Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Аллах эки шериктин үчүнчүсү
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
رَوَى أبُو دَاودَ فِي مُسنَدِهِ عَنْ أبِي هُرَيرَةَ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ «إِنَّ اللهَ تَعَالَى يَقُولُ: أنَا ثَالِثُ الشَّرِيكَينِ مَا لَمْ يَخُنْ أحَدُهُمَا صَاحِبَهُ، فَإِذَا خَانَهُ خَرَجْتُ مِنْ بَينِهِمَا
Абу Давуд “Муснадында” Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты. “Аллах Таала айтат: Алардын бири жолдошуна кыянаттык кылбаса эле Мен эки шериктин үчүнчүсү болом. Эгер ал кыянаттык кылса, анда Мен алардын ортосунан чыгып кетем”.
Бул хадистен истинбат кылып алынган өкүмдөр:
Шериктик – бул эки же андан көп адамдын ортосундагы келишим. Анда алар киреше алуу максатында каржылык иш жүргүзүүгө макулдашышат. Шериктик берекелүү иш. Эки шерик бири-бири менен макулдашып, кызматташып турса, Аллах Таала ага береке берет. Алардын ар бири өзүнүн жана өнөктөшүнүн акчасы үчүн жоопкерчилик алат. Ар бир өнөктөш өзү үчүн жакшы көргөн нерсесин өнөктөшү үчүн да жакшы көрүшү керек. Бул эле эмес, алардын ар бири өнөктөшүн өзүнөн да жакшы көрүшү керек. Эгер эки шерик бул шарттарга жооп берсе, анда Аллах Таала бул шериктикке береке берет.
Кээ бир өнөктөштөр шеригине кыянаттык кылуу жөнүндө ойлонушу мүмкүн же кыянаттыкты иш жүзүндө башташы мүмкүн. Башкача айтканда, алар кыянаттык кылышат. Ошондуктан, өнөктөшү шеригининин ортодогу акчасын алууга көз артып, өнөктөшүнө кыянаттык кылат. Ошентип, ал алууга укугу жок акчаны алат. Коомдо мындай өнөктөштөрдүн болушу табигый нерсе. Анткени, коом Аллахтын буйругуна баш ийүүдөн тайбаган периштелердин коому эмес. Тескерисинче анын ичинде ыймандуусу да, каапыры да бар. Аманаткөйү да, кыянатчысы да, салихи да, бузукусу да бар.
Аллах Таала айтты:
(وَإِنَّ كَثِيرًا مِّنَ الْخُلَطَاءِ لَيَبْغِي بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ إِلَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَقَلِيلٌ مَّا هُمْ)
“Чындыгында, шериктердин көбү бири-бирине зулумдук кылышат. Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар гана (бири-бирине кыянаттык кылышпайт). Бирок алар аз”. (Соод: 24).
Аллах Таала кыянаттыкты, анын ичинде шериктердин бири-бирине кыянаттык кылуусун арам кылды. Эгер шериктердин бири экинчисине кыянаттык кылса береке жоголот. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:
يَقُولُ اللهُ تَعَالَى فِي الحَدِيثِ القُدْسِيِّ: أنَا ثَالِثُ الشَّرِيكَينِ مَا لَمْ يَخُنْ أحَدُهُمَا صَاحِبَهُ، فَإِذَا خَانَ أحَدُهُمَا صَاحِبَهُ خَرَجْتُ مِنْ بَينِهِمَا, وَدَخَلَ الشَّيطَانُ
“Аллах Таала хадис кудсийде айтат: “Мен эки шериктин үчүнчүсү болом. Эгер алардын бири жолдошуна кыянат кылбаса. Эгер ал экинчисине кыянаттык кылса анда мен алардын арасынан чыгам. Алардын ортосуна шайтан кирет”.
وَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيهِ وَسَلَّمَ: «يَدُ اللهِ عَلَى الشَّرِيكَينِ مَا لَمْ يَتَخَاوَنَا
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллахтын колу эки шериктин үстүндө, эгер алар бири-бирине кыянат кылбаса”. Алар бири-бирине кыянаттык кылбаса дегендин мааниси, ар бир өнөктөштүн шеригине кыянаттыкта айыптабашы.
Кыянаттыктын арам экени тууралуу Куранда Алла Таала мындай деген:
(يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَخُونُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ وَتَخُونُوا أَمَانَاتِكُمْ وَأَنتُمْ تَعْلَمُونَ. وَاعْلَمُوا أَنَّمَا أَمْوَالُكُمْ وَأَوْلَادُكُمْ فِتْنَةٌ وَأَنَّ اللَّهَ عِندَهُ أَجْرٌ عَظِيمٌ)
“Эй ыйман келтиргендер, билип туруп Аллахка жана Пайгамбарга кыянат кылбагыла жана аманаттарыңа кыянат кылбагыла. Билип койгула, мал-мүлкүңөр жана балдарыңар бир сыноо (финта) жана Аллахтын алдында чоң сыйлык бар” (Анфаал: 27).
Аятта айтылган “фитна” сөзүнүн мааниси – сыноо. Курандагы кыянаттыктын арам экендигине далилдердин арасында Алла Тааланын ушул сөзү бар:
(إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْخَائِنِينَ).
“Чындыгында, Аллах саткындарды, кыянатчыларды сүйбөйт” (Анфаал: 58).
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сизерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 26 жумаадул уула.
2024-ж, 28-ноябрь.
Дин тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү 10-декабрда Жогорку Кеңештин үч комитети “Дин тутуу эркиндиги…
Суроо-жооп Сириядагы окуялар жана Асад режиминин кулашы Суроо: “Шаркул-Авсат” 8-декабрда жарыялаган кабарда: “Асаддын режими кулады.…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Америка ок атууну токтотуу менен яхудийлердин кол салуусуна пайда алып келген…
Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек Мусулмандар көптөн күткөн нерсе жүз берип, Сирия бийлиги…
Шам козголоңу өз улуулугун тикелеп жатат, анын душмандары болсо келишүү тузагына түртүүдө Фронттордо беш жыл…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дуба – ибадаттын маңызы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…