Британия Кыргызстанга 1,8 млрд фунт стерлингди эмне үчүн берет?
Улуу Британиянын өкмөтү Кыргызстанга 1,8 млрд фунт стерлинг бөлөт. Бул тууралуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги 12-декабрда билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат атаандаштыкка туруштук берүүгө багытталган түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Негизги шарты – долбоордун жалпы суммасынын 20%ы Британиянын товарлары же кызмат көрсөтүүлөрү болууга тийиш.
“Улуу Британия тоо-кен, айыл чарба, билим берүү, курулуш, темир жол жана инженердик технологиялар жана креативдүү тармактарда кызматташууну сунуштайт. Британиялык фирмалар UKEF агенттигинин жардамы менен Кыргызстанга алдыңкы технологияларды жеткиликтүү жана коопсуз алып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, бул эки өлкөнүн соода алакасында бурулуш учур болот деп үмүттөнөм”, – деди Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер.
Белгилей кетсек, Британия Кыргызстандан негизинен алтын сатып алат. Быйылкы жылдын он айында 870 млн долларга 11 тонна алтын сатып алган.
Буга чейин Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Бишкекке келип, эки өлкөнүн ортосунда 2026-жылга чейин кызматташтык тууралуу жол картасына кол коюлган. Ага чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Лондонго барып Дэвид Кэмерон, британ парламентинин депутаттары жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушууда бир катар келишимдерге, анын ичинде Британиянын соода министри Нусрат Гани менен Кыргыз-британ ишкерлер кеңешин түзүү боюнча келишимге кол коюлган.
Жогорудан маалым болгондой, Британия бүгүнкү эл аралык абал туруксуздукка карай бет алган чакта аймакта, анын ичинде Кыргызстанда таасирин кеңейтүүгө аракет кылууда. Анын башталышы катары өлкөнүн башкы дипломаты Дэвид Кэмерондун Борбор Азия жана Монголияга жасаган расмий сапарын атасак болот. Мындан тышкары, Британиянын өлкөдөгү кадрлары көбөйүп жатканы, алардын айрымдары президенттик шайлоого катышып, парламентте мандат алып жатканы жашыруун эмес.
Экономикалык жактан да Кыргызстан менен Улуу Британиянын кызматташтыгы күчөп жатканын байкоого болот. Маселен, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 70 млн доллардын тегерегине жетип, былтыркыдан 4 эсе өскөн. Жогорудагы келишимдердин артынан бул көлөм дагы эселеп өсүшү күтүлөт. Айрыкча, Британия Кыргызстандагы кайра калыбына келүүчү энергия иштеп чыгууда зарыл болгон минералдык ресурстарга кызыгат. Муну менен катар эмгек мигранттарын тартуу менен экономикалык таасирин арттырууга аракет кылууда.
Сакофий жактан Британия кызыкчылыгы үчүн “Би-Би-Си” медиасы жана бир катар долбоорлор иштеп келет. Маселен, англис тилин үйрөтүү жолдорун жана англис билим берүү системасын өлкөгө алып келүү багытында үлкөн иштер жасалууда. Анын ичинде студенттерди окутуу, тажрыйба алмашуу шылтоолору менен өз кадрларын даярдоо максаттары бар. Азырынча өлкөдө Британия таасири алсыз болгону менен экономикалык жактан кирип келүү жана таасирин кеңейтүү аракети күч.
Буга кошумча, ушул жылы Британ өкмөтү Борбор Азия өлкөлөрү менен С5+1 форматындагы саммитти өткөрүүнү пландап жатат. Анткени, Борбор Азиянын Кытай менен өсүп бараткан алакасы Батышты да тынчсыздантып жатканы талашсыз. Ошондуктан, аймак Кытайдын таасирине толук өтүп кетпеши үчүн Британия да ири капиталдарды аймакка киргизүүгө аракет кылууда.
Мындан белгилүү болгондой, капитализм менен өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул аймактын стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймакта таасирин кеңейтүүсүнө түрткү берип жатат.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан бийлиги тышкы саясатта ийкемдүү саясат алып барып жаткандыктан, негизги багыт Кытай менен Орусияга каратылса да, Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Британия менен кызматташтыкты күчөтүүгө каршы эмес. Муну жогорудагы келишимдер, соода алакалардын күчөтүлүшү жана Британиянын өлкөгө 1,8 млрд фунт бөлүшү күбөлөп турат. Демек, биз мусулмандар пайдага негизделген, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун биздин үстүбүздөгү өкүмзордугу улана бермекчи. Бул колонизаторлор ондогон жылдан бери аймакта кандуу колдорун матырып, өздөрүн бизге дос катары көрсөтүп келишет. Алардын кылмыштуу аракеттери болсо Афганистанда, Иракта, Сирияда ашкере болгон. Учурда кандуу кылмыштары Газада уланууда. Андыктан, бул колонизаторлор эч качан биз мусулмандарга жакшылык каалабайт. Аларды биздин жер астындагы жана үстүндөгү байлыктарыбыз гана кызыктырат. Аллах Тааланын ушул сөзү алардын ниетин ачык ырастап турат:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ لاَ تَتَّخِذُواْ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاء مِن دُونِ الْمُؤْمِنِينَ
“Эй момундар, момундарды коюп каапырларды дос тутпагыла!”. (Ниса: 144).
Мумтаз Маверанахрий
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…