1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт
1-январдан тарта өлкөдөгү жолдор үчүн автоунаа ээлери май куйганда ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөй баштайт. Буга байланыштуу мыйзам бүгүн Жогорку Кеңеште экинчи жана үчүнчү окуудан өттү.
Документке ылайык, айдоочулар ар бир литр бензин, дизелдин баасына 1 сомдон кошуп төлөйт. Чогулган каражат Жол фондуна топтолот. Мыйзам кабыл алынса Жол фондунун бюджети жети миллиард сомго көтөрүлөрүн транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди. Ал 2023-жылы фондго 4,5 миллиард сом түшкөнүн, быйыл жылдын аягына чейин 5 миллиард сомдон ашык акча түшөрү күтүлүп жатканын кошумчалады.
Учурда Жол фондуна мындан башка да бир катар жыйымдар аркылуу каражат түшүп турат. Маселен, Салык кызматы ташып келинген күйүүчү майдын тоннасынан 5000 сом салык алат. Буга кошумча, автотранспортторду каттоо, өткөрмө бекеттер, айып пул, грант, күйүүчү майга салынган акциздик салыктан да төлөмдөр чогулат.
Учурда Бишкекте бензиндин баасы сапатына жараша 67 сомдун айланасында, ал эми дизелдин баасы 75 сомго чейин сатылууда. Аталган мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо күйүүчү майдын баасы дагы кымбатташы табигый.
Комментарий:
Кыргыз бийлиги бюджетти толтуруу убадасын бергенден кийин бир катар салык жана төлөмдөрдүн санын көбөйтүү менен калктын жонунан кайыш тилип келүүдө. Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандарды аныктоо үчүн дрондорду колдоно баштаган. 8-марттан тартып жол эрежесин бузгандарга жазалар күчөтүлгөн. Айып пулдар ар бир эреже бузууга дээрлик эки эседен ашык белгиленген. Маселен, белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурдагы 7 500 сомдун ордуна 15 000 сом белгиленген.
Буга кошумча, акыркы бир жыл ичинде эле светтин баасын 11 пайызга, жылуулук жана ысык суунун тарифин үч эсе кымбаттатты. Соодагерлерге ККМ орнотуу менен бюджеттин дээрлик жарымын түзгөн НДС салыгын көтөрүү аракети жүрүп жатат. Бул салыктар айланып келип эле калк сатып алган негизги товарлардын баасы кымбатташына алып келет. Ансыз да жылдык инфляция 11 пайыздан ашып, айрым азык-түлүктөр эселеп кымбаттоодо. Натыйжада, карапайым калктын жүгү барган сайын оорлоп жатса, бир ууч капиталисттердин байлыгы артып барууда.
Мунун каршысында Ислам түзүмүндө, мамлекет өз иштерин жүргүзүү үчүн салык салууга муктаж болбойт. Анткени, өз иштерин жүргүзүү үчүн жер жана кыймылсыз мүлк сыяктуу мамлекеттик мүлктөрдөн пайдаланат. Ал эми, калктын жалпы кызыкчылыктарына тиешелүү муктаждыктарга адамдардын бардыгы шерик болгон умумий мүлктөрдөн сарптайт. Маселен, мектептер, университеттер, ооруканалар, жолдор, аэропорттордун курулушу жалпы адамдардын кызыкчылыгы болуп, ага умумий мүлктөн сарпталат. Мисалы, алтын, мунай, газ, темир, уран сыяктуу табигый байлыктарды иштеп чыгаруудан алынган пайдалар ушул тармактарга жумшалат.
Мындан тышкары, Ислам байлыктын бир ууч адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт. Ошол эле учурда жакыр жана муктаж кишилерди салык төлөтүү менен айласын кетирбейт. Балким, кирешеси белгилүү өлчөмгө жеткен гана адамдардан зекет жыйып алат. Зекетти адамдар ибадат катары кубануу менен беришет.
Исламда мамлекет сейрек учурда, тагыраагы, Алла Таала мамлекетке жана Үммөткө парз кылган ишти аткаруу үчүн муктаж болгон учурда гана мусулмандар арасындагы бай адамдарга кайрылып, карыз алышы мүмкүн. Кээде мамлекет мусулмандардын байларынан кайсы бир муктаждыкты чечүү үчүн ушул керектүү каражаттын өлчөмүндө гана салык салышы мүмкүн. Мисалы, Расулуллах (с.а.в) Табук казатына керектүү каражат үчүн мусулмандарга кайрылган. Ошондо, Усман (р.а) бул катаал жылдагы кыйынчылыкты жоюу үчүн миң динар берген.
Демек, Исламдагы мындай салык учурдагы капиталисттик түзүмдөгү салык жана төлөмдөр сыяктуу туруктуу түрдө алынбайт. Туруктуу түрдө салык топтоо жайиз эмес. Ошондуктан, капиталисттик түзүмдөгү салыкка негизделген экономикалык түзүмдү Исламдагы экономикалык түзүмгө окшотуу чоң ката. Расмий бийлик ишке ашырып, чакырып жаткан салыктарга Исламда тыюу салынган!
Нурдин Асаналиев
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
ДАЮС жаннатка кирбейт وعن عمار رضي الله عنه أنه عليه الصلاة والسلام قال :( ثلاثة…
“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты Азыр бүткүл дүйнө боюнча капитализм колдонулуп…
Жергиликтүү шайлоо: Калк демократиядан баш тартууда Кыргызстанда 17-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жаратканга күнөөкөр болууда макулукка моюн сунуу жок Урматтуу бир…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Индонезиядагы саясий окуялар Суроо: 2024-жылдын 20-октябрында мурдагы генерал Прабово Субианто (73…