Макала

Жаратканга күнөөкөр болууда макулукка моюн сунуу жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Жаратканга күнөөкөр болууда макулукка моюн сунуу жок

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Имам Ибн Маажа өзүнүн “Сунанында” айтат:

عن أبي سعيد الخدري: أن رسول الله صلى الله عليه وسلم بعث علقمة بن مجزِّز على بعث وأنا فيهم، فلما انتهى إلى رأس غزاته أو كان ببعض الطريق، استأذنته طائفة من الجيش، فأذن لهم وأمَّر عليهم عبد الله بن حذافة بن قيس السهمي، فكنت فيمن غزا معه فلما كان ببعض الطريق أوقد القوم نارا ليصطلوا أو ليصنعوا عليها صنيعا، فقال عبد الله وكانت فيه دعابة: أليس لي عليكم السمع والطاعة؟ قالوا: بلى، قال: فما أنا بآمركم بشيء إلا صنعتموه؟ قالوا: نعم. قال: فإني أعزم عليكم إلا تواثبتم في هذه النار، فقام ناس فتحجزوا فلما ظن أنهم واثبون قال: أمسكوا على أنفسكم فإنما كنت أمزح معكم، فلما قدمنا ذكروا ذلك للنبي صلى الله عليه وسلم، فقال رسول الله صلى الله عليه وسلم: “من أمركم منهم بمعصية الله فلا تطيعوه“.

Абу Саид аль-Худри риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Алкама бин Мужазиз башчылыгындагы топту жортуулга жөнөттү. Мен да алардын арасында болчумун. Жортуул башталганда аскерлердин бир тобу андан уруксат сурады.  Мужазиз аларга уруксат берип, Абдуллах бин Хузафа бин Кайс Ас-Сахмийди аларга башчы кылып дайындады. Аны менен жортуулду уланткандардын арасында мен да бар элем. Жолдо баратканда аскерлер жылынуу үчүн жана бир нерсе бышыруу үчүн от жагышты. Абдуллах айтты (ал тамашакөй болчу): Мени угуп, баш ийишиңер керек эмес беле? Алар: ооба, – дешти. Ал айтты: Мен силерди эмнеге буйурсам аны кылышыңар керек эмеспи? Алар: Ооба, – дешти. Ал айтты: Мен силерди бул отко секиргиле деп чечтим. Анан айрымдары туруп жөнөшкөндө аларды кармап калышты. Алардын чын эле отко секирүү ниетин байкаганда айтты: Өзүңөрдү кармагыла, анткени мен силерди тамашалаган элем. Биз Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)га барганыбызда алар Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)га болгон окуяны  айтышты. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Алардын (амирлер) кимиси силерди Аллахка күнөөкөр болууга буйруса, ага баш ийбегиле”.

Урматтуу бир туугандар!

Бул окуя Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын: “Жаратканга күнөөкөр болууда жаратылганга моюн сунуу жок” деген хадисин тастыктап турат. Бул хадиске азыркы күндө биз канчалык муктаж экенибизди айтуунун да кажети жок! Өзгөчө акимдердин жүзү ачыкка чыккандан кийин учурда бул хадисти өзүбүзгө колдонуунун зарылчылыгы дагы да артты. Учурда мусулмандардын үстүндөгү эч бир акимге баш ийүү жок. Ошондой эле, сөзү Аллахтын буйруктарына жана тыюуларына карама-каршы келген бир да аалымга моюн сунуу жок. Ал эми, Кимдин сөзү Аллах Тааланын сөздөрүнө жана Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам)дын сөздөрүнө дал келсе, ал эфиопиялык кул болсо да, ага  итаат кылуу моюн сунуу боюнча калат.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сизерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге  Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 9-жуммаду уула.

2024-ж, 11-ноябрь.

turkistonkg

Recent Posts

1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт

1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдор үчүн автоунаа ээлери май куйганда…

18 hours ago

Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

ДАЮС жаннатка кирбейт

ДАЮС жаннатка кирбейт وعن عمار رضي الله عنه أنه عليه الصلاة والسلام قال :( ثلاثة…

4 days ago

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты Азыр бүткүл дүйнө боюнча капитализм колдонулуп…

4 days ago

Жергиликтүү шайлоо: Калк демократиядан баш тартууда

Жергиликтүү шайлоо: Калк демократиядан баш тартууда Кыргызстанда 17-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо…

4 days ago

Индонезиядагы саясий окуялар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Индонезиядагы саясий окуялар Суроо:  2024-жылдын 20-октябрында мурдагы генерал Прабово Субианто (73…

7 days ago