Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу27-декабрда башталат
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу 20-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.
Жапаровдун билдирүүсүн утурлай, Кыргызстандын Министрлер кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу компаниясы” ишканасы 20-декабрда инвестициялык макулдашууга кол койду. Макулдашууга Кыргызстан тараптан транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жана “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Чжун Шэнгуй кол койгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев макулдашуу темир жолун долбоорлоону, курууну, каржылоону, эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камтый турганын, бул документтин кабыл алынышы менен процесс аны ишке ашыруу бөлүгүнө өткөнүн белгиледи.
Белгилүү болгондой, буга чейин Бишкекте “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүсү катары Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому катталган. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет. Долбоордун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Темир жол ага кеткен каражатты актап бүткөн соң гана кыргыз тарапка өтөт. Анын баштапкы мөөнөтү катары 31 жыл белгиленди. Темир жолдун жалпы узундугу 480 чакырымды түзөт.
Комментарий:
Темир жол жүк ташууда арзандыгы боюнча дүйнөдө суу транспортунан кийинки орунда турган стратегиялык маанилүү багыт болуп эсептелет. Жогорудан маалым болгондой, темир жолдун курулушу менен Кытайдын аймактагы таасири дагы да артышы талашсыз. Буга чейин темир жол долбоору Россиянын региондогу кызыкчылыктарына тескери келгени себептүү ишке ашпай турган. Учурда ал Украина баткагына батып, Борбор Азия үстүндөгү таасирин Кытай менен бөлүшүүгө мажбур абалда. Кытай ушул долбоор менен эле чектелбестен, региондо мамлекеттер менен соода хабдарын куруу аркылуу экономикалык экспансиясын ого бетер күчөтүүгө аракет кылууда.
Акыркы он жылдыкта Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу өтө активдүүлүк менен күчөп баратат. Өлкөдө 300дөн ашуун Кытай ишканалары иштейт, андан тышкары 200гө жакын кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Ал эми тоо-кен иштетүүчү ишканалардын 80 %ы кытай компанияларына таандык. Кытай ишканалары ишмердиги жөнүндө эч кандай отчёт беришпейт, мындан улам канча көлөмдө кен казып жатышканы, канчасын өлкөдөн алып чыгып жатышканы да белгисиз. Президенттин алтын ж.б кендерди рудасы менен өлкөдөн ташып чыгууга уруксат берген жарлыгы кайрадан кен байлыктардын эсепсиз агылып чыгышына жол ачаары талашсыз.
Демек, аталган темир жол долбоору Өзбекстан жана Кыргызстанга экономикалык кызыкчылык үчүн керек болсо, Кытайдын буга кошумча стратегиялык жана саясий кызыкчылыктары бар. Тагыраагы, Кытай бул долбоор аркылуу аймактагы өлкөлөрдү экспансия кылуу менен кен-байлык жана чийки сырьелоруна ээ болууну, өз товарлары үчүн жаңы базарларды ачууну каалайт.
Жыйынтыктап айтканда, темир жол долбоору биздин Кытайга карата көз карандылыгыбызды дагы да күчөтөт. Долбоордун артынан Кытай тили жана маданияты да аймакта жайылтылат. Бул болсо Кытайдын сакофий дагы колониясына айлануубузга жол ачат. Ал эми, экономикалык жактан соода байланыш аркылуу буга чейин эле Кытайга көз каранды болуп калганбыз. Демек, Кытай темир жол шылтоосу артында аскерий таасирин да өлкөдө бекемдөөнү көздөп жатат. Бул болсо Кытайга аскерий жактан да колония болушубузга алып барат. Акырында, Кытай өз жарандарын өлкөгө жайгаштыруу менен Кыргызстандын жарандыгын алууга шарт түзүп берет жана алар аркылуу шайлоолорго таасирин тийгизүүгө аракет кылат. Натыйжада, саясий жактан да колония кылууга умтулат. Мына ушундан улам, темир жол долбоору стратегиялык мааниге ээ. Анын артынан Кытайдын өлкөдөгү экономикалык эле эмес, аскерий, сакофий, саясий дагы таасири артат!
Нурдин Асаналиев
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…