Таъзия
Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү
Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири жана Хизб-ут-Тахрирдин Ливиядагы биринчи мүчөлөрүнүн бири мухандис Али Мухаммад Кажижий Роббисине сапар алды. Аллах Тааладан устазды жана ал кишиден мурун өткөн Мухаммад Мухаззиб Хифаф, Хасан Курдий, Абдуллах Мислатий, Абдурахман Баййуз, Салих Наввал, Халифа Камиший, Абдуллах Хаммуда, Мажид Кудсий, Амр Намий, Мухаммадумар Наас сыяктуу көптөгөн маркум устаздарды рахматына алып, бейишине киргизишин сурайбыз. Алардын бардыгы Аллахтын дини жаатында убада-шерттерин өзгөртүшкөн жок жана динин өткүнчү дуня үчүн сатышпады. Бирок, биз аларды Аллахка күнөөдөн таза деп көрсөтмөкчү эмеспиз. Анткени, жүрөктөрдөгү бардык сырларды билүүчү Ал Өзү.
Устаз Кажижий рохимахулллах тогутка каршы чыккан жана бул дүйнөнүн азгыруусуна алданбай, дуня Аллахтын колунда, башка эч кимдин колунда эмес деп билген кишилердин бири эле. Камакта анын роббаний ишенимин сындырууга 15 жыл урунушкандан кийин, тогуттардын эң чоңу: «Эй, Кажижий, пикириңди өзгөрттүңбү?», – деп сурайт. Устаз: «Сени менен талкуу кылгыдай сен пикир билген кишилерден эмессиң!», – деп тарыхта калчу сөздү айткан. Бул жооптон кийин ал достору менен – Лавхул махфузда жазылгандай – дагы 15 жыл камакта калды.
Бардыгыбыз Аллахтын пенделерибиз жана албетте Ага кайтуучубуз. Түбөлүктүк бир гана Аллахка таандык, бардыгыбыз бул дүйнөдөн өтүүчүбүз. Аллах шейхти Өзүнүн кең рахматына алып, кең бейишине киргизип, ал жерде сүйүктүүлөрү менен биргеликте Мухаммад Мустафа ﷺдын Хавзында бириктирсин, үй-бүлөсүн жана жакындарын сабыр менен сыйласын.
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук
маалымат бөлүмүнүн мүчөсү
Басма сөз баянаты Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган…
Басма сөз баянаты Пакистандагы саясий башаламандык – бийлик үчүн күрөш. Саясий топтор шерменделик, кыянаттык жана…
Басма сөз баянаты Судандык аялдардын эксплуатация кылынышы – капитализм эпидемиясы Американын жардамында Судандын түндүгүндөгү мусулмандарга…
Басма сөз баянаты Булуң кызматташтык кеңешинин саммитинин токтомдору – күнөө жана кыянаттык үчүн кызматташуу 2024-жылы…
Басма сөз баянаты Юрган Нобель сунуштаган интеграция планы: бул ассимиляцияга чакыруубу? Жакында Голландия премьер-министри Дик…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (биринчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…