Макала

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөмыйзамдын максаты

Азыр бүткүл дүйнө боюнча капитализм колдонулуп жатат. Империалисттер Бириккен Улуттар Уюму жана анын алдындагы уюмдар о.э. алардан келип чыккан эл аралык уюмдар аркылуу дүйнө элдерин капитализм чеңгелинде кармап турушат. Капитализмге альтернативалуу система келип калбашы үчүн анын алдын алуучу программаларды ишке ашырышат. Ар бир мамлекеттин конституциясы жана мыйзамдары жогорудагы уюмдардын талаптары алкагынан чыкпайт. Ал талаптардын эң негизгиси – мамлекеттердин “светтик” б.а. дин турмуштан ажыратылган мамлекет болушу. Ислам дини капитализмди турмуштан сүрүп чыгара турган альтернативалуу жашоо системасы болгондуктан, империалист каафирлер ага душмандык менен карашат. Ошондуктан, анын турмушка кайтып келишине каршы – кээде ачыктан-ачык, кээде болсо айла-амалдар иштетүү менен – катуу күрөшүшөт. Биз сөз кыла турган мыйзам да мына ушул күрөш алкагында келип чыккан.

Кыргызстан да “светтик” мамлекет, бул конституцияда да, диний концепцияда да жана ушул “дин боюнча мыйзамда” да жазылган (кыргызча “ылайык” деген атама менен аталууда). Башка светтик мамлекеттердегидей эле, Кыргызстандын келген-кеткен бийликтери – мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө максатында – Исламга каршы күрөшүүчү мыйзамдарды кабыл алышат.

Кыргызстанда кулач жайып келе жаткан Исламга каршы күрөшүү үчүн, алгач “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамы 1991-жылы Акаев доорунда кабыл алынган. Бирок, бул мыйзамдын кабыл алынышына карабастан, мусулман калктын өз динине ыктоосу күчөй берди. Ошондуктан, 2006-жылы Бакиев доорунда атайын диний концепция иштелип чыкты, кийин 2008-жылы ушул концепцияга ылайыкталып, “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамы дагы да күчөтүлгөн көрүнүштө жаңыдан кабыл алынды. Атамбаев доорунда, 2011-жылы жогорудагы мыйзамга толуктоо киргизилсе, 2012-жылы толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди. Кийин 2014-2020-жылдар үчүн диний концепция кабыл алынды. 2019-жылы, Жээнбеков доорунда дагы бир өзгөртүү киргизилди. Учурдагы бийлик убагында болсо, 20021-жылы жазында жогорудагы мыйзамга дагы бир өзгөртүү киргизилди, андан соң, күзүндө “2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы” кабыл алынды. Эми болсо ушул концепция алкагында дагы жаңыдан “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам сунушталып, коомдук талкууда турат. Эгер көңүл бурсаңыздар, ушул концепциялардын бардыгында тең анын эң башкы багыты “мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө” деп белгиленген. О.э. жогорудагы мыйзамдардын бардыгы тең Исламга каршы каратылган.

Ушул орунда кебибизде бир аз чегинүү жасамакчыбыз. Капитализмде өлчөө – пайда. Мисалы, эгер капиталисттик түшүнүктөгү адам бир чындыкты айтса, аны пайда алып келгендиги үчүн айтат, эгер зыян алып келсе, аны айтпайт. Эгер жалган айтуу пайда алып келсе, анда алдоодон эч чарчабайт. Азыркы ааламыбызды бул көрүнүш баштан-аяк каптаган. Бириккен улуттар уюмунун уставдарынан тартып, биздеги мыйзамдарга чейин ушундай… Акимдердин камкордук менен башкарабыз деп, залимдик менен башкарышы; саламаттыгыңарды сактайбыз деп коюп, медицинанын бизнес кылып алынышы ж.б.у.с. Булардын баарынын “тышы жалтырак, ичи калтырак”. Учурда президент баш болуп талкуулап жаткан бул “дин боюнча мыйзам” да, ар түрдүү айла-амалдар, алдоолор, адаштыруулар менен оролгон. Биз бул талкуубузда, мүмкүн болушунча, ушул мыйзамда камтылган айрым жагдайлардагы алдоо-адаштырууларды ачып, чүмбөтүн сыйрып, андан көздөлгөн максаттарды, күтүлгөн натыйжаларды жана алардын жашообуздагы таасирлерин – айрым беренелер мисалында – жөнөкөй тил менен баяндап бергенге аракет кылабыз, иншаАллах.

Аталган мыйзамдагы айрым беренелер мисалындагы талкуу

1-глава

4-берене:

2-пункттун акыркы абзацында мындай деп келет: “…Диний уюмдардын жолдоочулары …аларды идентификациялоого мүмкүндүк берет”.

Мында айрым муслималардын никабына тыюу салуу көздөлгөн. “Идентификация” шылтоодон башка нерсе эмес. Мисалы, мыйзам колдонулса, муслима эже-сиңдилерибиз көчөдө никабчан жүрө албай калат. Бирок, ошол эле учурда, көчөдө ар кандай адам, ар кандай максатта, идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн бербей турган маска тагынып жүрө алат!

Негизи, никаб кийүү да бир шаръий рай болуп, бул райга ээрчиген муслималар үчүн ал важиб өкүмүндө. Демек, бул беренедеги маани да исламий көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн бир мисалы.

Ушул эле берененин 11-пункт, 5-пунктчасында: динди жайылтуу же таңуулоо максатында …турак үйлөрдү (батирлерди) жана турак эмес жайларды кыдырууга тыюу салынат, – делет.

Бул жерде конкреттүү түрдө “Таблиг”деги бурадарлардын дааваты бутага алынган. Өзү чиновниктердин “дааватка каршы эмеспиз” деп айткан сөздөрүндө да мына ушул даават назарда тутулат. Бирок, алардын “каршы эместиги” – катардагы алдоолордун бири. Ал эми, протестанттардын да буга камтылып калышы чыныгы себепти чүмбөттөө үчүн гана болгон (турак жайларды кыдыргандар ичинен протестанттар эң эле аз процентти түзөт). Негизи, өз кезинде адамдарга жашоо системасы катары Ислам толугу менен жетип калышынын алдын алып, адамдарды жекече ибадат, ахлак сыяктуу амалдар менен алаксытуу үчүн, Кыргызстанда “Таблиг” жамаатынын иш алып баруусуна уруксат берилген. Убакыттын өтүшү менен, бул уруксат берилген тармактар жаатында эл ичинде көптөгөн исламий көрүнүштөр жайылып кеткенден кийин, каафирлер “Таблигге” да тыюу салуу тууралуу ойлоп калышты жана Кыргызстан бийликтеринен ага тыюу салууну талаб кылып келишти. Бирок, буга чейинки тыюу үчүн болгон аракеттерден майнап чыкпады. Андыктан, анын күчүн бөлүү үчүн “Йакын Инкар” ойлоп табылып, аларга тыюу салынды. Эми болсо, элде терс маанай жарата турган “Таблигге же дааватка тыюу салат экен” деген кептен буйтап, сөз оюндары иштетилген беренелер аркылуу, “Таблиг” жактоочуларынын иштерине чектөөлөр коюлмакчы. Мындай чектөөчү пункттар ушул беренеде эле эмес, мыйзамдын башка жайларында да келген. Өз учурунда аны да белгилей кетебиз. Бул ыкма чымчыктын канат-куйруктарын кыркып туруп, “мына эми уча бер” деген тамсилге окшойт.

5-берене:

Бул берененин 3-пунктунда: “Мамлекет диний уюмдардын ишине эгерде ал мыйзамдарга карама-каршы келбесе кийлигишпейт”, – деп турат. Бул дегени, диний уюмдар капиталисттик мыйзамдар капасына камалган деген маанини түшүндүрөт. “Мамлекет динге кийлигишпейт” деген кеп булардын адаттагы калптарынан башка нерсе эмес. Дин бул түзүмдө толугу менен мына ушундай мыйзамдар аркылуу көзөмөлдө болот.

Ушул берененин 7-пунктунун 1-4-пунктчаларынын бардыгы “салттуу исламды” сактап калып, “мээлүүн исламдын” алдын тосууга каратылган. Бул орунда жогорудагы атамалардын маанилерине учкай токтоло кетебиз.

“Салттуу ислам” (traditional islam, ор. традиционный ислам) дегени мындай. Капиталисттик колонизаторлор мусулмандар өлкөлөрүн басып алганда, мусуламанчылыктын жеке адамдарга тиешелүү айрым бир көрүнүштөрүн салт катары аткарууга уруксат беришкен. Мисалы, нике, жаназа, намаз, орозо сыяктуу. Кийин ушул “салттуу исламды” карманган мусулмандар көптөгөн күрөштөр аркылуу, курбандыктар берүү менен саясатка да аралашууга аракет кылышты. Качан коомдо алардын көптөгөн тарапкерлери пайда болгон чакта – каафирлер мында да адамдарды чыныгы Исламдан чалгытуу жана анын келишин артка сүрүү үчүн – “мээлүүн ислам” (modern islam, ор. умеренный ислам, وسطية – васатыйя) долбоорун ишке салышты. Мында, намаз окуган, орозо туткан мусулман шахстардын исламий ураандарды көтөрүп, элдеги исламий туйгуларды кытыгылап, саясатка аралашуусуна жол ачылды. Б.а. шайлоолорго катышуусуна, ал аркылуу мамлекеттик кызматтарга келишине уруксат берилди. Бирок өз шарты менен т.а. саясатка Ислам негизинде эмес(!), демократия негизинде гана аралашууга уруксат берилди. Мисалы, бийликке бармакчы болсо, “бийликтин үч бутагын” тан алышы керек. Башкарууда республика түзүмүнөн б.а. президенттик же парламенттик башкаруудан башкасын тандай албайт. Мыйзам чыгарууда парламент, сот тармагында болсо демократиялык сот системасынан башка тандоо болбойт. Мына ушинтип бийликке жеткенден кийин, аларды шайлаган элди да ушундай демократиялык жашоого ыраазы болууга чакырат жана ошого моюн сундурат. Булар империалисттер атамасында “мээлүүн исламчылар” деп аталат да, Исламдын андан көбүрөөгүн талап кылгандар алардын назарында “радикалдар” болушат. Алардан көбүрөөгүн же Исламды толук колдонууну талап кылгандарга “террорист” же “экстремист” тамгалары басылат.

Азыркы учурда, “салттуу исламдын” башкы демөөрчүсү Россия. Ал эми, “мээлүүн исламдыкы” Америка. АКШ башка державалардан таасир талашууда бул долбоорду бир канча жолу ишке салып, ийгиликтерге жетише алды. Буга эң жаркын мисал, Түркиядагы Эрдоган бийлиги. АКШ анда Ислам ураандарын көтөргөн, бирок, демократиялык негизде иш алып барган Эрдоган жана анын партиясын бийликке алып келүү менен, Түркиядагы Британия таасирин алсыратып, Түркияны өз огу айланасында тегерене турган кылды.

Кыргызстанда буга чейин “мээлүүн ислам” көрүнүштөрү катталган. Анда жеке мусулманчылык иштеринде – башка кайдыгер мусулмандарга салыштырмалуу – Исламына жакшыраак жармашып жаткан айрым шахстар президенттикке талапкер болушту, парламентте депутат болушту, чиновник болгондору да болду. Эмки шайлоолордо да, эгер катыштырса, алардын катары өсүшү анык. Албетте, бул тенденция азыркы бийликти чоочутпай койбойт. Анткени, шайлоочулар сабында да исламий туйгулуу адамдар арбып барууда. Ал эми бийликтин өзү болсо, жада калса “салттуу исламдан” да алысыраак, демек, “мээлүүн исламдан” кыйла эле алыс. Мындан сырткары, Америка бийликтерди алмаштырууда “мээлүүн исламдан” пайдалангандыктан, азыркы бийлик мунун да алдын алмакчы болууда. Б.а. бир ок менен эки коён атабыз деп жатышат: биринчиси, Исламий көрүнүштөр жайылышынын алдын алуу; экинчиси, АКШ пайдаланып кетишинин алдын алуу. Бирок, эске алчу жагдай, Америка да Исламга душман, ал да Исламий көрүнүштөр жайылышын каалабайт. “Мээлүүн исламды” “салттуу исламдан” соң келүүчү, чыныгы Исламга жакындаштыруучу кийинки баскыч деп билгендиктен, мусулмандардын “салттуу исламда” катып калышын, керек болсо, Исламдын бүтүндөй жок болуп кетишин каалайт. Бирок, мусулмандар бар болгону үчүн жана алардын чыныгы Исламына талпынуусун башка багытка буруу үчүн “салттуу исламга”, анан “мээлүүн исламга” аргасыздан уруксат берет. Американын Ислам динине душмандыгын ушул каралып жаткан мыйзамга байланыштырып билсе да болот. Мындан мурунку “Чет элдик өкүл”, “ЖМК жөнүндө” мыйзамдары жаатында Америка баштаган батыштыктар кандай ызы-чуулар салышпады, бийликке кандай гана басымдарды жасашпады. Ал эми азыр болсо, “дин боюнча мыйзам” жаатында лам-мим деп ооз ачкан бир да батыштык жок. Эгер эртең кайгырып чыкса, анда да протестанттарды коргоо үчүн чыгышат.

(Эсиңиздерге сала кетсек, учурдагы бийликтин такка келишинде да “мээлүүн исламдан” айрым бир элементтер көрүнгөн. Анда жаңы бийликтин көпчүлүк активдүү тарапкерлери Ислам ураандарын көтөрүшүп, митинг аянтында жума намаз окушкан).

Берененин 9-пунктчасында: депутаттар, муниципалдык жана мамлекеттик кызматчылар тарабынан саясий максаттарга жетүү үчүн диний риториканы пайдаланууга тыюу салынат, – деп турат. Бул дегени элге сөзү өтүмдүү, таасири бар адамдар биртке да болсо динге салым кошуп калбашы керек дегени. Аларга дин тууралуу ооз ачтырбайт. Ал эми саясий максат дегени сөз ойнотуудан башка нерсе эмес. Кыскасы, эртең кебиңе диний сөз аралаштырсаң, саясий максатта колдондуң деп айыпташ эч кыйынчылыкка турбайт.

Ал эми 10-пунктчада: …өлкөдө башкаруучулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө жөндөмдүү болгон динди жана диний көз караштарды пайдалануу менен чечимдерди кабыл алууга жана аракеттерди жасоого тыюу салынат, – деп келет.

Мунун мааниси мындай, казино боюнча мыйзам кабыл алынганда көптөгөн диндар азаматтар каршы чыгышпады беле. Мейли, токтотуп кала алышпаса да, кайраттанып каршы чыгышкан. Эми ошондой иштерге каршы чыгууга тыюу салынып жатат. Дагы мисал келтирсек, эгер айылынызга арак завод салынганы калса, айыл эли “мунуңарды токтокула, бул шариятта арам” деп чыгышса, мыйзамды бузган болушат да, жоопкерчилик тартышат.

6-берене:

7-пункт: Дин таануу сабактарын билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн жекече тартипте жана диний окуу жайдан тышкары окутууга тыюу салынат. Ушул бөлүктө каралган талаптарды бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Бул дегени, тээ Советтер Союзу убагында да динди сактап калууга салым кошкон “хужра” ыкмасындагы медреселерди тыюу дегени. О.э. ал тургай, мечит жана намазканаларда “муаллим сааний” окутууга да болбой калат. Дагы, кошуналардын балдарын топтоп, Ислам негиздерин үйрөнүү, же Куран окуу сыяктуу иш-аракеттерге тыюу салынат. Жана дагы, бул берене “Салафий” болобу, “Нуржу” болобу, “Ихван” болобу, “Хизмет” болобу ж.б.у.с. бүт бардык бурадарлардын сабактарына – ачык же жашыруун болушу айырмасыз – тыюу салат. Бул башталышы гана. Мындан кийинки күтүлүүчү кадамдар да бар. Эгер боордоштор сабактарын уланта беришсе, аларга алгач “радикал” тамгасы жабыштырылат. Андан соң, “экстремисттик” тизмеге киргизилип, алардын ишмердүүлүгүнө чек коюлат. Жогоруда аталгандардын бардыгы мусулман бир туугандар. Алар окуу жайларда дини боюнча билим ала албай жаткан, диний маалыматтарга чаңкап турган мусулман бир туугандарына Ислам тарыхы, Исламдагы үлгүлүү адамдар баяны ж.б.у.с. жалпы билимдерди да беришер эле. Эми ушулардын бардыгына тыюу салынмакчы.

9-пункт: КР жарандары тигил же бул диний окуу жайга КР жаранына тиешелүү жолдомо берүүчү Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана борбордук башкаруу органы менен макулдашуу боюнча гана чет өлкөлүк диний билим берүү мекемелеринде окуй алышат, – деп белгиленет.

Эгер макулдашуу болбосо, анын ал жактан алып келген диплому жараксыз деп табылат. Негизи, жарандардын четтен билим алып келүүсүн жеке демөөрчүлөр жана өздөрү каржылашат. Ар кандай тобокелдиктер менен окуп келишет. Эми ошону да дин иштери комиссиясы менен муфтияттын уруксаты аркылуу кылыш керек болуп калууда. Болбосо, бүтүп келгенден кийин, дин тармагында эч кандай кызмат кыла албай калат. Анткени, диплому жараксыз болот. Ал эми, бул мыйзамдын башка беренелеринде келген маанилерге ылайык (аларга да өз кезегинде токтолобуз), дипломуңуз жараксыз болсо, мамлекет ичинде эч кандай диний ишмердүүлүк менен алектене албайсыз.

2-глава

8-берене:

5-пунктта: Диний бирикмелердин анын Статусунда каралган аймактын чегинен тышкары мыйзамсыз диний иши КР укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет. Диний бирикме ушул мыйзамдын талаптарын дайыма бузган учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аны жоюу боюнча чечим чыгарууга укуктуу, – делет.

Мисалы, райондук мечиттеги бир жамаат калкка динден насиха кылуучу бир диний бирикме түздү. Эми бул бирикме башка райондогу мусулмандарга насиха кыла албайт. Эгер кылса, жана дин иштери боюнча комиссия эскерткенден кийин дагы кылса, анда комиссия бул бирикмени жоюп салат. (Негизи, ушул мыйзам талаптарына ылайык, диний бирикме түзүү процедурасы абдан татаалдашат. А бирок комиссия аны бир заматта жоюп сала алат).

6-пунктта (долбоордо 2-пункт деп ката берилген): … Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган диний уюмдун өкүлү болбогон дин кызматкерлерине ЖМКларда жана интернет тармактарында чыгууга тыюу салынат, – деп берилген.

Демек, буга ылайык, алгач бир уюм түзүп, ага муфтият тармагынан уруксат алып, анан аны дин иштери комиссиясынын текшерүүсүнөн, андан соң каттоосунан өткөргөндөн кийин гана сиз ЖМКлардан же интернеттен чыга аласыз. Ансыз чыга албайсыз. Ушул орунда президент катышкан мыйзамдын талкуусуна көңүл бурабыз. Анда президент: Эл ичинде барктуу, соцтармактарда миллиондогон катышуучулары бар Садыбакас Доолов, Максат ажы сыяктуу аалымдарыбыз аалымдар кеңешинде жок экен. Алар аалымдар кеңешине кирип, анан иш алып барса жакшы болмок, – деген маанини айтты. Негизи, мында “же аалымдар кеңешине келесиңер, же комиссия жана муфтияттын уруксаты менен бир уюм түзүп, ошонун артынан интернеттерге чыга аласыңар, мындан башка жолуңар жок” деген маани жатат.

12-берене:

12-пункт: Калктуу конуштардагы диний багыттагы объекттердин саны КР Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген сандын чегинен ашпоого тийиш, – дейт.

Мисалы, буга ылайык, кайсы аймакта мечитттердин канчоо болушун өкмөт чектеп коёт. Дин жайылган аймактарда салынган мечит, медреселердин санын кыскартууга жол ачылат.

16-берене:

Бул берене “Үгүтчүнү эсептик каттоо (кайра каттоо)” деп аталат. Президент катышкан талкууда “үгүтчү” сөзү “насаатчы” сөзүнө алмаштырылганын көрдүк. Белгилей кетсек, биз бул талкууну долбоордун эл колуна тийген вариантында жүргүзүп жатабыз. Анткени, президенттин светтик командасы жана аалымдар катышкан талкуудан кийинки вариант колубузда жок. Бирок, долбоордун башкы максатында жана анын беренелеринен көздөлгөн максаттарда өзгөрүү болушу күтүлбөйт, муну талкуунун жүрүшүнөн көрдүк. Айрым бир атамалар же акыркы даражалуу маанилер сөз оюндары аркылуу өзгөрүүлөргө учурашы мүмкүн. Демек, талкууга ушул вариант да жарактуу.

1-пункт: КР жараны кабар айтуу ишин КР аймагында же анын чегинен тышкары жүзөгө ашыруу үчүн эсептик каттоодон өтүүгө милдеттүү.

Жогорку жана атайын диний билими бар адамдар гана насаатчы боло алышат.

Насаатчылар КРде конкреттүү катталган диний уюмдун атынан чыгышат. Учеттук каттоодон өтпөгөн диний уюмдун атынан насаатчынын диний ишмердүүлүгүнө тыюу салынат, – деп белгилөөдө.

Негизи, даават кылуу о.э. жакшы иштерге буйруп, жаман иштерден кайтаруу амалдары – ар бир мусулмандын мойнундагы фарз. Муну түшүнгөн ар бир мусулман бул амалдарын мурунтан аткарып келишкен. Эми алардын бул иштерине чектөө киргизилип жатат. Ал чектөөлөр булар: биринчиден, жогорку жана атайын диний билимге ээ болушу; экинчиден, КРда катталган бир диний уюмга мүчө болушу. Булар болбосо, сизге даават кылууга дагы, амру маъруф ва нахий мункар кылууга дагы тыюу салынганы жатат. Негизи, даават, амру маъруф ва нахий мункар амалдары ар бир мусулмандын мойнундагы фарздар болуп, аны таштагандар – кудум намазды таштаган сыяктуу эле – күнөөкөр болушат.

Мисалы, сиз азыр көчөдөн тааныштарыңыз жолукса, аларга даават айта аласыз, ал эми бул берене болсо, буга тыюу салат. Же болбосо, сиз мас абалындагы досуңузга жолугуп калсаңыз, арактын арамдыгын айтып, аракты ташта деп, андан кайтара аласыз, аракты таштап намаз оку деп, жакшылыкка буюра аласыз. Ал эми бул берене ишке түшкөндөн кийин болсо, буларды кылышыңыз укук бузуулар кодексинде карала турган айып болуп калат. Дилинде динге душмандыгы бар көчөдөгү эң акмак бир паскеч да сиздин үстүңүздөн даттанып, сизди айыпка жыга ала турган болуп калат.

Бул пунктта дагы: ЖМК жана ар кандай интернет-ресурстар, соцтармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу насаат кылган дин ишмерлери жана дин кызматчылары диний уюмдун борбордук башкаруу органдарында акредитациядан жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органда эсептик каттоодон өтүшү керек, – деп айтылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, чиновниктер: “Биз дааватка каршы эмеспиз, үй кыдырып айткан ыкмага каршыбыз. Үй кыдыруу башка жарандардын укугуна доо кетирип коёт экен, ошондуктан, башка ыкмалар менен, мисалы, соцтармактардан даават кыла бериңиздер”, – дешкен. Бул пункттан алардын кандай алдаганы билинип калат. Бул пунктка ылайык, эми даават кылмакчы болгон ар бир жаран мурункудай болуп соцтармактардан чыга бере албайт. Анүчүн, ал жогорку жана атайын диний билимге ээ болушу керек болот, андан кийин муфтияттын аккредитациясынан о.э. дин комиссиясынын каттоосунан өткөн уюмга мүчө болушу керек болот.

Ушул эле пунктта дагы: диний муктаждыктарды канааттандыруу процессинде пайда болгон динге ишенгендердин суроолоруна (диний догмаларды жана канондорду түшүндүрүү) жооп берүүгө диний уюмдардын борбордук башкаруу органдарынын атайын ыйгарым укуктуу адистери гана укуктуу, – деп белгиленет.

Мисалы, сиз аккредитациядан жана каттоодон өткөн уюмдун мүчөсү болуп, интернеттен онлайн насаат кылып жатсаңыз, ушул учурда сизге суроо келип калса, билген маселеңиз болсо да жооп беришиңизге тыюу салынат. Анткени, сиз муфтият суроолорго жооп берүүгө дайындаган адам эмессиз. Фатвалар боюнча да ушундай. Негизи, шарият боюнча, сиз өзүңүз жакшы билген маселеде аалым эсептелесиз да, аны билбегендерге жеткирүү жана үйрөтүү мойнуңуздагы фарз болот.

Ушул беренедеги 2-пунктка ылайык, сиз насаатчы катары бир жылдан кийин эле кайра каттоодон өтүшүңүз керек. Б.а. жыл сайын кайра учетко катталышыңыз шарт экен. Демек, уруксат алып интернетке чыккандан кийин да бийликтин кызыкчылыгына каршы баян айта турган болсоңуз, ага берилген уруксатнаама Дин комиссиясы тарабынан тез арада чакыртып алынат же кийинки жылы насаат айтууга тыюу салынмакчы.

Мыйзам демилгечилеринин аны кубаттоо жана актоо үчүн айткан айрым кептери тууралуу

Бул мыйзамды дин иштер комиссиясы сунуштады. Бул дегени бийлик киргизди дегени эле. Жогоруда бул мыйзамдын максатын айрым беренелер мисалында ачыктадык. Анын Исламга каршы күрөш алкагында кабыл алынып жатканы ачык эле көрүнүп турат. Бирок, ушуга карабастан, бул мыйзамдын демилгечилери б.а. бийлик өкүлдөрү аны дале болсо тышы жалтырак сөздөр менен ороодон токтобой жатышат. Муну элдин исламий туйгусун терс мааниде козгоп албоо үчүн кылышууда. Мисалы, алар: Биз динге каршы чыккан жокпуз, тескерисинче, динге жардам берели деп жатабыз. Карасак, диний тармакта баш-аламандыктар бар экен, ошону тартипке салалы дедик. Ал үчүн, бардык мусулмандарды бир борборго – муфтиятка моюн сундурууга келиштик, – деп жатышат. Өзү бул сөз катардагы капиталисттик калптан башка нерсе эмес. Негизи, азыр эле эмес, тээ мурунтан эле мусулмандарды муфтиятка баш ийдирүү иш-чаралары жүрүп келет. Муфтияттын келип чыгуу тарыхы да өзү ушуну айтып турат. Колонизаторлор мусулман өлкөлөрүн басып алганда, мусулмандарды колонизаторлордун мыйзамдарына баш ийдире турган, аларга каршы чыгарбай турган, колонизаторлордун ар кандай чечимдерине шарияттан жол таап бере турган, мусулмандардын туйгусун болсо айрым бир жекече исламий амалдар менен сооротуп тура турган бир уюм түзүшкөн. Ал уюм – ушул муфтият. Аны түзүүдөн көздөлгөн максат азыр деле ошол бойдон. Муфтият үстүндө турган бийликтин да, бийликтин үстүндө турган колонизаторлордун да – бүт бардыгынын тең табияты да, максаттары да ошо-ошо бойдон.

Ушул орунда айта кетсек, бийлик: бул мыйзам Кыргызстандагы Исламдан башка дагы бардык диндерге каратылган, – деген маанини айтып, мыйзамдын Исламга каршы экендигин дагы да чүмбөттөп жатат. Мисалы, диний тармакта баш-аламандыктар көп экен, ошондуктан, алардын баарына башкаруунун борбордук органы болуш керек экен деп, муфтиятка өзгөчө көңүл буруп, бардык мусулмандарды анын өкүмү астына алып киргени жатат. Ушул эле учурда, бир эле христиан дининин бөлүкчөлөрү болгон православдык чиркөө, ар бир протестанттык уюм өз-өзүнчө конфессия катары каралып, алардын баары баш ийген бир борбордук  орган жок, ар бириники бөлөк-бөлөк. (Түпкүлүгүндө, империалисттер протестанттарды өлкөгө коомду бөлүп-жаруу максатында киргизишкен, алардын ар биринин өз-өзүнчө болушу да ушул максатка кызмат кылат).

Кыргызстан социализмден капитализмге өткөндөн бери да мамлекет динди дин комиссиясы аркылуу көзөмөлгө алып, муфтияттын “колу менен чок кармап” келүүдө. Бирок, мындай тоскоолдукка карабастан, мусулман калкыбыздын өз динине талпынуусу улам күчөп олтургандыктан, азыркы бийлик жана алардын кожоюндары дин үстүнөн көзөмөлдү дагы да күчөтүп, дагы да чоңураак тосуктарды коюу үчүн, бул мыйзам аркылуу диний комиссияны жана муфтиятты мурункудан да көбүрөөк күчтөндүргөнү жатат. Бирок, бул күчтөндүрүүнү да ар кандай жалтырак сөздөр менен актап жатат.

Президент жана анын светтик командасы о.э. аалымдар катышкан ушул мыйзам тууралуу талкууда: “Хизбут-Тахрир”, “Йакын” сыяктуу радикал уюмдарга камоолор менен каршы күрөшүү жакшы натыйжа бербейт экен. Эми, алар менен муфтият түшүндүрүү иштери аркылуу күрөшөт, – деген мааниде кептер айтылды. Бул дагы алдоо жана адаштыруучу кептен башка нерсе эмес. Эгерде ушул уюмдарга карата коюлган кылмыш-жаза кодексиндеги жазаларды жокко чыгарып, анан ушинтип айтканда жарашмак. Жана дагы, бул мыйзам коомдук талкууда турган учурдун өзүндө эле, тияктан Ички иштер министрлиги “экстремисттер”ге карата жазаны катаалдантуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштоодо.

О.э. чиновниктер: мамлекетке кооп туудурбашы үчүн диний тармак ушундай көзөмөлгө алынышы керек, – деп жатышат.

Негизи, Кыргызстандагы дин тармагында, чындыгында, мусулмандар тарабынан кооп-корунуч деле жок. Эгерде эле империалисттер таасир талашуу күрөштөрүндө, же бийликтер такты талашууда айрым мусулмандардын мазхабпарастыктарынан эле пайдаланып кетпесе, мусулмандар тарабынан – Ислам табиятына ылайык – андай коркунучтар жок. Мисалы, империалисттер өз ара колония талашууларында, жергиликтүү бийликтер болсо так талашууларында сепаратизм, улутчулдук, регионализм факторлорун атайын уюштуруу менен чыр-чатактарды чыгарышат. Мына ушулардын катарында, мазхабпарастыктан да пайдаланышат. Жана империалисттик максатта чыгарган уруштарын – регионалдык же жергиликтүү мазхабпарастык уруштары кылып көрсөтүп – элдин көзүнө парда тартышат. Мисалы, АКШ менен Британиянын таасир талашып чыгарган Иран-Ирак урушун шиа-суннийлер согушу кылып көрсөткөнү сыяктуу. Же Афганистандагы Талибан менен ИШИМ-Хурасан ортосундагы кагылыштарды суфий-салафий келишпөөчүлүктөрү кылып көрсөткөнү сыяктуу ж.б.

Азыр дүйнөнү империализм БУУ аркылуу бийлеп жатат дедик. Ушундан улам, дүйнөдөгү бардык окуу жайларынын программалары алардын саясатына ылайыкталып, ЮНЕСКО көзөмөлү астында түзүлөт. Ушулар катарында бардык өлкөлөрдөгү бардык диний окуу жайлардын программалары да ушундайча түзүлөт. Маселен, ал окуу жайлардагы билимдер мазхабпарастыкка багыттап берилет. Ошондуктан, ошол окуу жайлардан окуп келген “аалымдар” жана алардын ээрчүүчүлөрү өз ара мазхабпарастык негизинде талашып-тартышып жатканын көрөсүз. Мисалы, Кыргызстанда “байпакка масих тартуу” маселеси салафий туугандар менен башкалардын арасында бүтпөс-түгөнбөс тема бойдон калып келүүдө. Негизи, бул темага чыныгы Исламий көз караштан жандашканда, анда бул маселе мындагы мусулмандар үчүн таптакыр талкуу темасы болмок эмес. Анткени, Исламдагы рай түшүнүгүнө ылайык, ким кайсы райга ээрчисе, ал үчүн ошол чечим шарий өкүм болуп калат. (Биерде бир шарт бар, ал шарт – ушул берилген чечим мужтахид ижтихад кылган шаръий рай болушу керек). Б.а. ким байпакка масих тартса болот деген райга ээрчисе, ал үчүн бу шаръий өкүм болуп калат, аны кылса күнөөкөр болбойт. Ага башка мусулмандар – шаръий өкүмгө баш ийип жашап жатат деген назарда – урмат менен кароолору керек. Ал эми, байпакка масих тартса болобу же болбойбу деген маселе мужтахиддер арасында хикматтуу талкуу менен т.а. шаръий далилдер менен талкууланат. Мына ушул империалисттер тыгыштырган мазхабпарастык эмес, Ислам талаптарынын бири болгон мазхаб кармануучулукка туура келет.

Эгерде колонизаторлор же аларга кызмат кылып жаткан биздин акимдер мазхабпарастыктан өз кызыкчылыктары жолунда пайдалануу үчүн аны ишке салышпаса эле, мусулмандар арасында бул жаатта эч кандай чыр-чатактар болбойт. Ал тургай, атайлап өз ара тытышууга тукурулуп жаткан чакта да, мусулмандар буга этият мамиле жасап, чоң жаңжалдардан өздөрүн алыс кармоого аракет кылып жатышат. Ал эми, Кыргызстандагы бийликтин жана муфтияттын “Ханафий мазхабын” бетке кармоосу – бул колонизаторлор тыгыштырган мазхабпарастыкты ишке салуудан башка нерсе эмес.

Мунун каршысында, колонизатолор жана жергиликтүү бийликтер мусулмандарды “салттуу исламчылар”, “мээлүүн исламчылар”, “радикалдар”, “экстремисттер” деп бөлүп, бири-бирине кайраштырууда. Анан аларды динчилдер арасын бөлүп-жарат деп айыпташууда. Мисалы, Кыргызстанда “Таблиг” жамааты иш алып барар эле жана ал уюмдун жактоочулары арасында бирер жаңжалды көргөн эмеспиз. Кийин мамлекет бир чектөөлөрдү киргизди да, ага моюн сунбагандарды ажыратып, ага “Йакын инкар” деп ат коюшту. Мына ушундан кийин, мурун алар менен бир сапта жүргөн эле бурадарлары аларды токмоктой турган болушту, көпчүлүк имамдар болсо мечитттерден кууп чыгышты.

Негизи, мусулмандар арасындагы Хизб, Ихван, Нуржу, Таблиг ж.б.у.с.лар мусулмандар ортосундагы бөлүнүп-жарылууну көрсөтпөйт. Ошондуктан да, дүйнөнүн бардык бурчтарындагы өлкөлөрдө Хизб мүчөлөрү бар, Ихвандыкы да ушундай, башкалардыкы да. Алар Ислам негизинде түзүлгөн партия же жамааттар. Ал эми, мусулмандардын Саудия, Египет, Түркия, Пакистан, Өзбекстан, Кыргызстан ж.б.у.с. мамлекеттерге бөлүнүшү – мына ушул чыныгы бөлүнүп-жарылуунун көрүнүшү. Андагы мусулмандар бул колонизаторлор чийип берген чегаралар үчүн бири-бири менен согушушат, бул чегаралардан тышкарыдагы мусулмандарга чыныгы бир туугандарча жардам бербейт, мисалы, Газадагы абалга караңыз…

Тыянак ордуна

Бул мыйзам долбоору Кыргызстандагы мусулмандар үчүн Аллахтын сыноолорунан бир сыноо болуп турат.

Аллах Таала айтат:

«Же силерден мурунку өткөнкөндөрдүн өрнөгү силерге келбей туруп бейишке кирүүнү ойлодуңарбы? Аларга балээ жана мусибаттар (катар-катар) келе бергендиктен, алар ыргылжың болуп калышты, ал тургай пайгамбарлар жана муминдер: Аллахтын нусраты качан келет? дешкен эле. (Ошондо) аларга мындай жооп болду: «Билип койгула, Аллахтын нусраты жакын» [2:214]

Бул сыноодо ар ким, ар бир тарап мүмкүнчүлүгүнө, жөндөмүнө жараша Аллахтын алдында жооп берет.

Айрымдар айтышат: Бийликтегилерди да каафир кожоюндары мажбурлап жатышат, – деп. Ооба, ошондой болушу ыктымал. Бирок, бул дегени мажбурласа эле кыла берсе болот дегенди билдирбейт. Шариятка кайрылыш керек. Мына ушундай дааватты, амру маъруф ва нахий мункарды тыюу сыяктуу иштер атайлап кылынса, аны кылгандар куфр ишин кылган болот. Мажбурлоого баш ийип кылса, фаасыктык кылган болот. Мажбурлоого каршы чыкса, мындай мункар иштерди аткаруудан баш тартса, үлкөн ажр-сыйлыктарын алат, иншаАллах.

إِنَّ الَّذِينَ قَالُوا رَبُّنَا اللَّهُ ثُمَّ اسْتَقَامُوا تَتَنَزَّلُ عَلَيْهِمْ الْمَلَائِكَةُ أَلَّا تَخَافُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَبْشِرُوا بِالْجَنَّةِ الَّتِي كُنْتُمْ تُوعَدُونَ(30)نَحْنُ أَوْلِيَاؤُكُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَفِي الْآخِرَةِ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَشْتَهِي أَنفُسُكُمْ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَدَّعُونَ(31)

  1. Албетте: «Роббибиз Аллах», – деп, андан соң (Жалгыз Аллахка таат-ибадат кылууда) туура туруктуу болгон заттардын алдыларына (өлүм убагында) периштелер түшүп, (айтышат): «Коркпогула жана кайгы чекпегиле. Силерге убада кылынган жаннаттын сүйүнчү кабары менен шаттангыла! 31. Биз дүйнө тирүүлүгүндө да, Акыретте да силердин досуңарбыз. Силер үчүн (бейиште) көнүлүңөр көксөгөн нерсе бар жана силер үчүн ал жайда өзүңөр каалаган нерселер бар. (Фуссилат)

Момундардын, айрыкча, аалымдардын мындай мункарды кылуучуларды нахий мункар кылып, маъруфка буйруусу фарз. Ошондо алар пайгамбарлардын мураскорлору болушат.

العلماء ورثة الأنبياء، وإن الأنبياء لم يورثوا ديناراً ولا درهما، وإنما ورثوا العلم، فمن أخذ به أخذ بحظ وافر

“Аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору. Пайгамбарлар мураска динар же дирхам калтырган жок, (алар) илимди мураска калтырышты. Кимде-ким аны алса, көп насибе алыптыр.

Жогоруда Муфтият тууралуу айтып өткөн элек. Бирок, бул дегени ал жерде бүт эле фасыктар олтурат дегенди түшүндүрбөйт. Ошол орундан пайдаланып, динге кызмат кылып калалы дегендери да бар. Маркум Чубак ажы муфтиятта иштеп туруп эле кандай гана акыйкаттарды айтпады, кандай гана тикесинен тик туруп күрөшпөдү, Аллах устазды Өз рахматына алган болсун, акыретте пайгамбарлар, сыддыктар менен бирге кылсын. Чубак устаздай болуп, азыркы муфтияттагылар да акыйкатты айта алышса, орундарын жакшылыкка пайдаланган болушат да, ажр-сыйлыктарын алышат, иншаАллах.

: بدأ الإسلام غريبًا وسيعود غريبًا كما بدأ فطوبى للغرباء، قيل يا رسول الله من الغرباء؟ قال: الذين يصلحون إذا فسد الناس وفي لفظ يصلحون ما أفسد الناس من سنتي، وفي لفظ: يحيون ما أمات الناس من سنتي

“Ислам гариб болуп башталды жана дагы гарибдикке кайтат. Гарибдерге Тубаа жаннаты болсун”. Яа  Росулуллох, гарибдер кимдер? – деп суралды. “Адамдар бузуп кеткенде оңдой тургандар”. Дагы бир риваятта: суннатымды бузганда аны оңдой тургандар деди. Дагы бир риваятта: адамдар суннатымды өлтүрүшкөндө, аны тирилте тургандар деп жооп берди. (Муслим риваяты).

Муфтияттагылардын акыйкатка карай жүрбөгөндөрүнүн жамандыгынан Аллахтан баанек сурашыбыз керек.

Анас tдан кылынган риваятта Пайгамбар r мындай деген: «Акыр заманда каарылардын курттары болот. Ким ошол заманга жетип барса, ташбараң кылынган шайтандан жана ошолордон баанек сурасын. Алар сасыктар. Кийин селде-чапандар пайда болот. Ал күндө риядан уялынбайт. Ал күндө динди бекем кармаган адам чокту кармаганга барабар болот. Динин бекем кармагандын сообу элүү кишинин сообундай болот». «Бизден элүү кишининби же өздөрүнөнбү» деп сурашты. «Силерден» деп жооп берди Пайгамбар r».

Талкуубуздун акырында тарыхтан бир риваятка назарыңыздарды бурмакчыбыз.

Аббасий халифа аль-Мансурдун доорунда Дамаск умавийлерден тартып алынган. Ага халифтин абасы Абдуллах жетекчилик кылып, кыргын да кылган. Абдуллах элдин алдына чыгып: “Мага каршылык билдирүүчүлөр барбы?” – деп сурайт. Ошондо жанындагылар: “Жок, бирок, билдирсе бир Авзааий билдирет” дешет. Авзааий ошол кездеги машхур аалымдардан эле. Султан Авзааийди чакыртат. Аскерлер алып кеткени келгенде, Авзааий: “Хасбуналлох ва ниъмал вакил (Аллахтын Өзү жетиштүү жана Ал эң жакшы өкүл) – деп – мени бир аз күтүп тургула”, – дейт. Анан гусл алып, кийиминин ичинен кепинин да кийип, султандын алдына жөнөйт. Жолдо баратып өзүнө-өзү: Эй Авзааий, азыр сага акыйкат сөздү айтуунун убагы келди. Аллах жолунда малаамат кылуучунун малааматынан коркпо, – дейт. Кирип барса, эки сап тандалма аскерлер бетме-бет тизип коюлуптур. Кылычтарын сууруп, көтөрүп алышкандан, баса турган жолу коридор болуп калыптыр. Ошентип, султандын алдына жеткенче кылычтар саясы астында барыптыр. Султан болсо, бир колунда таягын кармап, тактысында каардуу олтурат. Андагысын Авзааий минтип айтат: “Оюма үй-бүлөм да, мал-дүйнөм да келген жок, Рахмандын Аршын, эсеп-китеп күнүндө адамдар менен жекеме-жеке турушун эстедим”, – дейт. Султан каардуу жүзү менен: Эй Авзааий, биз төккөн кандар тууралуу эмне дейсиң? – деп сурайт. Авзааий: Ибн Масъуд Расулулла Aдын мындай дегенин айткан:

«لاَ يَحِلُّ دَمُ امْرِئٍ مُسْلِمٍ يَشْهَدُ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ، وَأَنِّي رَسُولُ اللهِ إلاَّ بِإِحْدَى ثَلاَثٍ: الثَّيِّبُ الزَّانِي، وَالنَّفْسُ بِالنَّفْسِ، وَالتَّارِكُ لِدِينِهِ الْمُفَارِقُ لِلْجَمَاعَةِ»

«Аллахтан башка илах жоктугуна, менин Аллахтын Расулу экендигиме күбөлүк келтирген мусулман кишинин каны халал эмес. Болгону үч адамдыкы мындан тышкары: Турмуш курган зынакер эркек же аял, (өч алууда) жанга жан, (мусулмандар) жамаатынан бөлүнүп чыгып, динден чыккан адам».

Эгер сен өлтүргөн кишилер ушулардан болсо, туура кылыпсың. Эгер алардан болбосо, алардын каны сенин мойнуңда», – дейт. Ошондо султан ачууланып, колундагы таягын ыргытып жиберет. Авзоий таяктын ордуна кылычтын көтөрүлүшүн күтүп, селдесин чечип, башы кетишин күтүп калат. Ал тургай, тиякта турган вазирлер да кан чачырашынан этияттанышып, кийимдерин кымтынып калышат. Султан кайра: Биз тартып алган мал-мүлк туурасында эмне дейсиң? – деп сурайт . Авзааий: «Малдар эгер халал болсо – эсеп, харам болсо – жаза!!!» – дейт. Султан: Мына бул бадраны ал, – деп, алтын толо баштык берет. Ошондо Авзааий чыгып баратып, тиги каз-катар тизилген аскерлердин башынан ылдый алтын чачып кете берет, андан кийин бошогон баштыкты ыргытып жиберет да, тышка чыккандан кийин: «Хасбуналлох ва ниъмал вакил, биз муну кирип баратып да айттык, чыгып баратып да ушуну айттык» – дейт…

Аллах таала айтат:

«Аларга – Аллахтын ниъматы жана фазли менен – жамандык жетпестен кайтышты. Алар Аллахтын ыраазылыгын эңсешти, Аллах улуу фазл ээси»                                                                                                          [3:174]

  Хизбут Тахрир Кыргызстан

turkistonkg

Recent Posts

1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт

1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдор үчүн автоунаа ээлери май куйганда…

19 hours ago

Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

ДАЮС жаннатка кирбейт

ДАЮС жаннатка кирбейт وعن عمار رضي الله عنه أنه عليه الصلاة والسلام قال :( ثلاثة…

4 days ago

Жергиликтүү шайлоо: Калк демократиядан баш тартууда

Жергиликтүү шайлоо: Калк демократиядан баш тартууда Кыргызстанда 17-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо…

4 days ago

Жаратканга күнөөкөр болууда макулукка моюн сунуу жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жаратканга күнөөкөр болууда макулукка моюн сунуу жок Урматтуу бир…

5 days ago

Индонезиядагы саясий окуялар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Индонезиядагы саясий окуялар Суроо:  2024-жылдын 20-октябрында мурдагы генерал Прабово Субианто (73…

7 days ago