Макала

Жазалар кылмыш кылгандардын кафаараты

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Жазалар кылмыш кылгандардын кафаараты

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Навави Имам Муслимдин “Сахихине” шарх берип, “Хаддар кылмыш кылгандардын кафаараты” бөлүмүндө айтат:

وحدثني إسماعيل بن سالم، أخبرنا هشيم أخبرنا خالد عن أبي قلابة عن أبي الأشعث الصنعاني، عن عبادة بن الصامت قال:” أخذ علينا رسول الله صلى الله عليه وسلم كما أخذ على النساء، أن لا نشرك بالله شيئا، ولا نسرق ولا نزني، ولا نقتل أولادنا ولا يعضه بعضنا بعضا، فمن وفى منكم فأجره على الله، ومن أتى منكم حدا فأقيم عليه فهو كفارته، ومن ستره الله عليه فأمره إلى الله إن شاء عذبه وإن شاء غفر له“.

“Мага Исмаил бин Саалим Убада бин Ас-Самиттен риваят кылып айтты: “Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) аялдардан кандай баят алган болсо, бизден да ошондой баят алды. Аллахка эч нерсени шерик кылбашыбызга, уурулук кылбоого, зынаа кылбоого, балдарыбызды өлтүрбөөгө жана бири-бирибизге куру жалаа жаап ушактабашыбызга баят алды. Андан соң айтты: “Араңардан ким толук аткарып өтөөсүнө чыкса, анын сыйлыгы Аллахтын алдында. Силердин араңардан кимдир бирөө кылмыш кылып ага жаза-чара колдонулса, анда ал анын кафаараты. Ал эми Аллах кимдин кылган күнөө ишин жашырса, анын иши Аллахка тиешелүү, кааласа аны азаптайт, кааласа кечирет”.

Эй мусулмандар!

Исламда жаза-чара темасы кеңири жана ар тараптуу. Анткени Ислам жашоонун бардык маселелерин камтыйт. Ал акыйда, адеп ахлак, ибадат жана соода-сатык, алакалар маселелерин чечип берет. Бул нерселерди бузган ар бир адам акыретте жазасын алат. Ошондой эле, анын бул дүйнөдө да каралган жазасы бар. Аллахтын өкүмү байга да, кедейге да, башкаруучуга да башкарылуучуга да бирдей колдонулат. Ыймандуу адам бүгүн дүйнө жазасынан качып кутулса да, эртең Аллахтан качып кутула албасын билет, анткени ал дүйнө жана акыреттин Ээси.

Бирок, бүгүнкү күндөгү үммөт бул вакыйлыкта жашабай жатат. Анткени анын башкаруучулары ишти тескери кылышат. Ким күнөө иштерден алыс болуп, Ислам өкүмдөрүн карманса, ал жоопко тартылып, жазага кириптер болууда. Анын эң жеңил жазасы түрмөгө отуруу. Ал кыйноо жана зулумдук чегет. Анткени ал коррупциянын бардык эшигин ачкан режимге каршы “кылмышкер” саналат. О.э бийлик ачып койгон эшиктерден кирбегендиги үчүн, жазасы да ушундай.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 22-жуммадул уула.

 2024-ж, 24-ноябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Дин тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Дин тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү 10-декабрда Жогорку Кеңештин үч комитети “Дин тутуу эркиндиги…

21 hours ago

Сириядагы окуялар жана Асад режиминин кулашы

Суроо-жооп Сириядагы окуялар жана Асад режиминин кулашы Суроо: “Шаркул-Авсат” 8-декабрда жарыялаган кабарда: “Асаддын режими кулады.…

1 day ago

Америка ок атууну токтотуу менен яхудийлердин кол салуусуна пайда алып келген эки үлкөн нерсеге жетишет

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Америка ок атууну токтотуу менен яхудийлердин кол салуусуна пайда алып келген…

2 days ago

Аллах эки шериктин үчүнчүсү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллах эки шериктин үчүнчүсү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек

Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек Мусулмандар көптөн күткөн нерсе жүз берип, Сирия бийлиги…

2 days ago

Шам козголоңу өз улуулугун тикелеп жатат, анын душмандары болсо келишүү тузагына түртүүдө

Шам козголоңу өз улуулугун тикелеп жатат, анын душмандары болсо келишүү тузагына түртүүдө Фронттордо беш жыл…

2 days ago