Суроо–жооп
Сириядагы окуялар жана Асад режиминин кулашы
Суроо: “Шаркул-Авсат” 8-декабрда жарыялаган кабарда: “Асаддын режими кулады. Сирия оппозициясы бүгүн, жекшембиде Дамаскты бошотуп, 24 жылга созулган президент Башар Асаддын бийлигин кулатканын жарыяланды. Оппозициянын мамлекеттик теле каналдагы билдирүүсүндө, “Кудайга шүгүр, Дамаск шаары бошотулуп, заалим Башар Асад бийликтен кулатылды. Камактагылардын баары бошотулду”, – деп келди.
“Хайат Тахрир аш-Шам” 2024-жылы 27-ноябрь күнү Сириянын түндүгүндө “Агрессияны токтотуу” деген ат менен чабуулун баштаган. Сириянын Улуттук Армиясы 2024-жылы 30-ноябрь күнү “Эркиндик таңы” деп аталган чабуулу менен ага кошулду. Бул чабуулдардын натыйжасында Алепподон тышкары Идлиб, андан кийин Хама, Хомс жана бүгүн Дамасктын бардык аймактары көзөмөлгө алынды. Мына ушунун баары он күндүн ичинде болуп өттү… Сирияда тездик менен болуп жаткан окуялардын акыйкаты кандай?
Жооп: Бул нерселер ачык-айкын болушу үчүн, төмөнкү фактыларды эске алуу керек:
Биринчиси: Би-Би-Синин 28-ноябрдагы маалыматы боюнча, чабуулду баштаган жамааттардын ичинде “Хайат Тахрир аш-Шам” жетектеген “Фатх Аль-Мубин операциялык борбору” бар. ХТШ баштаган операцияда Түркия колдогон “Улуттук боштондук” фронту жана “Жайш ал-Изза” тобу да катышкан. Мындан тышкары, “Фатх Аль-Мубин”ге кошулбаган, бирок Түркия колдогон ар кандай оппозициялык топтордон турган Сириянын “Улуттук армия”сы да чабуулдарга катышты. Ошентип, чабуулга катышкан топтордун көбү Түркияга жакын жана лоялдуу топтор. Улуттук Армия түздөн-түз Түркия түптөгөн уюм. “Хайат Тахрир аш-Шам” да Түркиянын көзөмөлүндө иш алып барып, Түркия менен жакындыгы окуяларга көз салган ар бир адамга көрүнүп турат.
Экинчиси: Бул окуялар башында Эрдогандын талаптарына жооп бербеген Башарга эскертүү каты катары болгон. Эрдоган Россиянын президенти Путинден, “Анкара менен Дамасктын ортосундагы нормалдашуу сүйлөшүүлөрүн алдыга жылдырууну жана Башар менен жолугушуу чакырыгына жооп берүүсүн суранган” (Reuters 25.10.2024). Бирок, Башар Асад жооп берген жок. Тескерисинче, түрк аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылып, шарттарды койду жана жолугушууну создуктурду. Ортомчулук кылып жаткан Орусия Тышкы иштер министри Лавров муну тастыктап, түркиялык “Hurriyet” гезитине 2024-жылдын 1-ноябрында маек берип, Башар түрк аскерлерин чыгарып кетүүнү суранганын айтты: “Сирия өкмөтү алгач түрк аскерлерин Сирия аймагынан чыгарып кетүүсүн талап кылууда”. Ушундан улам Эрдоган ачууланып, “ХТШ” жана Улуттук армияга жашыл жарык берди: “Түрк чалгындоо кызматы менен байланышта болгон оппозиция булактары Анкара кол салууга жашыл жарык бергенин билдирди”. (“Deutsche Welle” 30.11.2024).
Үчүнчүсү: Бирок бул жашыл жарык алгач Идлибдин тегерегиндеги чыңалууну азайтуу, аймактарды бошотууну гана камтып, Түркиянын саясий чечим катары Башардын оппозиция менен сүйлөшүү сунушуна жооп бербегенине басым өткөрүү үчүн башталган. Бирок, Башардын зулумдугунан жапа чеккен калктын калың катмары мындан пайдаланып, ар аймакта аракетке келишти. Ошентип, Идлибдин айланасында гана пландалган аракет андан ары Сириянын ар кайсы аймактарына жайылып кетти. Сирия армиясы да Башардын адилетсиздигинен жапа чегип, аны коргоп калууга эч кандай ишеними жок эле. Ошондуктан, армиянын чегинүүлөрү улана берди. Андан соң Сирия элдик кыймылдары Алеппо, Хама, андан соң Хомско кирди. 27-ноябрда башталган чабуул он күндүн ичинде Дамаскты колго алуу менен аягына чыкты.
Төртүнчүдөн: Аймактык жана эл аралык тараптардын позициялары:
Алар болуп жаткан окуяларды таң калуу менен кабыл алышты. Орусия Хмеймим авиабазасы менен Тартус деңиз базасында коопсуздукту күчөттү. Эки тарап болуп жаткан окуялар боюнча шашылыш дипломатиялык байланышышты түздү: “Ирандын тышкы иштер министри Аракчи орус кесиптеши Лавров менен Сириядагы окуяларды талкуулады…” (Анадолу, 30.11.2024). Бул чабуулдардан кийин Иран аны токтотуу жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн Түркия менен дипломатиялык кадамга барды. Тышкы иштер министри Аббас Аракчи 2-декабрда Анкарага келип, кесиптеши Фидан менен жолугушту. Жолугушуунун артынан Хакан Фидан АКШ мамкатчысы Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшүп, мындай деди: “Сирияда тынчтык жана бейпилдик орношу үчүн режим менен оппозициянын ортосундагы саясий процесс оң натыйжаларга алып келиши керек” (“Анадолу”, 01.12.2024).
Ал Америка кызыкчылыгына ылайык, Башар менен тынчтык сүйлөшүүлөр аркылуу саясий чечимге жетишүүгө аракет кылып жаткан. Бирок, Башар сүйлөшүүнү создуктурсам артыкчылыкка ээ болом, Эрдогандын сунуштарына жоопту создуктуруу Американын кыжырын келтирбейт деп ойлоду. Бул Эрдоганды кыжаалат кылды. Ошентип, ал Башарга сабак болушу үчүн Американын макулдугун алды. Анткени согуштук маанайдагы сүйлөшүү жолу менен болгон чечим Эрдогандын Башардын үстүнөн жеңиши катары көрүнмөк. Ошондуктан, ал оппозициялык топторду керектүү курал-жарак жана чалгындоо маалыматтары менен колдоп, чабуулга түрттү:
А. 2024-жылы 25-октябрда Эрдоган Казанда БРИКС конференциясынын алкагында Путин менен болгон жолугушуусунан кийин журналисттерге мындай деди: “Анкара менен Дамасктын ортосунда чын дилден жана керектүү сүйлөшүүлөрдүн пайдасын билип, Сириянын ушуга ылайык кадам таштоосун күтөбүз. Урматтуу Россиянын президенти Путинден Асаддын чакырыгыбызга бере турган жообуна байланыштуу кадам таштоосун сурандым” (Reuters 25.10.2024).
Б. Орус ортомчулары Эрдоганга Башар Асаддын мамилени жөнгө салуу үчүн шарттары бар экенин бир нече жолу билдиргенин айтышты. Анын башында түрк аскерлеринин Сириядан чыгарылуусу да бар. Орусиянын Тышкы иштер министри Лавров түркиялык “Hurriyet” гезитине 1-ноябрда берген маеги муну тастыктап турат: “Сирия өкмөтү алгач түрк аскерлеринин Сирия аймагынан чыгарылышын талап кылууда. Эки тараптан тең мамилелерди нормалдаштыруу үчүн диалогду кайра баштоо тууралуу белгилер келгендиктен, сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталуусуна активдүү кадам таштайбыз. Бул Эрдогандын нормалдашуу боюнча позициясы алсыраганын, Башардын мындан пайдаланып өжөрлөнгөндүгүн көрсөтүп турат. Ошондой эле Башар араб өлкөлөрүнүн ага болгон колдоосунан улам Америка ага каршы альтернатива таба элек экенине ишенгенин көрсөттү!
В. Түрк режими бул шарттар алдында Башар менен сүйлөшүү жолу менен чечимге жетүүдөн үмүтүн үздү. Башарга аскерий басым аркылуу сүйлөшүүнү баштоо үчүн Американын макулдугун алды. Эрдоган 2024-жылдын 27-ноябрында куралдуу топторду мобилизациялады. Бул Башардын режимине басым жасоо үчүн Түркия жашыл чырак жакканын түшүндүргөн. “Түрк чалгындоо кызматы менен байланышта болгон оппозиция булактары Анкара чабуулга жашыл жарык бергенин айтышууда” (Deutsche Welle, 30.11.2024). Мындан максат, Башарга Эрдоган менен жолугууну, Түркия жана оппозиция менен элдешүүнү кабыл алдыруу эле. Мунун артынан Америка кызыкчылыгына ылайык саясий чечим кабыл алынышы керек эле! Ошондуктан, Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө: “Сирия тынч жол менен башкарылуучу жаңы доорго кирип жатат”, – деди (“Arabi 21”, 05.12.2024).
Ал сириялык оппозициянын чабуулуна таң калган жок. Бул тууралуу АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан мындай деди: “Сириянын куралдуу оппозициясынын жаңы кырдаалдан пайдаланганы бизди таң калтырган жок” (Al Jazeera Net, 01.12.2024). Ак үй бул абалдан тынчсызданган да жок: “Байден жана анын админстрациясы Сириядагы кырдаалга көз салып турат. Акыркы 48 саат ичинде аймактагы союздаштары менен үзгүлтүксүз байланышта…” (Al Jazeera Net, 01.12.2024). Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Шон Савитт мындай билдирүү жасады: “АКШ өнөктөштөрү жана союздаштары менен чыңалууну азайтууну жана жарандарды, азчылык өкүлдөрүн коргоону демилгелейт. Коопсуздук кеңешинин №2254 резолюциясына ылайык, бул жарандык согушту биротоло бүтүрө турган олуттуу жана ишенимдүү саясий процессти баштоону талап кылат” (RT, 01.12.2024). “Al Jazeera” 2-декабрда өзүнүн веб-сайтына АКШнын мамлекеттик департаментинин мындай билдирүүсүн чыгарды: “Учурдагы эскалация БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №2254 резолюциясына ылайык Сириянын жетекчилиги астында жаңжалды саясий жактан чечүүнүн зарылдыгын тастыктайт”.
Бул билдирүүдө 2015-жылы Сириядагы тынчтык жараянын бекитүү үчүн кабыл алынып, ушул күнгө чейин аткарыла элек резолюция тууралуу айтылууда. Анда Сирияда тынчтык сүйлөшүүлөрүн 2016-жылдын январында баштоо, өлкөнүн келечегин чечүүчү Сирия эли экени, өткөөл өкмөттү түзүү жана БУУнун көзөмөлүндө шайлоо өткөрүү, карапайым калкка каршы ар кандай кол салууларды тез арада токтотуу талап кылынган.
“Аль-Хурра” 2024-жылы 4-декабрда өзүнүн сайтында Блинкендин билдирүүсүн жазды: “Аймакта чыңалуунун алдын алуу, Сириядагы жарандарды коргоо жана согушту токтотуу үчүн учурдагы эң маанилүү нерсе, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына негизделген саясий процессти алдыга жылдыруу”.
“Хабар” маалымат агенттиги 2024-жылы 7-декабрда өзүнүн сайтына Түркиянын Тышкы иштер министрлиги таркаткан билдирүүнү чыгарды: “Блинкенге Сирия өкмөтүнүн оппозициясы менен диалог жүргүзүү зарылдыгын билдирдим”.
“Euro News Arabia” 2024-жылы 30-ноябрда төмөнкүлөрдү билдирди: ““израилдин” премьер-министри Биньямин Нетаньяху өткөн шейшемби күнү кечинде израилдиктерге кайрылуу жасап, Хизбулла менен ок атышууну токтотууну кабыл алганын жарыялады. Нетаняху өз сөзүндө Башар Асадды назарда тутуп, “Асад от менен ойноп жатат” деди. Нетаняхунун билдирүүсүнөн бир нече саат өтүп, сириялык топтор Сириянын түндүгүндө Асаддын күчтөрүнө каршы макулдашылган чабуулду баштады. Бул окуялар көптөгөн суроолорду жаратты. Жөөт маалымат каражаттары Нетаньяху Сириянын түндүгүндөгү абалга байланыштуу коопсуздук жыйынын өткөргөнүн жазып чыкты. Маалыматтарда мындай нерсе адаттан тыш көрүнүш экени айтылды… “Al Jazeera Net” 2024-жылы 1-декабрь күнү: ““израиль” армиясы Иранга тиешелүү бир учакты Ливандагы Хизбуллага курал ташып жатат деген шек менен Сирияга конуусуна тоскоол болду” деп жазды. Яхудий вужуду Ливандагы хизбуллага курал-жарак алып келет деген шылтоо менен Ирандын Сирия майданына кайра кайтып келишине тоскоол болгусу келгендей. Демек, ал Сирияда, андан кийин Ливанда Ирандын же Ирандын партиясынын аскерий уюму боборлошуусун каалабайт.
Бешинчи: Жогоруда түшүндүргөн нерселерибизден улам төмөнкүлөрдү жыйынтыктап айтуу керек:
Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Шон Савитт: “АКШ өнөктөштөрү жана союздаштары менен чыңалууну азайтууну жана жарандарды, азчылык өкүлдөрүн коргоону демилгелейт. Коопсуздук кеңешинин №2254 резолюциясына ылайык, бул жарандык согушту биротоло бүтүрө турган олуттуу жана ишенимдүү саясий процессти баштоону талап кылат” (RT, 01.12.2024).
“Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бейшемби күнү БУУ баш катчысы Антониу Гутерриш менен болгон телефон сүйлөшүүдө, Сирия тынч башкарылуучу жаңы этапка өтүп жатканын баса белгиледи” (“Arabi 21”, 05.12.2024).
Жогорудагы Америка жана Түркия жетекчилеринин билдирүүлөрү Сириядагы чабуулдарды эмне үчүн баштаганына байланыштуу маанилүү ишараларды көрсөтүүдө.
Алтынчы:
Корутундулап айтканда, Сириядагы кан төгүүлөр, үйлөрдүн талкаланышы, үй-бүлөлөрдүн куугунтукталып, жер которуулары жан кейитерлик. Айрыкча, бул абалдын саясий чечим катары сунушталып, илманий түзүмдөрдөн анча алыс эмес “жаңы баскыч” пайда кылуу үчүн жасалып жатканы өкүнүчтүү. Бул баскыч жүз жыл мурун колонизатор каапырлар жана алардын малайлары Исламдагы башкаруу түзүмүн жок кылгандан кийинки баскыч. Ушундайча, халифалык кулагандан бери каапырлар ач калган иттер тамак салынган кесесине жабышкандай, бизге асылууда.
Булардын баарына карабастан, үммөт кайрадан улуулугуна кайтып келет. Туура жолдогу Халифалык дагы өтмүштөгү көркөмдүгүнө кайтат инша Аллах… Бирок, Халифалык бизге отурган абалыбызда келбейт. Аны тикелөө үчүн Аллах асмандан периштелерди бизге түшүрбөйт. Тескерисинче, Аллах Халифалыктын тикеленүүсүн Раббисине ыйман келтирген жана аларга туура жол көрсөткөн адамдардын колу менен болушун талап кылган.
Сандары аз болсо да мындай адамдар армияда жана оппозицияда жок эмес. Окуяларды жакындан күзөткөндөр он күндөн бери Сирия режимине каршы чыккандар бир гана Түркия жана анын артында турган Американын тарапкерлери эмес экенин, илманий бийликтин бир колдон экинчи колго өтүшүн каалагандар эмес экенин көрөт… Тескерисинче, режимдин адилетсиздигинен жапа чеккен жана мусулман калктын каалоосун орундатуу үчүн режимди өзгөртүүнү талап кылган топтор да чабуулга катышышты…
Мына ушул адамдарга кайрылабыз: Колонизатор каапырлар жана алардын малайлары каалаган бузуку секулярдык саясий чечимдерге бөгөт коюу үчүн бардык аракеттерди жасагыла…! Акырет үчүн буга чейин жасаган курмандыгыңарды текке кетирбегиле! Ислам өкүмдарлыгын, Туура жолдогу Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылгандарга колдоо көрсөткүлө. Муну менен улуу сооп жана улуу жеңишке жетесиңер. Ошондо куш кабар кылынган адамдардан болосуңар.
﴿نَصْرٌ مِنَ اللهِ وَفَتْحٌ قَرِيبٌ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ﴾.
“Аллах тарабынан (боло турган) нусрат жана фатх жакын, момундарды сүйүнчүлө” (Сафф: 13).
1446-х, Жумаадул-ахир айынын алтысы.
2024-жыл, 8-декабрь.
Дин тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү 10-декабрда Жогорку Кеңештин үч комитети “Дин тутуу эркиндиги…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Америка ок атууну токтотуу менен яхудийлердин кол салуусуна пайда алып келген…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллах эки шериктин үчүнчүсү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек Мусулмандар көптөн күткөн нерсе жүз берип, Сирия бийлиги…
Шам козголоңу өз улуулугун тикелеп жатат, анын душмандары болсо келишүү тузагына түртүүдө Фронттордо беш жыл…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дуба – ибадаттын маңызы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…