Орто Азия

Жергиликтүү шайлоо: Калк демократиядан баш тартууда

Жергиликтүү шайлоо: Калк демократиядан баш тартууда

Кыргызстанда 17-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, 1 150 931 киши шайлоого катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 28 пайыздан азыраагын түзөт.

Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өттү. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышты. 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү.

Буга чейин 28-апрелде бир мандаттуу округдарда өткөн кезексиз шайлоого да шайлоочулардын 25%дан азы катышкан. Өткөн жылы Ленин округундагы кезексиз шайлоодо шайлоочулардын 13,95% гана добуш берген эле. Бул Кыргызстанда эң аз шайлоочу катышкан шайлоо болуп калган.

Ал эми, 2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо шайлоочулардын 39,75%ы гана добуш берди. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого шайлоочулардын 56,2%, 2021-жылы 34,93%ы келген.

         Турмуш чындыгында шайлоого катышкандардын саны демократиялык системага карата калктын ишеним көрсөткүчү болуп эсептелет. Тагыраагы, Кыргызстандагы шайлоочулардын негизги бөлүгү шайлоону бойкот кылганын билдирет! Анткени, калк демократиядан да, бири-биринен айрымаланбаган бийликтен да, жалаң гана чиновниктер менен акчалуулардын кызыкчылыгына кызмат кыла турган шайлоолордон да чарчады. Мунун себеби, Кыргызстан “эгемендүү” болгондон бери келген бийликтер өлкөнү алсыратуу, калкты жакырлаштыруу үстүндө жарыша иштеди. Шайлоо же төңкөрүш жолу менен келген акимдер бул жолдо бири-биринен айырмаланган жок. Буга кошумча, коррупция, адилетсиздик аны менен катар ахлаксыздык кең жайылды. Мунун негизги себеби алар башкарып жаткан демократиялык система экени талашсыз. Анткени, демократия жалаң гана алдоолордон турат. Маселен, демократия – бул калктын бийлиги дешет. Калк түздөн-түз өзүн башкара албагандыктан, алар жетекчини өздөрүнөн өкүл катары шайлай турганын айтышат. А бирок, тажрыйбада бул мүмкүн эмес экенин көрүп жатабыз. Тагыраагы, шайлоолор акчалуулар менен бийликти колунда кармагандардын кызыкчылыгына ылайык өткөрүлөт. Мыйзамдар мына ушул бир ууч адамдын кызыкчылыгы үчүн иштей турганын көрүп келатабыз.

Демократиялык түзүмдүн тарапкерлери дагы көпчүлүктүн добушу чечүүчү күчкө ээ экендигин айтышат. А бирок, Кыргызстанда өткөн шайлоолор бул куру сөз экендигин далилдеп койду. Эгер алар айткандай “көпчүлүктүн” пикири эсепке алынса, шайлоочулардын 60-70 пайызы катышпаган шайлоонун натыйжасы жокко чыгарылышы керек болчу.

Алар дагы шайланган башкаруучу жалпы калктын жетекчиси экенин айтышат. Бул дагы акыйкаттан алыс. Анткени, демократияда партиялар башкаруучу жана оппозициялык болуп экиге бөлүнөт. Натыйжада коом да бийликти колдогон жана ага каршы болуп экиге ажырайт. Мындай абалда, бир тараптын талаптары орундалбай калышы табигый. Маселен, ЛГБТга, казиного каршы сөздөрү, намаз окуганы үчүн көпчүлүктүн добушуна ээ болгон талапкерди карап көрөлү. Ал кызматка келиши менен шайлоочуларынын бул багыттагы талаптарын аткарууга, тагыраагы, ЛГБТ өкүлдөрүнүн иштерине, казиного тыюу салган мыйзамдарды ишке ашырууга аракет кылат. Муну менен коомдун бир бөлүгү болгон азчылыкты куугунтуктоого туура келет. Ал эми, биздин өлкө демократиялык система менен башкарылгандыктан, кумарканаларды ачууга, ЛГБТ өкүлдөрүнө жыныс эркиндиги камсыздалган. Натыйжада, көпчүлүктүн талаптары орундалбастан кала берет. Демек, мусулмандар аста-секин шайлоо аркылуу жеңишке жетишебиз деген ой да алдоодон башка нерсе эмес.

         Негизи Ислам бүгүнкү демократиялык системага толугу менен карама-каршы келет жана анда адамдын мыйзам чыгаруусуна эч бир орун жок. Алла Таала айтат: “Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт”.

         Шайлоо жана тандоо маселесинде Ислам шариатында өзүнчө өкүмдөр бар болуп, ал Батыш түзүмүндөгү шайлоолордон да, мусулман өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан ыплас түзүмдөрдөн да айырмаланат. Ислам шариатындагы шайлоо эч кандай кысым жана мажбурлоосуз эркин өткөрүлөт. Ар бир адам – эгер, өзүн жөндөмдүү деп билсе же башка мусулмандар аны жөндөмдүү деп эсептешсе – шайлоого өз талапкерлигин коюу жана шайлануу укугуна ээ. Мунун шарты – Ислам жана өкүмдөрү шайлоодо негиз болушу.

     Жыйынтыктап айтканда, биз мусулмандар демократиядагы шайлоо деген жалганга алданбашыбыз, аны менен алек болуп калбашыбыз шарт. Ошондой эле, ага катыштыруу үчүн жасалып жаткан аракеттерге катуу каршы турушубуз зарыл. Анткени, кылмышкер режимдин парламентине же өкмөтүнө кошулуу кылмышкерлердин өмүрүн узартат. Себеби, шайлоолор бизди улуу максаттан чалгытуучу оюн. Улуу максат – бүгүнкү бузукулук жана коррупцияга баткан режимди колдоп-кубаттап келген империалисттик түзүмдү кулатып, анын ордуна Исламды жашоого алып келүү. Аллахтан Ислам үммөтүн туура өзгөрүү жасоо нээматы менен сыйлашын, акимдердин айла-амалын жана адашууларын бизден алыс кылышын сурайбыз.

         Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт

1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдор үчүн автоунаа ээлери май куйганда…

18 hours ago

Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

ДАЮС жаннатка кирбейт

ДАЮС жаннатка кирбейт وعن عمار رضي الله عنه أنه عليه الصلاة والسلام قال :( ثلاثة…

4 days ago

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты Азыр бүткүл дүйнө боюнча капитализм колдонулуп…

4 days ago

Жаратканга күнөөкөр болууда макулукка моюн сунуу жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жаратканга күнөөкөр болууда макулукка моюн сунуу жок Урматтуу бир…

5 days ago

Индонезиядагы саясий окуялар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Индонезиядагы саясий окуялар Суроо:  2024-жылдын 20-октябрында мурдагы генерал Прабово Субианто (73…

7 days ago