Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Дуба – ибадаттын маңызы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ الدُّعَاءُ مُخُّ الْعِبَادَةِ
Анас бин Маликтен риваят кылынат. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Дуба – ибадаттын маңызы”.
Тухфат аль-Ахвазий Жамиъ ат-Тирмизиге берген түшүндүрмөсүндө мындай дейт: “мух” сөзү замма менен келген. Бул сөз мээ, жиликтин чучугу, көздүн кареги сыяктуу бардык нерселердин өзөгүнө карата колдонулат. Мунун мааниси дуба ибадаттын өзөгү жана маңызы экенин белгилөө. Анткени, дуба кылуучу башка нерселерден үмүтү үзүлгөндө Аллахка дуба кылат. Бул тавхид менен ыкластын акыйкаты. Бул экөөнөн ашып өткөн эч кандай ибадат жок.
Ибн аль-Араби айтты: Мээ органдарды аракетке келтирүүчү күч. Ал эми, дуба ибадаттын мээси болот. Ал аркылуу сыйынуучулардын ибадаттары бекемделет. Анткени ал ибадаттын руху. Кээ бир тафсирчилер Аллах Тааланын бул сөзүн:
إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي
“Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленгендер” б.а. Мага дуба кылгандан текеберленгендер деп тафсирлешкен.
Сүйүктүү бир туугандар!
Дуба бул пенденин Раббисине кайрылып сурануусу. Дуба кылууга үндөгөн жана кызыктырган көптөгөн аяттар жана асыл хадистер келген. Алардын арасында Аллах Тааланын ушул сөздөрү бар:
وإذا سألك عبادي عني فإني قريب أجيب دعوة الداع إذا دعان،
“Эгер пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, айткын: “Мен аларга жакынмын жана дуба кылуучунун дуба кылганына жооп берем”.
أمن يجيب المضطر إذا دعاه ويكشف السوء ويجعلكم خلفاء الأرض،
“Кыйынчылыкка кабылган адам дуба кылса, ким ага жооп берет? (андан) жамандыкты (ким) кетирет жана силерди жер бетинде ким (халифа) кылат?
Пайгамбар (с.а.в) айтат:
ما من مسلم يدعو بدعوة ليس فيها إثم ولا قطيعة رحم إلا أعطاه الله بها إحدى ثلاث: إما أن يعجل له بدعوته، وإما أن يدخرها له في الآخرة، وإما أن يصرف عنه السوء مثلها.
“Кайсы бир мусулман адам күнөө жана туугандык мамилени үзбөгөн абалда Аллахка дуба кылса Аллах ага үч нерсенин бирин берет: Же дубасын тездетет, же аны акыретке сактайт, же андан дубасынчалык жамандыкты кайтарат”.
Мусулманга жакшылыкта да, жамандыкта да, жашыруун жана ачык да Аллах Тааланын сообуна ээ болгонго чейин Аллах Таалага дуба кылуу сунушталат. Дуба кылууда Аллах Таалага моюн сунуу жана ага гана муктаж болуунун көрүнүшү бар. Кээ бирөөлөр эмне үчүн Палестина же Ирак канчалаган дубага карабай бошотулган жок? деп сурашы мүмкүн. Эмне үчүн биз эртең менен жана кечинде жөөттөргө каргыш айтып дуба кылсак да, Аллахтын азабы аларга түшкөн жок? деп сурашы мүмкүн. Эмне үчүн Аллах Америка менен Британиядан өч алган жок? деши мүмкүн. Эмне үчүн биз чарчабай дуба кылып жатсак да, Аллах Таала бизден мындай кымбатчылыкты, кедейликти, бөлүнүп жарылып майдаланууну алып салган жок? деши мүмкүн. Дайыма: “Эй Аллах бул абалыбызды өзгөрт”, “Аллахым жеңилдет” деп дуба кылып жатсак да, эмне үчүн Аллах Таала ушул абалыбызды өзгөрткөн жок? деши мүмкүн.
Сүйүктүү бир туугандар!
Дуба себепсиз эч нерсеге алып келбей турганын билели. Башкача айтканда, себебин аткарбай туруп дуба кылуу менен абал өзгөрбөйт. Болбосо, сүйүктүү Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллах Таала аракетсиз, амалсыз жеңишти насип кылгандарын эң татыктуусу болмок. Эгер биз чындап эле Палестинаны, Иракты жана башка жерлерди бошотууну кааласак, жөөттөрдү жерибизден кууп чыгарууну кааласак, абалыбызды өзгөртүүнү кааласак, сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам)дан үлгү алып, талыкпай эмгектенишибиз керек. Ал эми дуба кылуу жана андан көздөлгөн максатка келсек, дубаны Аллах Тааланын буйругуна баш ийүү менен сооп алуу үчүн ибадат катары кылабыз. Намаз ибадат, орозо ибадат болгон сыяктуу, дуба да ибадат. Ыймандуу адам дуба кылып, Аллах Тааладан дүйнө жана акыретке байланыштуу муктаждыктарын же башка дубаларынын аткарылуусун тилейт. Анын буйругун аткаруу менен анын соопторуна умтулат. Сөзүбүздүн акырында Пайгамбар (с.а.в)дын бул сөзүн эске салабыз:
وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ وَلَتَنْهَوُنَّ عَنْ الْمُنْكَرِ أَوْ لَيُوشِكَنَّ اللَّهُ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَابًا مِنْ عِنْدِهِ ثُمَّ لَتَدْعُنَّهُ فَلَا يَسْتَجِيبُ لَكُمْ
“Жаным колунда болгон Затка ант болсун, силер же жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарасыңар, же болбосо (антпесеңер) Аллах силерге Өз тарабынан бир азап жиберет. Анан Ага дуба кылсаңар, Ал силерге жооп бербейт”.
Аллах буйруса, келерки “асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сизерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 23-жумадул уула.
2024-ж, 25-ноябрь.
Дин тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү 10-декабрда Жогорку Кеңештин үч комитети “Дин тутуу эркиндиги…
Суроо-жооп Сириядагы окуялар жана Асад режиминин кулашы Суроо: “Шаркул-Авсат” 8-декабрда жарыялаган кабарда: “Асаддын режими кулады.…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Америка ок атууну токтотуу менен яхудийлердин кол салуусуна пайда алып келген…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллах эки шериктин үчүнчүсү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек Мусулмандар көптөн күткөн нерсе жүз берип, Сирия бийлиги…
Шам козголоңу өз улуулугун тикелеп жатат, анын душмандары болсо келишүү тузагына түртүүдө Фронттордо беш жыл…