан ээрчибегиле! Шексиз, ал силердин ачык-айкын душманыңар»
[2:208]
Абдулхаким Караханий
Имамдарга айлык акы кандай максатта берилет? Өлкө боюнча төрт миңге жакын мечиттин имамдарына март айынан…
Жалал-Абаддагы окуя: Дааватты коргоо ар бирибиздин жоопкерчилик Жалал-Абад облусунда 26-ноябрда Хизб жигиттери тарабынан “Дин тутуу…
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу27-декабрда башталат Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу 20-декабрда президент…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…