Басма сөз баянаты
Эй, Кинана кошуундары! Качан кыянатчыл режимдин үстүңөрдөгү шерменделик чаңын силкип, тазаланасыңар?
Бир нече күн мурун Мисир режими яхудий вужуду үчүн курал-жарак жана жарылуучу заттар жүктөлгөн кеме Искандария портуна кабыл алынганын четке какты. Акыйкатта болсо режим аталган кемени кабыл алып, мубарек жердеги элибизди өлтүрүүнү улантышы үчүн баскынчы вужудга жетишин жеңилдеткени жана зарыл жардам менен камсыздалганы жөнүндө көптөгөн далилдер бар. Бул маселе жана ал туурасындагы талкуулар муну менен бүтпөдү, адамдар ал тургай Сувайш каналынан яхудий байрагы менен бирге Мисир байрактары желбиреп турган яхудий аскерий кемеси өтүп бара жатканын көрүшкөн. Адамдар режим Газадагы калкыбызды курчоого алып, кыргын кылып жаткан канкорлорду колдоп-кубаттап жатканына, ал тургай кыргынга катышып жатканына ачууланышты.
Режимдин жарчылары эң ыплас шылтоолорду айтып, Сувайш каналы эл аралык келишимдерге ылайык бардык кемелер үчүн ачык суу жолу экенин жана бул душман мамлекеттин аскерий кемеси болсо да Мисир байрагы менен өтүүгө тоскоолдук кылынбашын айтышты. Кудум режим адамдарды маскаралап, өзүнүн кылмыштары менен аларды ачууланткандай жана аларга тилин чыгарып, аракети менен аларды провокация кылып жаткандай.
Бул эл аралык келишимдерди малай жана көз каранды мамлекеттер гана аткарууга мажбур. Өз суверендигине ээ кубаттуу мамлекет – айрыкча, бул келишимдер анын кызыкчылыктарына тескери келген болсо – аларды аткарбайт. Мисир режими өзүнүн итааткөйлүгүн эл аралык келишимдер менен актап жатканын көрүп жатабыз. Качан бул келишимдер Американын кызыкчылыктарына тескери келип калса, Мисир режими аларга каршы өкүрүп, өзүндө жок баатырдык жана эрдикти көрсөтүп жатканына күбө болобуз.
Мисир режиминин баскынчы яхудийлерди колдогон позициясы таң калычтуу эмес. Ал ар дайым мубарек жерди ээлеп алган баскынчынын коопсуздугун коргогон сакчы болуп келди жана бул нерсени Кэмп-Дэвид деп аталган ачык-айкын саткындык жана нормалдашуу келишими менен дагы да бекемдеди.
Бул жерде режимдин кордугуна жана кыянатына сүкүт кылып жаткандардын позициясы таң калычтуу. Режимдин кордук жана кыянаттарын маалымат каражаттары да жашыра албай калды. Расмийлердин шылтоолору болсо ушул кылмыштан да жаман болууда.
Мисирдин жана анын армиясынын вазыйпасы – каналдан өтүү жөнүндөгү келишимдерден тартып, Кэмп-Дэвид келишиминен жана андан кийинки соода-экономикалык келишимдерден, бардык маанилүү келишимдерден баш тартуу жана Фалестинди толук азат кылуу үчүн баскынчы вужудга каршы кеңири көлөмдүү согуш жарыялоо.
Эй, Кинана кошуундары!
Силер Умматтын калканы жана куралы болгонсуңар. Учурда да ошондойсуңар. Андыктан, эркиндигиңерге кайткыла жана Ислам Умматы тарапка өтүп, өкүмдарларга байланган аркандарды кыркып салгыла. Алардын силерге берген ыйгарым укуктарынан, наамдарынан жана акчаларынан баш тарткыла. Силерди жер-асмандай кең бейишке жетектеген жетекчилерге колуңарды сунуп, алар менен биргеликте Умматтын кайгыдан арылткыла жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө кайра бийлигиңерди тикелегиле. Ушул Халифалык силердин колуңар менен мубарек жерди азат кылат. Демек, жакшылыкка келгиле, нажатка келгиле.
﴿وَٱتَّقُواْ فِتۡنَةٗ لَّا تُصِيبَنَّ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ مِنكُمۡ خَآصَّةٗۖ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ﴾
«Силерден жалаң залим кимселердин өзүнө гана жетпей (балким, баарына жете турган) балээден сактангыла жана билип койгула, албетте Аллахтын азабы катуу» [8:25]
Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы
маалымат бөлүмү
Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен барып, корей…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Тоң моюн душман Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Басма сөз баянаты Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен…
Басма сөз баянаты Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын…
Басма сөз баянаты Кафир Батыш мамлекеттеринде шайлоодо катышууга чакыруу – алардын коомуна ылайыкташууга жана Ислам…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Нусрат талап кылуу, нусрат берүү жана Аллахтын жардамы Суроо-жооп Суроо: Ассаламу алайкум…