Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ نُمَيْرٍ حَدَّثَنَا أَبُو خَالِدٍ يَعْنِي سُلَيْمَانَ بْنَ حَيَّانَ عَنْ سَعْدِ بْنِ طَارِقٍ عَنْ رِبْعِيٍّ عَنْ حُذَيْفَةَ قَالَ: كُنَّا عِنْدَ عُمَرَ فَقَالَ أَيُّكُمْ سَمِعَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَذْكُرُ الْفِتَنَ؟ فَقَالَ قَوْمٌ: نَحْنُ سَمِعْنَاهُ، فَقَالَ: لَعَلَّكُمْ تَعْنُونَ فِتْنَةَ الرَّجُلِ فِي أَهْلِهِ وَجَارِهِ؟ قَالُوا: أَجَلْ، قَالَ: تِلْكَ تُكَفِّرُهَا الصَّلَاةُ وَالصِّيَامُ وَالصَّدَقَةُ، وَلَكِنْ أَيُّكُمْ سَمِعَ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَذْكُرُ الْفِتَنَ الَّتِي تَمُوجُ مَوْجَ الْبَحْرِ؟ قَالَ حُذَيْفَةُ: فَأَسْكَتَ الْقَوْمُ، فَقُلْتُ: أَنَا، قَالَ: أَنْتَ لِلَّهِ أَبُوكَ، قَالَ حُذَيْفَةُ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: “تُعْرَضُ الْفِتَنُ عَلَى الْقُلُوبِ كَالْحَصِيرِ عُودًا عُودًا فَأَيُّ قَلْبٍ أُشْرِبَهَا نُكِتَ فِيهِ نُكْتَةٌ سَوْدَاءُ وَأَيُّ قَلْبٍ أَنْكَرَهَا نُكِتَ فِيهِ نُكْتَةٌ بَيْضَاءُ حَتَّى تَصِيرَ عَلَى قَلْبَيْنِ عَلَى أَبْيَضَ مِثْلِ الصَّفَا فَلَا تَضُرُّهُ فِتْنَةٌ مَا دَامَتْ السَّمَاوَاتُ وَالْأَرْضُ وَالْآخَرُ أَسْوَدُ مُرْبَادًّا كَالْكُوزِ مُجَخِّيًا لَا يَعْرِفُ مَعْرُوفًا وَلَا يُنْكِرُ مُنْكَرًا إِلَّا مَا أُشْرِبَ مِنْ هواه” رواه مسلم
Мухаммад бин Абдулла бин Нумайр Хузайфадан риваят кылды. Биз Умар менен бирге болчубуз, ал айтты: “Силердин кимиңер Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын фитна тууралуу айтканын уккан? Ошол жердегилер: “Биз аны укканбыз”, – дешти. Ал айтты: “Силер кишинин үй-бүлөсү жана коңшусу менен болгон фитнасы тууралуу айтып жатасыңарбы?”. Алар айтышты: “Ооба”. Ал айтты: “Булар намаз, орозо жана садака менен кечирилет. Бирок, кимиңер Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын деңиз толкундарын толкундаткан фитна тууралуу айтканын уккан?”. Хузайфа айтты: “Ошондо ал жерде отургандар унчукпай калышты. Ошондо мен укканмын дедим. Ал айтты: “Сендей адамды алып келген атаңа рахмат”. Хузайфа айтты: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай дегенин уктум. Фитаналар жүрөккө токулган килемдин изи уктаган адамдын денесине түшүп калгандай жабышат. Кайсы жүрөк фитнага кабылса кара так пайда болот. Аны четке каккан ар бир жүрөктө ак так пайда болот. Ошентип, жүрөктөр эки түргө бөлүнөт. Биринчиси – Сафадай аппак жүрөк болуп, асмандар менен жер бар экен, ага фитналар зыян жеткирбейт. Экинчиси – жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарбаган, нафси-каалоосун гана кандырган жүрөк. Ал чаң басып, кыйшайган кара көңдөй чөйчөк сыяктуу”.
Абу Халид айтты. Ошондо мен Саьдга: “Эй Абу Малик ал идиш кандай кара”? Ал айтты: “Караңгылык”. Мен айттым: “чаң басып, кыйшайган чөйчөк эмне”? Ал айтты: “көмкөрүлүп калган”.
Фитнага туш болуунун мааниси – жүрөктөргө жабышып, таасир этүүсү. Килемге уктап жаткан адамдын жүзүнө из калтырганы сыяктуу таасир этет. Бул килем токулганы сыяктуу биринин артынан бири кайталанып турат.
Аль-Хаттаби айтты: “Фитна жүрөктөрдө пайда болот б.а. таяк артынан таяк аркылуу килемдер токулгандай, жүрөктөргө фитна артынан фитна келүүсү менен жүрөктөрдү агартат же карартат.
Казы Айяд айтты: “Килемчи килем токуган сайын таяктайт. Бул биринин артынан бири жүрөктөргө азгырык тартуулаган фитна сыяктуу. Ал эми, Алланын элчисинин (Аллахтын салам-салаваттары болсун): Кайсы жүрөк фитнага кабылса кара так пайда болот. Аны четке каккан ар бир жүрөктө ак так пайда болот” деген сөзүнүн мааниси, ал толугу менен жүрөккө кирип, ээлейт дегени.
Ошентип, жүрөктөр эки түргө бөлүнөт. Биринчиси – Сафадай аппак жүрөк болуп, асмандар менен жер бар экен, ага фитналар зыян жеткирбейт. Экинчиси – жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарбаган, нафси-каалоосун гана кандырган жүрөк. Ал чаң басып, кыйшайган кара көңдөй чөйчөк сыяктуу” дегендин мааниси, ал ошол доордогу адамдар сыяктуу же адам жүрөгүнө жараша болот дегени. Анын жүрөгү эки түрдүү болот. Алардын бири Сафаа сыяктуу ак. Башкача айтканда, өтө ак жана таза таш сыяктуу. Экинчиси, кара булганган, күл түсүнө окшош болуп калат. Кара менен чаңдын ортосундагы түс. “Кыйшайган чөйчөк” б.а. илим билимден куру калган адам. Бул пайдаланылбай көмкөрүлүп коюлган чөйчөккө окшоштурулган. Тактап айтканда, ал жүрөк шарьий жактан эмне маьруф, эмне мункар экендигин билүү жөнүндө эч нерсени каалабаган, бир гана өз каалосун аткара берген жүрөк.
Казы Ийад (Аллах аны ырайымына алсын) айтты: Ас-Сафага салыштыруу анын актыгын түшүндүрүү эмес, анын ыйманынын күчтүүлүгүн жана кемчиликтерден сактануудагы сүрөттөлүш. Кир нерселер ага жабышпаган жылмакай таш болгон Сафа сыяктуу ага да фитналар жабышып же таасир эткен эмес.
Хадистин мааниси, эгер адам напсисине ээрчип, күнөө кылса, ар бир кылган күнөө менен анын жүрөгүнө караңгылык кирет. Натыйжада, фитналанып, андан Исламдын нуру өчөт. Жүрөк чөйчөккө окшош, эгер ал көмкөрөсүнөн туруп калса, ичиндеги нерсе төгүлүп, андан кийин ага эч нерсе кирбейт.
Ат-Тирмизи риваят кылат: “Момун күнөө кылганда жүрөгүндө кара так пайда болот. Тообо кылса, баш тартса, истигфар кылса, жүрөгү тазаланат. Көбөйсө, жүрөгүн ээлеп калганга чейин көбөйөт. Бул Аллах Тааланын айткан жүрөктөрдү ээлеп калуусу:
(كَلاَّ بَلْ رَانَ عَلَى قُلُوبِهِمْ مَّا كَانُواْ يَكْسِبُون)
“Жок, бирок алардын кылган иш аракеттери алардын жүрөктөрүн ээлеп алды”. (Мутафифиин: 14).
Мужахид айтты: “Ал күнөө кылган адам, күнөө анын жүрөгүн курчап алат. Андан кийин күнөө анын жүрөгүн каптап, ээлеп алат”.
Фарраа мындай деди: “Алардын кылмыштары жана күнөөлөрү көбөйүп, жүрөктөрүн курчап алды”.
Мужахид риваят кылган хадисте айтты: “Жүрөк алакан сыяктуу. Ошондуктан пенде күнөө кылганда ал жыйрылып, манжасы биригет. Дагы күнөө кылса ал жайылып башкасы кошулат. Барып-барып жүрөккө так калтырат”.
Эй, адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт! Сабыр кыл жана Аллахтын буйругуна ыраазы болуп, соопко умтул. Жакшылыкка үгүттөп, жамандыктан кайтаргыла. Жүрөктөрдү Аллахтын алдындагы нерсеге, сүйүктүү Мухаммад жана анын сахабаларына жолугууга байлагыла. Өткүнчү дүйнөгө байлабагыла. Аллах Таала аны силерге берет, силер ыраазы болосуңар, жыйынтык такыбалар үчүн.
Адилетсиз жана зулум режимдерге каршы туруу үчүн чечкиндүүлүктү курчуткула жана жең түрө киришкиле. Аллах силерди коргоп, колдоо көрсөтөт. Чындыкты ээрчигендерди колдоо үчүн Аллахтын жоокерлери ат үстүндө жүрүштү. Башыңарга түшкөн кыйынчылыктарга капа болбогула жана өткөрүп жиберген нерсеңерге кайгырбагыла. Биз үчүн эң бийик бейишке – фирдауска жете турган убак келди.
Оо Аллахым, жүрөгүбүздү ыйманга толтур жана диниңде бекем кыл. Бизге Аллах жетиштүү жана Ал эң жакшы өкүл.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун!
1446-х, 7-жумадул уула.
2024-ж, 9-ноябрь.
1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдор үчүн автоунаа ээлери май куйганда…
ДАЮС жаннатка кирбейт وعن عمار رضي الله عنه أنه عليه الصلاة والسلام قال :( ثلاثة…
“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты Азыр бүткүл дүйнө боюнча капитализм колдонулуп…
Жергиликтүү шайлоо: Калк демократиядан баш тартууда Кыргызстанда 17-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жаратканга күнөөкөр болууда макулукка моюн сунуу жок Урматтуу бир…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Индонезиядагы саясий окуялар Суроо: 2024-жылдын 20-октябрында мурдагы генерал Прабово Субианто (73…