Басма сөз баянаты

Кафир Батыш мамлекеттеринде шайлоодо катышууга чакыруу – алардын коомуна ылайыкташууга жана Ислам рисалатын бүткүл дүйнөгө жетирүүнү токтотууга чакыруу

Басма сөз баянаты

Кафир Батыш мамлекеттеринде шайлоодо катышууга чакыруу – алардын коомуна ылайыкташууга жана Ислам рисалатын бүткүл дүйнөгө жетирүүнү токтотууга чакыруу

Ар ирет Батышта өтө турган президенттик же парламент шайлоолор учурунда ал жердеги мусулман диаспорасынын көптөгөн активисттери шайлоого катышуу зарыл деп кыйкырышат. Бул активисттер, алардын катарында шейхтер жана исламий борборлордун кызматкерлери мусулман диаспорасын кандайдыр бир партияга же талапкерге добуш берүүгө үндөө үчүн шайлоо кампаниясына окшогон иштерди жасашат. Талапкер ушул «шейхтерге» жакпаган адам болсо да, добуш берүүдөн баш тартууга чакырышпайт. Мусулман шайлоочу өз бюллетенинде эч кимди белгилебесе да, шайлоого катышуусу жана добуш бериши шарт деп жатышат. Бул шейхтер шайлоого катышууну шаръий фарз жана «улуттук» милдет деп айтышат. Бул жагдай бизди алардын бул чакырыгынын негизги максаты мусулмандардын добушу жана таасири эмес, алар өздөрү деп айтууга үндөөдө. Жада калса алар Батышта жашаган мусулман жамаатынын саны аз болсо да кээде шайлоо таразасында салмактуу болушат дегенге чейин барышты. Мисалы, «Ал-Жазира» каналында жарыяланган макалада «Кошмо Штаттарда жашаган мусулмандар жети штаттагы шайлоонун натыйжасын чечишүүдө» деген жалган айтылды. Бул нерсе жалган экендиги макаладагы «Кошмо Штаттардагы мусулмандар салыштырмалуу аз болуп эсептелет. Себеби, алар 336 миллион калктын үч жарым-төрт миллионун гана түзүшөт» деген сөздөрдөн көрүнүп турат. Ага карабастан, алар дагы мындай деп жатышат: «Мусулмандардын президенттик шайлоодо таасири, айрыкча эки партия т.а. Республикачылар жана Демократтарды колдогондордун саны тең болгон штаттарда, мисалы, Пенсильвания, Мичиган, Аризона, Невада, Жоржия, Түндүк Каролина жана Висконсин сыяктуу штаттарда сезилээрлик болушу күтүлүүдө».

Биринчиден: Ислам жана мусулмандарга ачык душмандык кылып жаткан кафир Батыш мамлекеттердеги бул сыяктуу чакырыктар мусулман кишини таң калтырат. Биз шейхтердин мындай фатваларында далил түгүл шибх далил деген нерсени да тапкан жокпуз, тескерисинче, ал Ислам фикхиндеги ачык-айкын далилдерге карама-каршы келүүдө. Шайлоо шайлоочу менен шайлануучунун ортосундагы өкүлдүк келишими болгондуктан, бул шейхтер мусулмандын Аллах түшүргөн мыйзам-эрежелер менен эмес, өз мамлекетинин конституциясы, мыйзамдары жана саясаты негизиндеги өкүмдарлык кылган кафирге укук беришин кантип жаиз деп эсептешет? Кала берсе, ошол мамлекеттердин саясаты ар дайым Ислам Умматынын кызыкчылыктарына тескери болгон. Эң таң калычтуусу – эгер шейхтерге ушул ачык-айкын далилдер айтылса, түшүнүүнү каалабай, «биз эки жамандык жеңилин» шайлап жатабыз деп актанууга өтүшөт. Же алардын бири айткандай, адамдар «Абу Жахл менен анын отун ташыган аялы» ортосунда калды деп, шайлоодо эч кандай мүмкүнчүлүгү жок белгисиз үчүнчү талапкерди тандоого чакырышууда! Дагы бир таң калычтуусу – ушул шейхтер «эки жамандын жеңили» деп жатышкан шаръий эреженин түпкү акыйкатына көз жумушууда. Бул эрежени кабылдаган уламалар «мусулман эки жамандын жеңилин мажбур болгон учурда тандашы керек, бирок, экөөсүнүн жеңилирегин кылууга мажбур болбосо, ыктыярдуу болсо, экөөсүн тең кылышы таптакыр жаиз эмес» деген шартты белгилешкен. Ошондуктан, биз Батышта шайлоого катышууга чакырууга – ал тургай, туура эмес эрежени тандашса да – эч кандай шаръий уруксатты тапкан жокпуз. Тескерисинче, Батышта жашаган бардык мусулмандарды, айрыкча, шейхтерди жана исламий борборлордун расмийлерин ушуга чакырабыз – Аллахтан корккула, куфр менен өкүм жүргүзгөн адамды шайлап, Батыштын бүткүл дүйнөдө мусулмандарды зулумга салуу жана кыргын кылуу пландарынын ишке ашырылышына шерик болуп калбагыла, шариятка тескери фатваларга кулак салбагыла, бул дүйнөгө жана анын матасына азгырылбагыла, «таяк жана таттуу саясатынан» коркпогула.

﴿أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ يَزۡعُمُونَ أَنَّهُمۡ ءَامَنُواْ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ وَمَآ أُنزِلَ مِن قَبۡلِكَ يُرِيدُونَ أَن يَتَحَاكَمُوٓاْ إِلَى ٱلطَّٰغُوتِ وَقَدۡ أُمِرُوٓاْ أَن يَكۡفُرُواْ بِهِۦۖ وَيُرِيدُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَن يُضِلَّهُمۡ ضَلَٰلَۢا بَعِيدٗا﴾

«(Эй, Мухаммад), өздөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге жана сенден мурун түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтиргенбиз деп эсептеген кимселер шайтанга өкүм сурап барууну каалап жатышканын көрбөдүңбү, акыйкатта болсо аларга ага ишенбөө буйрулган эле. (Себеби) шайтан аларды бүтүндөй жолдон азгырууну каалайт»                                                                 [4:60]

Экинчиден: Батыштагы шайлоолорго катышуу илманий куфр түзүмүн таануу болуп эсептелет. Батышта жашап жаткан мусулмандар батыштыктарды Исламга чакырышы жана Исламды бүткүл дүйнөгө жеткириши фарз. Алар даъватта Исламга толук чакырышы, Исламдын ибадат-ырасымдарына гана чектелишпеши керек. Исламга чакыруу – бул экономикада, башкарууда жана турмуштун бардык тармактарында Исламий жашоо таризине чакыруу. Исламга даъват кылуунун мааниси ушул. Өзгөчө, Батыш азыр хазараты кризиске учураган абалда жашап жатканда аларды бузгунчу илманий хазарраттан куткаруучу альтернатива туура хазаратка өтө муктаж болуп турат. Алардын хазараты Батыш калктарын бактысыз кылды жана бүткүл дүйнө калктарына, Ислам Умматына балээ алып келип, наалатка калды. Т.а. Батышты Исламга чакырганда, анын залим илманийликке негизделген түзүмүн Исламга алмаштырууга чакыруу керек. Бул үчүн Батыштагы мусулмандар илманий түзүмгө ишенбестик жарыялап, Батыш коомуна жана саясий кызматка талапкер кишилерге туура хазаратка ээ альтернатива түзүм катары Исламды сунушташы шарт. Алар адамдардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кыламын деп канчалык жалган айтышпасын, эч бирин шайлабоо кажет! Расулуллах ﷺ айтат:

«وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ، لَا يَسْمَعُ بِي أَحَدٌ مِنْ هَذِهِ الْأُمَّةِ، يَهُودِيٌّ وَلَا نَصْرَانِيٌّ ثُمَّ يَمُوتُ وَلَمْ يُؤْمِنْ بِالَّذِي أُرْسِلْتُ بِهِ إِلَّا كَانَ مِنْ أَصْحَابِ النَّارِ»

«Мухаммаддын жаны колунда болгон Затка ант, мага бул умматтын бири т.а. яхудий жана христиан кулак салбаса жана мен алып келген нерселерге ыйман келтирбестен өлсө, албетте тозок калкынан болот». (Муслим риваяты).

Үчүнчүдөн: Батыштагы мусулман жамаатын ал жерде коом арасында жакшы жамаат катары көрсөтүп турган нерсе – алар Ислам көлөкөсүндө биригип, Исламды рисалат жана рахмат катары жеткирип жатышканы. Исламдын илахий рисалатын Батышка, айрыкча, бир ууч капиталисттер тарабынан эзилген мазлум калктарга жеткирүү важиб. Капиталисттер өз калкын ири континенталдык компаниялардын кызыкчылыктарына ылайык башкарышат. Ошондуктан, Батыш калктарын бактысыз кылган, Аллах Тааланын каарына себеп болгон жашоо таризине ылайыкташып сиңишүү эмес, тескерисинче, аларга даъватты жеткирүү фарз. О.э. мусулмандардын биригүүсү аларга жана Исламга каршы фитналардан сактайт. Расулуллах ﷺ айтат:

«فَعَلَيْكَ بِالْجَمَاعَةِ، فَإِنَّمَا يَأْكُلُ الذِّئْبُ مِنَ الْغَنَمِ الْقَاصِيَةَ»

«Жамааттан бөлүнбөгүлө. Себеби, карышкыр бөлүнгөн койду жейт». (Абу Давуд риваяты). Мисалы, Америкадагы он миллион мусулмандын алардын өздөрүнөн бир өкүл болсо, бул нерсе аларды үлкөн күчкө айлантат. Бул нерсе, алардын талаптары – жаран катары укуктарын жана Газадагы боордошторубузду өлтүргөн куралдардын яхудий вужудуна берилбешин талап кылуу сыяктуу – мыйзамдуу жана адилеттүү болгон соң, шайлоого катышабы же жокпу, укуктары бузулушун алдын алат.

Төртүнчүдөн: биз Батыштагы мусулмандарды Ислам жана мусулмандардын чыныгы элчи-өкүлү болууга чакырабыз. Алар Хабашстанга хижрат кылган сахабалардын, Жаъфар ибн Абу Талиб розияллаху анхунун сийратын жандантышы керек. О.э. алардын сийраты ибраттуу сийрат болушу кажет. Батыш коомуна аралашып-сиңишип, анын саясаты жана салты менен алектенбөө зарыл. Себеби, Батыштын саясаты жана салты даъваттын сыпатына т.а. Ислам бардык адамзат үчүн экендигине каршы келет. Биз аларды олутуу аракет кылуу менен Батыш коомунда жогорку жана жакшы мусулмандардан болууга чакырабыз. Алар бул калктарды капиталга сыйынууудан чыгарышы керек жана Исламга топ-топ болуп кириши үчүн акыйда жана турмуштун бардык тармагын камтыган түзүм катары Исламга даъват кылышы зарыл. Ошондой жол менен алар Ислам рисаласын Роббини ыраазы кыла турган таризде жеткиришет. О.э. өздөрүн жана кийинки муундарды куфр турмушуна жана салтына сиңишүүдөн коргошот.

﴿ٱدۡعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِٱلۡحِكۡمَةِ وَٱلۡمَوۡعِظَةِ ٱلۡحَسَنَةِۖ وَجَٰدِلۡهُم بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُهۡتَدِينَ﴾

«Раббиңдин Жолуна хикмат жана жакшы насаат менен даъват кылгын! Алар менен эң жакшы жол менен далилдешип тартышкын. Албетте, Раббиңдин Өзү Анын жолунан азган адамдарды абдан жакшы билет жана Ал Туура Жолду табуучу адамдарды да абдан жакшы билет»                  [16:125]

 Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук

маалымат бөлүмү

 

turkistonkg

Recent Posts

Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты

Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен барып, корей…

19 hours ago

Тоң моюн душман

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Тоң моюн душман Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

19 hours ago

Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен куттуктап, анын буйруктарын аткарууга даяр экенин билдирди

Басма сөз баянаты Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен…

23 hours ago

Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын байлыктарын коргогон Ислам мамлекетине кайтарууну талап кылат

Басма сөз баянаты Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын…

23 hours ago

Эй, Кинана кошуундары! Качан кыянатчыл режимдин үстүңөрдөгү шерменделик чаңын силкип, тазаланасыңар?

Басма сөз баянаты Эй, Кинана кошуундары! Качан кыянатчыл режимдин үстүңөрдөгү шерменделик чаңын силкип, тазаланасыңар? Бир…

23 hours ago

Нусрат талап кылуу, нусрат берүү жана Аллахтын жардамы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Нусрат талап кылуу, нусрат берүү жана Аллахтын жардамы Суроо-жооп Суроо: Ассаламу алайкум…

2 days ago