Басма сөз баянаты
Дин тууралуу мыйзам долбоору парламентте каралууда
Кыргыз бийлиги сунуштап, коомдук талкууда турган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түшкөнү кабарланды. Аталган мыйзамдын буга чейинки коомдук талкуудагы вариантына айрым алымча-кошумчалар кылынып, негизги маңызы өзгөргөн эмес. Мындан улам, мыйзам долбоорунун артынан бийликтин көздөп жаткан максаттарын ачыктап, мусулмандарга анын Исламга каршы каратылганын эскертип кетүү зарыл.
Долбоордун Ислам жана мусулмандарга каршы экени мыйзамда каралган чектөөлөрдөн ачык көрүнүп турат. Маселен, динди жайылтуу үчүн турак үйлөрдү жана турак эмес жайларды кыдырууга, диний билимди жекече тартипте жана диний окуу жайдан тышкары окутууга тыюу салынат. Бул болсо, мусулман адамдын негизги жоопкерчилиги болгон даават ишине чекит коюу жана СССР доорунан бери Исламдын сакталышына негизги салым кошкон “хужра” ыкмасындагы медреселерди тыюуну түшүндүрөт.
Мындан тышкары, атайын “насаатчы” деген термин киргизилип, диний ишмерлердин интернет жана аймактардагы баяндарын көзөмөлдөп, чектөө көздөлүп жатат. Мисалы, райондук мечиттин имамы өзү катталган аймактан башка жерде баян айтып, диний ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт. О.э анын баян айтуусу үчүн диний жогорку билими болушу керек жана Дин комиссиясынан жыл сайын каттоодон өтүп турушу шарт. Эгер хутбалардын биринде бийликтин кызыкчылыгына каршы же, мыйзамга тескери бир шарий милдетти баяндаган болсо, Дин комиссиясы анын ишмердүүлүгүн дароо токтотуу укугуна ээ болот. Ал эми, каттоого алынбагандар насаат айтуу укугунан ажырайт.
Негизи, даават кылуу о.э. жакшы иштерге буйруп, жаман иштерден кайтаруу амалдары – ар бир мусулмандын мойнундагы фарз. Аны таштагандар кудум намазды таштаган сыяктуу күнөөкөр болушат. Буга кошумча, шарият боюнча, сиз өзүңүз жакшы билген маселеде аалым эсептелесиз жана аны билбегендерге жеткирүү, үйрөтүү мойнуңуздагы милдет болот.
Пайгамбар (салаллаху алайхи вассалам): “Айрым бир жеткирилүүчүлөр угуучулардан (т.а. Росулуллах салаллаху алайхи вассаламдан угуп, кийин тигил жеткирилүүчүлөргө үйрөтүп жаткандардан) жакшыраак аңдап жетүүчү болушат”, – деген.
Расулуллох (салаллаху алайхи вассалам) жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыруу тууралуу мындай деген: «Бани Исроилге эң оболу кирген кемчилик мындай эле, бир киши башка кишиге жолуккан кезде: «Эй баланча, Аллахтан корк, бул кылып жаткан ишиңди ташта, анткени, бул нерсени кылуу сен үчүн адал эмес» дейт эле. Эртеси күнү кайра аны менен учурашкан учурда аны дагы деле ошондой абалында көрөр эле. Бирок, бул нерсе аны менен бирге ичип-жештен, бирге олтуруудан кайтарбайт эле. Алар ушундай кылышкан соң, Аллах алардын айрымдарынын дилдерин айрымдары менен урду». Андан соң, Расулуллох (салаллаху алайхи вассалам) ушул аятты тилават кылды:
وَكَانُوا يَعْتَدُونَ ۩ كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ ۩ تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ ۩ وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ ۩
„Бани Исроилден каафир болгон кишилер Даавуд жана Ийса ибни Марям тилинде лаанатталган. Буга себеп, кылган күнөөлөрү жана чектен чыккандыктары болду. Алар бири-бирин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бу кылмыштары кандай гана жаман иш! Алардан көптөрү кафир болгон кишилерди дос тутканын көрөсүң. Аларга нафистери кандай гана жаман нерсени – Аллахтын каарын алып келди. Эми алар түбөлүк-абадий азапта калуучулар. Эгер Аллахка, Пайгамбарына жана ага түшүрүлгөн Китепке ыйман келтиришкенде, аларды дос тутпаган болушар эле. Бирок, алардан көптөрү фасык кимселер“. [5:78-81].
Андан соң мындай деди: «Жок, Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыңар жана жамандыктан кайтарасыңар. Силер албетте залимдин колунан кармайсыңар жана аны акыйкатка бурулууга мажбур кыласыңар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуңар. Же албетте Аллах айрымдарыңарды айрымдарыңардын дили менен урат, анан аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт».
О.э мыйзам долбоору мечиттердин санын чектөөгө, ашар жолу менен же демөөрчүлөр аркылуу курулуп, каттоого алынбаган мечит, намазканаларды жабууга жол ачат жана дин жайылган аймактарда салынган мечиттердин санын кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.
Демек, аталган мыйзам долбоору аркылуу бийлик мусулмандардын кыймыл-аракетин көзөмөлдөп, коомго терең кирип бара жаткан Исламий дааватты тосууну көздөп жатат. Албетте, мындай аракет азыр эле башталган жери жок. Мындай күрөш тээ СССР урап, Кыргызстан жаңы конституция долбоорун колдоно баштагандан тарта эле уланып келе жатат.
Алгач 1993-жылы Кыргыз Республикасынын конституциясы светтик негизде кабыл алынып, диндин саясатка аралашуусуна тыюу салынды. 1996-жылы Дин тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынып, диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө айрым чектөөлөр киргизилди. Буга карабай өлкөдө Ислам тездик менен жайылып, 2001-жылы “Диний бирикмелер” тууралуу мыйзам кабыл алынды. Бул бийликке диний тармакты көзөмөлдөөсүнө жол ачып берди. 2003-жылы “Улуттук коопсуздук” боюнча Концепция кабыл алынып, Ислам идеологиялык коркунуч катары карала турган болду. Буга удаа эле Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкентте “Терроризмге каршы күрөшүү” борбору ачылып, Орусияда экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды. Анын артынан Орусияда жана Кыргызстанда “Хизб ут Тахрир” Исламий саясий партиясынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Айрыкча, 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген Бакиев режими хизб жана анын колдоочуларына каршы куугунтукту күчөттү. 2006-жылы диний Концепсия иштелип чыгып, анын негизинде 2008-жылы «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзамда диний абал мурункусунан кененирээк ачыкталып, светтик түшүнүккө жана диний сабырдуулукка өзгөчө басым жасалган. Ошондой эле мыйзамга «диний радикализм» жана «экстремизм», «фундаментализм» деген терминдер киргизилди. Бул терминдер аркылуу бийликке жакпаган, каршы болгон адамдарды, иш-аракеттерди «экстремизимде» айыптап, кысымга алып, куугунтуктоого жол ачылды. Андан тышкары диний адабияттарды таратууга, колдонууга өтө катаал чектөөлөр киргизилди.
2011-жылдагы «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга кирген өзгөртүүлөрдө диний бирикмелерге кошумча талаптар киргизилди.
2014-жылы Атамбаевдин демилгеси, Коргоо кеңешинин токтому менен диний тармак боюнча мамлекеттик саясаттын 2020-жылга чейинки убакытка болжолдонгон Концепциясы кабыл алынды. Анын артынан Таблиг жамаатына тыюу салуу маселеси көтөрүлдү. А бирок, мусулмандардын каршылыгынан улам, бул демилге артка жылдырылды. Буга карабастан, Орусиянын басымы артынан 2017-жылы «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизилип, үйлөрдү кыдырып өзүнүн диний көз караштарын таңуулоого тыюу салынды. Ушунун негизинде алгач, даъватка чыгуу үчүн муфтияттан жана ИИМден уруксат алуу шарт кылынды. Кийин ”Аллах буйруган иш үчүн пендесинен уруксат алуу шарт эмес”, – дегендерди “Якын Инкар”чылар деп бөлүп, аларды сот аркылуу “экстеремисттик” уюмдар тизмесине киргизишти.
Ал эми, 2021-жылы “2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы” кабыл алынды. Ушул концепция алкагында жаңыдан “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кабыл алынганы турат.
Мындан көрүнүп тургандай, өлкөдө дин тармагына тиешелүү кабыл алынган ар бир концепция жана мыйзам долбоору мусулмандарды куугунтуктоого жана дааваттын жайылышына каршы каратылган. Кийинкиси мурункусунан катаал чаралар менен коштолгон. Мунун бирден-бир себеби, диний тармакта кабыл алынган чечимдер үстүбүздөгү колонизатор мамлекеттер жана алардын куралдарына айланган эл аралык жана аймактык уюмдардын басымы аркылуу кабыл алынышында. Демек, бүгүнкү күндө кабыл алынып жаткан долбоордун артынан ар ким, ар бир тарап мүмкүнчүлүгүнө, жөндөмүнө жараша Аллахтын алдында жооп берет. Бийликтегилер каапыр колонизаторлордун талаптарын кынтыксыз ишке ашырганына жооптуу. Эгер мажбурлоого баш ийип кылса, фасыктык кылган болот. Мажбурлоого каршы чыкса, мындай мункар иштерди аткаруудан баш тартса, үлкөн ажр-сыйлыктарын алат.
Ал эми, момундар айрыкча, аалымдар мындай мункарды кылуучуларды бул иштен кайтарышы фарз. Ошондо алар пайгамбарлардын мураскорлору болушат.
العلماء ورثة الأنبياء، وإن الأنبياء لم يورثوا ديناراً ولا درهما، وإنما ورثوا العلم، فمن أخذ به أخذ بحظ وافر
“Аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору. Пайгамбарлар мураска динар же дирхам калтырган жок, (алар) илимди мураска калтырышты. Кимде-ким аны алса, көп насибе алыптыр”.
Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү
Дин тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү 10-декабрда Жогорку Кеңештин үч комитети “Дин тутуу эркиндиги…
Суроо-жооп Сириядагы окуялар жана Асад режиминин кулашы Суроо: “Шаркул-Авсат” 8-декабрда жарыялаган кабарда: “Асаддын режими кулады.…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Америка ок атууну токтотуу менен яхудийлердин кол салуусуна пайда алып келген…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллах эки шериктин үчүнчүсү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек Мусулмандар көптөн күткөн нерсе жүз берип, Сирия бийлиги…
Шам козголоңу өз улуулугун тикелеп жатат, анын душмандары болсо келишүү тузагына түртүүдө Фронттордо беш жыл…